Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

УКМК кызматкеринин зомбулугуна кабылганын айткан журналист маселеси парламентте айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Али Токтакунов МедиаХабынын” журналисти кабылган зомбулук маселеси бүгүн 13-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Наталья Никитенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кабарчы кызга зомбулук көрсөткөн адам өзүн УКМК кызматкери деп тааныштырганын, бул иш сөзсүз иликтениши керектигин айтты:

"Эгер ал чын эле УКМК кызматкери болсо, эркек катары да, офицер катары да ошондой агрессия көрсөткөнү туура эмес. Иш сөзсүз иликтениши керек".

Ташиев УКМК кызматкери “эч качан андай ишке барбай турганын” айтып, “Журналистке айтып коюңуз, мага кайрылсын, эртең эле иликтеп чыгам” деп жооп берди.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов 12-октябрда “Фейсбуктагы” баракчасына жазгандай, кабарчы кыз белгисиз бирөөнүн зомбулугуна Бишкектеги кафелердин биринде туш болгон. Өзүн “УКМКда иштейм” деп тааныштырган адам аны сүрөткө тартып алганда кыздын колунан телефонун жулуп алууга аракет кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG