Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Садыр Жапаров шайлоодо добуш сатып алууну токтотууга чакырды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитүү учурунда сөз сүйлөп жатып, парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон азыркы депутаттарды добуш сатып албоого чакырды.

"Көпчүлүгүңүздөр алдыда боло турган шайлоого талапкерлигиңерди коюп жатасыңар. Кай бириңер партия менен, кээ бириңер бир мандаттуу аймактардан. Менин сиздерден суранарым, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар добуш сатып алууну токтотсоңор, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет".

Садыр Жапаров шайлоонун жүрүшүнө аралашкан мамлекеттик кызматкерлерди жоопкерчиликке тартарын эскертти.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Бир мандаттуу аймактардан катталган талапкерлер 300дөн ашты. Алардын арасында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын да депутаттары бар.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG