Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Түркияда кыргызстандык келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

12-октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 31 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы өлтүрүп, денесин бөлүп, таштандыга ыргытып жибергенин жергиликтүү "Демирөрен" кабар агенттиги кабарлады.

Кыргызстандык келиндин эки баласы бар экени, окуя болгон түнү күйөөсү жумушта болгону айтылды. Стамбулдагы Башкы консулдук Текирдаг аймагына кызматкерлери кеткенин, үрөй учурган окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Басылма жазгандай, полиция шектүүгө "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козгоп, камакка алган.

Түркиянын ишки иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкөдө 300 аял өлтүрүлгөн. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келиндер экени айтылбайт.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет. (ElB)

XS
SM
MD
LG