Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Бишкек: акимчиликтин кызматкери бала асыроого байланыштуу пара алган деп шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бала асырап алуу ишине көмөк көрсөтүү убадасын берген акимчиликтин кызматкери кармалганын "Азаттыкка" Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектеги акимчиликтин биринде иштеген кызматкер бала асырап алуу ишине жардам берүүнү убада кылып, шаар тургунунан 3 миң доллар сураган. Акчасын алып, убадасын аткарбай койгонун айтып, ал жаран 6-октябрда милицияга кайрылган.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында 59 жаштагы И.Д аттуу жаран кармалып, Октябрь райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Шектүү жана анын адвокаттары комментарий бере элек. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG