Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Садыр Жапаров Кытайга чыгарылды делген алтын концентраты тууралуу маалымат берди (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берүү учурунда сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров парламент мүчөлөрүнө өлкөдөн чыгарылган алтын концентраттары тууралуу маалымат берди.

“Бир депутат 17 жүк ташуучу унаа менен алтын концентраты Кытайга чыгып кетти деп элди дүрбөттү. Мындай концентраттар кечээ эле чыгып кеткен жок, 20 жылдан бери мыйзам чегинде чыгып келе жатат. Андан бизге 3,5 – 4 миллиард сомго чейин салык түшүп жатат. Бирок бул каражат бизди багат дегенден алыспыз, биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Салыгын көтөрүп, же Кыргызстандын аймагында кайра иштеп чыгуу жагын караган мыйзам долбоорун киргизебиз. Жөн отурган жокпуз”, - деди ал.

Жапаров ошондой эле, депутаттарга салмактуу маселе көтөрөр алдында аны биринчи текшерип, чын-аныгын билгенден кийин гана триубинага чыгып сүйлөөнү сунуштады. Ал эл өкүлдөрүнүн көтөрүп чыккан маселеси далилдүү болсо, элге дагы ишенимдүү болорун кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев 22-сентябрда Кыргызстандан аткезчилик жолу менен ташылып баратканы үчүн кылмыш иши козголгон алтын концентраты Кытайга чыгарылып кеткенин билдирген. Анын сөзү боюнча, 17 фурага жүктөлгөн контрабандалык алтын концентраты "Эркечтам" бекетинде кармалып турган болчу, аны “Достук” өткөрүү пункту аркылуу ташып кетишкен.

Бажы кызматы жүк унаага жүктөлбөгөнүн, контейнерлер бажы көзөмөлүндө турганын, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган эле. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG