Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Жапаров: мурда ипотека алгандардын пайызы төмөндөйт


Садыр Жапаров маалымат жыйынында.
Садыр Жапаров маалымат жыйынында.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан мурда берилген ипотеканын пайызы этап-этабы менен 4-6% төмөндөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн жылдык маалымат жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, мамлекеттик ипотекалык компаниянын пайызы 4% төмөндөтүлдү.

Жапаров ошондой эле, жыл башында 100 миң сомго чейин насыя алган 390 миң жарандын 3 айлык пайыздык төлөмдөрүн мамлекет төлөп бергенин, ага 734 млн. сом бөлүнгөнүн айтты.

"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар "Жеңилдетилген ипотека" 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана "Жеткиликтүү ипотека" 8% менен башка категориядагы бардык жарандар турак жай сатып ала алышат.

Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.
Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Учурда ипотекалык насыя 6-8% менен берилет.

Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы 712, ал эми 2020-жылы 474 адам мамлекеттен ипотека алган. Коммерциялык банктарда ипотекалык насыя адатта 17-18% менен берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG