Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Эдил Байсалов: Өкмөт парламентке көз каранды болбойт (видео)


Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды, 13-октябрь, 2021-жыл
Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды, 13-октябрь, 2021-жыл

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов мындан ары өкмөт мурдагыдай парламентке көз каранды жагдайда иштебей турганын айтты.

Ал “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышканда эл ызы-чуудан чарчаганын, жаратмандык, өнүгүүнү каалап турганын белгиледи.

“Демократия - чыр же хайп эмес. Демократиянын максаты жана милдети - элдин жашоо деңгээлин оңдоо. Мындан ары өкмөт мурдагыдай техникалык болбойт. Биз мурдагыдай парламенттин каалоосу менен кетип калбайбыз. Бизге азыр 90 депутаттын пикиринин кереги жок. Ар бир депутаттын артынан чуркабайбыз, 45 же 50 депутат менен иштеше беребиз”.

Байсалов жаңы өкмөттүн милдети алдыдагы парламенттик шайлоону таза, адилет, акыйкат шайлоону өткөрүү экенин айтты. Шайлоодо талапкерлер менен партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин билдирди.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Министрлер кабинетинин курамы Садыр Жапаровдун сунушу менен алмашып, мурдагы төрага Улукбек Мариповдун ордуна Акылбек Жапаров дайындалды.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG