Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Токаев Назарбаевди Азиядагы уюмдун Аксакалдар кеңешинин төрагалыгына сунуштады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана биринчи президент Нурсултан Назарбаев Нур-Султан шаарындагы экономикалык форумда, 16-май 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана биринчи президент Нурсултан Назарбаев Нур-Султан шаарындагы экономикалык форумда, 16-май 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин жаңы түзүлгөн Аксакалдар кеңешинин төрагалыгына Нурсултан Назарбаевди сунуштады. Бул тууралуу Токаев кеңештин делегацияларынын Нур-Султан шаарындагы жыйынында айтканын "Акордонун" расмий сайты кабарлады.

"Биринчиден, Аксакалдар кеңешинин төрагалыгына Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин негиздөөчүсү, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин талапкерлигин көрсөтүү – мен үчүн чоң сыймык", - деп билдирди Токаев.

Кеңештин 12-октябрда өткөн жыйынына Бахрейндин, Беларустун, Индиянын, Катардын, Кыргызстандын, Монголиянын, Орусиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышты.

Токаев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары жөнүндөгү кеңешти эл аралык уюмга айландыруу керек экенин кошумчалады.

Бул кеңеш – Азия чөлкөмүнүндөгү коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга чакырган, континенттеги мамлекеттердин кызматташтыгын арттырууну көздөгөн форум катары мүнөздөлүп келет. Аталган кеңешти түзүү идеясы Нурсултан Назарбаевге таандык. 27 мамлекет мүчө болгон бул кеңештин алгачкы жыйыны 2002-жылы өткөн.

XS
SM
MD
LG