Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Беларуста оппозициянын Телеграм- каналдарына катталгандар кылмыш жообуна тартылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беларустун Ички иштер министрлиги өлкөдө экстремисттик деп таанылган топтордун социалдык медиадагы тайпаларына, Телеграм-каналдарына жазылгандарды кылмыш жообуна тартууну пландап жатат.

Бул тууралуу министрликтин уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгы кабарлады. Сот тарабынан экстремисттик деп табылган Телеграм-каналдардын көбү оппозицияга таандык.

Мындан ары Беларустун атуулдары социалдык медиадагы тыюу салынган уюмдардын тайпаларына катталса, мессенжерлери аркылуу жазышса же Телеграм каналына катталса, жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Быйыл февраль айында экстремисттик тайпаларга киргендер административдик укук бузуу катары катталары айтылган.

2020-жылы октябрь айында Минск соту NEXTA Телеграм-каналын экстремисттик деген тыянак чыгарган. Анын 900 миңдей катталуучусу болгон. Август айында бул чечим Tut.by менен Zerkalo.io басылмаларына карата да чыккан.

Беларус бийлиги 2020-жылдын август айында өткөн президенттик шайлоого каршы чыккандарга карата катуу чара көрүүдө. Миңдеген кылмыш иштери ачылып, көп адамдар өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG