Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Москвада COVID-19га чалдыккан окуучулардын саны өстү


Москвадагы мектептердин бири. 18-январь, 2021-жыл.
Москвадагы мектептердин бири. 18-январь, 2021-жыл.

Орусиянын баш калаасы Москвада акыркы эки апта ичинде COVID-19га чалдыккан мектеп окуучуларынын саны 42 пайызга, ал эми акыркы бир ай ичинде 2,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу шаршемби күнү Москванын мэринин орун басары Анастасия Ракова билдирди. Анын айтымында, соңку бир айда орус баш калаасында коронавирустун жаңы түрлөрүн жугузуп алган 280 мектеп окуучусу ооруканага жаткырылды.

Азырынча Москванын бийлиги мектептерди аралыктан билим берүү тартибине өткөрө элек. Кеминде 10 мектепте окуучуларды экспресс-тесттен өткөрүү боюнча долбоор иштей баштады. Ага ылайык, ар бир эки жума сайын 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар жана мектепке чейинки бала бакчалардын тарбиялануучулары коронавируска каршы текшерүүдөн өтөт.

12-октябрда Орусияда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын бир күндүк көрсөткүчү мурда болуп көрбөгөн чекке жеткен. Ал күнү өпкөнү сезгенткен коронавирустан 973 бейтап көз жумганы ырасталды.

Адистер Орусияда коронавируска каршы эмдөө солгун жүрүп жатканын айтып келишет. Өткөн аптада вице-премьер-министр Татьяна Голикова оурсиялыктардын 29% гана толук эмделгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG