Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Тажик президенти Эмомали Рахмон Парижге барды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Париж аэропортунда. 12-октябрь, 2021-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Париж аэропортунда. 12-октябрь, 2021-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Белгиядагы расмий сапарын аяктап, 12-октябрда Брюсселден Парижге барды. Тажик лидеринин басма сөз кызматы билдиргендей, расмий сапардын алкагында Рахмон президент Эммануэль Макрон баштаган француз жетекчилери менен жолугат.

Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын бийликке келиши менен коштолгон соңку кырдаал Париждеги сүйлөшүүлөрдө башкы тема болору күтүүдө.

Эмомали Рахмон Европага сапарынын алдында Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо комитети Европарламенттин жетекчилигине кайрылуу жолдоп, оппозициянын алты талабын тажик президентине жеткирүүнү өтүнгөн. Укук коргоочулар Европа Биримдигинен Рахмонду саясий туткундарды куугунтуктоону токтотууга, аларды түрмөдөн бошотууга, саясий партиялардын эркин иштөөсүнө уруксат берүүгө, ооган качкындарын өлкөгө киргизүүгө чакырууну өтүнүшкөн.

Рахмондун Белгия жана Франциядагы сапары учурунда бозгунда жүргөн тажик оппозициячылары Тажикстан бийлигинин саясатына каршы нааразылык акцияларын уюштурушту.

Тажикстандын президентинин 11-октябрда башталган Европа өлкөлөрүндөгү расмий сапары 14-октябрга чейин уланат. Бул Рахмондун коронавирус пандемиясы башталгандан берки Европадагы алгачкы сапары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG