Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:52

“Дөө Чыңгыздын” абак жазасы: укук жана таасир


Жумагуловду кармоо учуру. 11-апрель, 2019-жыл. Укук коргоо органдарынын сүрөтү.
Жумагуловду кармоо учуру. 11-апрель, 2019-жыл. Укук коргоо органдарынын сүрөтү.

“Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов 10-июлда камактан бошотулду. Жаза аткаруу кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн эркиндикке чыкканын билдирди. Беш жылга кесилген кылмыш чөйрөсүнүн активдүү мүчөсүнүн эки жылда камактан чыкканы түрдүү сөздөргө жем таштады.

Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип 2019-жылы кармалган Чыңгыз Жумагулов “Бейбаштык” беренеси менен беш жылга камалган. Эки адамдын өлүмү боюнча ишти Жумагулов менен кошо кармалган эки адам моюнуна алган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын айтууда. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелген.

Бирок Жаза аткаруу кызматы Чыңгыз Жумагулов канча күн тергөө абагында жатканын тактаган жок. Ал 2019-жылы апрель айында камакка алынса, июнда 47-колонияга которулуп, дарыланып жатканы гана белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Чыңгыз Жумагулов түрмөдөн чыккандан кийин ИИМге чакыртылып, профилактикалык иштер жүргүзүлгөнүн билдирди.

“Чыңгыз Жумагулов түрмөдөн чыккандан кийин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына профилактикалык сүйлөшүүгө чакыртылды. Анын жүрүм-туруму толугу менен көзөмөлдө болот. Бизде көзөмөлдөөнүн бир топ жолдору бар, бүгүнкү күндө анын кыймыл-аракети толук көзөмөлдө”.

Эки жылдан ашык отурбаган “Дөө Чыңгыз”

Чыңгыз Жумагуловго 2016-жылы "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылып, райондук сот аны 18 жылга эркинен ажыраткан.

Ошол жылы апрель айында Бишкекте Чүй - Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр бишкектик тургундун автоунаасын аткылап, айдоочуну жарадар кылган. Ал киши ооруканага жеткирилип, аман калган.

Бирок шаардык сот анын жазасын 13 жылга, Жогорку сот дагы жети жылга кыскартып, Жумагулов 2018-жылы январда мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен эркиндикке чыгып кеткен.

18 жылга кесилген кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүнүн эки жылдан кийин абактан бошоп кетиши резонанс жаратып, коомчулуктун нааразылыгынан кийин беш күн өтпөй кайра камалган.

Бирок Жумагулов ал жолу дагы абакта көп отурган эмес. Бир жылдан кийин, 2019-жылы февраль айында шарттуу түрдө бошотулган.

Эки айдан кийин 2019-жылы 10-апрель түнү Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин алдына белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини таштап кетишкен.

Экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Милиция бул ишке шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Марсбек Тентиев, Илияз Айдекеев жана “Дөө” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду кармаган. Каза болгондор да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган.

Сот Жумагуловду 2020-жылы июнда “Бейбаштык” беренеси менен күнөөлүү деп таап беш жылга эркинен ажыраткан. Мыкаачылык менен сабалып, каза болгон эки адамдын ишин Марсбек Тентиев менен Илияз Айдекеев мойнуна алып, 13 жылга кесилген.

Милициянын ардагери, мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жаза мөөнөтү мыйзамсыз кыскартылган учур көп экенин белгиледи.

“Мен парламентте тармактык комитетти жетектеп турганда сот 17 жылга кесилген Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн 3 жылда чыгарып жиберген. Биз комитетте көтөргөндөн кийин кайра камашкан. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү “телефон чалуу” менен же акчанын күчү менен чыга беришет. Чыңгыз Жумагуловго сот 2020-жылы беш жыл бериптир. Беш жыл болдубу же жокпу, карап чыгыш керек. Мөөнөтүн өтөп чыкса маселе эмес, эгер алдоо болсо Жаза аткаруу кызматындагы буга катышы бар адамдар сот жоопкерчилигине тартылышы керек”.

Чыңгыз Жумагуловдун аты 2017-жылы өткөн президенттик шайлоонун алдында Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу аталган. Ал камакка алынганда ошол учурда түрмөдө жаткан Жумагулов менен Улан Барчакеев аттуу адамдардын "телефон аркылуу сүйлөшүүсү" деген аудио интернетке жарыяланган. Анда "Исаев балдарды топтоп, Чүй облусунда башаламандык уюштуруу максатында ири суммада акча таратып жатат" деген мазмундагы сөздөр айтылган.

Бул иш боюнча камалып чыккан Канат Исаев муну ошол кездеги бийликтин чагымы катары сыпаттаган.

Чыңгыз Жумагуловдун аты 2020-жылы октябрь окуяларында да аталган. Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев “Азаттыкка” октябрь окуяларында криминал бийликти колго алууга аракет кылганы жөнүндө маалыматы болгонун билдирген.

“Мен айтып жаттым. "Аянтта кылмыштуу топтун мүчөлөрү жүрөт" деп. Уюшкан кылмыштуу топтун "Дөө Чыңгыз" деген лидери таасирин көрсөткүсү келип жатканын айттым. Бирок мен координацияда турганда Камчы Көлбаев киришпей калды. Анткени, биз алардын жолун буудук. Бирок алардын атынан башка топтор иштегенге аракет кылды. Алар бийликке умтулушту”.

Чыңгыз Жумагуловдун абактан бошотулушун күздө өтүүчү парламенттик шайлоо менен байланыштыргандар да чыгат. Алардын бири - журналист Семетей Талас уулу.

“Шайлоо болобу же башаламандык болобу криминалдык дүйнөгө байланышкан жигиттер, криминалдык дүйнө чечүүчү күчкө ээ. Булар 90-жылдардагы кокту-колотто ар кимди тоноп жүргөндөр эмес, азыр криминалдык топ синдикат болуп калган. Капиталы бар, бийликте адамдары, бийликке таасири бар. Криминалдык дүйнөдөн мафияга өтүп кетишкен. Чыңгыз Жумагуловду күздө бир нерсе болуп кетсе "Чүйдүн жогорку зонасындагы балдар менен сүйлөш" деп чыгарса керек. Булардын шайлоодо жана башка иштерде орду бар. Криминал менен күрөшүүнүн имитациясы гана бар”.

Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик уюшкан кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш жүрө турганын билдирип келет. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кызматка жаңы келгенде мындай жарыя кылган.

“Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла!”.

Октябрь окуяларынан кийин "кримтөбөл" атыккан Камчы Көлбаев кармалып, мартта тилкат менен кайра бошотулган. УКМК Көлбаев мамлекетке 50 млн. сом төгүп чыкканын маалымдаган.

Атайын кызмат февраль айында криминалдык топтун дагы бир мүчөсү Кадыр Досоновду кармаган. Ал учурда тергөө абагында. Досоновго Жазык кодексинин бир нече беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталган.

“Дөө Чыңгыз” каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов 40 жашта. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени айтылып келген. Ички иштер министрлиги ал кылмыш чөйрөсүндө эч кандай статусту ээлебейт деп эсептейт.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG