Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

АКШ менен Орусия элчиликтер боюнча мунасага келе алган жок


Виктория Нуланд орус Тышкы иштер министрлигиндеги сүйлөшүүдөн кийин. Москва, 12-октябрь 2021-жыл
Виктория Нуланд орус Тышкы иштер министрлигиндеги сүйлөшүүдөн кийин. Москва, 12-октябрь 2021-жыл

Орусия жана АКШнын жогорку расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү пайдалуу болду, бирок элчиликтердин кызматкерлери боюнча талаш чечилген жок. Бул тууралуу тараптар 12-октябрда Москвадагы жолугушуудан кийин билдиришти. Ошондой эле, Борбор Азиядагы базаларды пайдалануу маселеси сөз болду.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланд президент Жо Байдендин администрациясынын эки өлкө ортосундагы алака-катнашты оңдоо аракеттеринин алкагында орус башкалаасында 3 күндүк визит менен жүрөт.

"Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен Нуланддын туруктуу форматтагы кездешүүлөрү мүмкүн эмес го. Экинчи жагынан алакаларды калыбына келтирүү үчүн алгачкы кадамдар жасалууда. Бул позитивдүү көрүнүш. Көптөгөн пикир келишпестиктер кала бергени менен биз мындай карым-катнаштарды кубаттайбыз", - деп билдирди 12-октябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

2014-жылы Орусия кошуна Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасста орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөр ортосунда уруш тутангандан кийин Вашингтон менен Москва ортосундагы мамилелер кескин бузулган.

Тараптар бири-биринин дипломаттарын өз өлкөлөрүнөн чыгаруу, консулдуктарды жабуу өңдүү кадамдарга чейин барышкан. Быйыл жыл башында Орусия АКШ элчилигине чет өлкөлүк жарандарды жумушка алууга тыюу салды. Американын Москвадагы элчиси кызматкерлер жетишпей, виза берүү иштери көп учурда аткарылбай жатканын эскерткен.

Нуландга чейин бир топ жылдардан бери Орусияга АКШнын мындай жогорку деңгээлдеги расмий өкүлү бара элек болчу.

Сергей Рябков
Сергей Рябков

Шейшембиде дипломат орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен жолугушту. РИА Новости жана ТАСС маалымат агенттиктери анын “тараптардын позициялары анча дал келбейт. Америкалыктар биздин логикага, талаптарыбызга кулак салгысы жок, бирок диалог пайдалуу болду”, - деген сөздөрүн келтирди.

Ал ошондой эле, Ооганстандагы кырдаалга байкоо салып туруу үчүн Борбор Азиядагы базаларды пайдалануу маселеси талкууланганын, Москва бул идеяга каршы экенин кошумчалады.

“АКШ аскерлеринин Борбор Азияда жайгашышы Орусия үчүн кабыл алынгыс”, - деп билдиришти агенттиктер Рябковго таянып.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс дагы сүйлөшүүлөрдү “пайдалуу” деп атады. Ошондой эле, тараптар элчиликтердин иши, кызматкерлердин саны боюнча мунасага келүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасын өткөрүү тууралуу макулдашышканын кошумчалады.

Виктория Нуланд. Москва, 12-октябрь 2021-жыл
Виктория Нуланд. Москва, 12-октябрь 2021-жыл

Ага чейин АКШ элчилигинин маалымат катчысы Жэйсон Ребхолц Нуландга шилтеме берүү менен орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен “конструктивдүү жыйын” жүргөнүн, анда эки тараптуу, регионалдык жана глобалдык маселелер сөз болгонун билдирген.

13-октябрда Мамлекеттик департаменттин делегациясынын президент Владимир Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков менен жолугушуусу пландалган.

Апрелде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн мамилеси “Кансыз согуш” учурундагыдан да начарлаганын айткан.

Быйыл июнда Байден менен Путин Женевада жолугушканы менен, ошондон бери мамилелерди жакшыртуу багытында чоң жылыш байкалган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG