Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Акылбек Жапаров президенттин администрациясын да жетектейт


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 13-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, Акылбек Жапаров мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ал Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрация жетекчиси болуп дайындалды.

Жапаров 12-октябрда "Инстаграм" социалдык тармагындагы расмий баракчасына жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин курамы тууралуу билдирүү тараткан. Анда ал кабинеттин жаңы төрагасы Акылбек Жапаровдун ар бир кадамын жеке өзү көзөмөлдөй турганын жазган.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берди.

11-октябрда Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрдү. Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG