Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Садыр Жапаров: Жаңы өкмөт туруктуу жана узак иштейт деп ишенем


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров жаңы куралган өкмөт туруктуу жана узак иштейт деп ишенет. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-октябрда парламентте өкмөттүн курамы бекитилгенден кийинки сөзүндө айтты:

“Кудай буюрса бул өкмөт туруктуу иштейт деп ишенем. Мүмкүн болушунча узак убакыт иштеши керек деген ойдомун. Анткени эгемендик алган 30 жыл ичинде 35ке жакын өкмөт алмашып кетти. Бул ар бир өкмөттүн иши алдыга жылбай, бир эле орунда турду дегенди билдирет”.

11-октябрда президент өкмөттүн жаңы курамы жана түзүлүшү тууралуу мыйзамга кол коюп, 12-октябрда Министрлер кабинетин кызматтан алган. Жаңы курам бүгүн парламентте талкууланды, ага 87 депутат колдоп добуш берди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG