Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Коронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 91 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 14-октябрда ооруну жугузуп алган үч бейтап каза болду. 91 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Баткен облусунда инфекцияны жаңы жугузуп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 57
  • Чүй облусу – 17
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Ош шаары - 3
  • Жалал-Абад облусу – 2
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 1

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 583 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 627 адам каза болду. Бир күндө 87 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 455 адам ооруканада, 596 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 889 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG