Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

Садыр Жапаров Тажикстан менен чек арадагы талаштуу маселелерди атады (видео)


Садыр Жапаров жылдык маалымат жыйынында. 23-октябрь, 2021-жыл. Бишкек.
Садыр Жапаров жылдык маалымат жыйынында. 23-октябрь, 2021-жыл. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров Тажикстан менен чек араны тактоо иши жүрүп жатканын маалымат жыйынында билдирди. Президенттин айтуусунда, Тажикстан менен талаштуу үч маселе болууда.

“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз өлдү. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Бирөөсү, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районунда талаш жер бар".

Президент Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө көйгөй жаратып жаткан Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоол болуп жатканын айтты.

Президент Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын, тынчтык, сүйлөшүү жолу менен эки тараптын тең кызыкчылыгында чечилет деген үмүтү бар экенин билдирди.

Быйыл 28-30-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG