Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Садыр Жапаров: Мындан ары “алтын мандат” деген түшүнүк болбойт


Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 2021-жылдын 23-октябры.
Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 2021-жылдын 23-октябры.

Парламентке шайлоодо мындан ары “алтын мандат”, “биринчи ондук” же “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт. Бул тууралуу 23-октябрда Бишкекте өткөн жылдык жыйында президент Садыр Жапаров билдирди. Ал партия лидерлеринин тизмедеги алдыңкы орундарды жүз миңдеген долларга баалаган өнөкөтү токтой турганын айтты:

“Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан, акча жасоонун жана коррупциянын булагына айландырган эски, алдымчыл системаны жойдук”.

Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Бир жыл мурдагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Быйыл Кыргызстанда Конституция жана бир катар мыйзамдар өзгөртүлдү.

Маалымат жыйынына 89 маалымат каражатынан 160тан ашык журналист катышууда.

Маалымат жыйынына Акылбек Жапаров баш болгон Министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышууда. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG