Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

КМШнын атайын кызматтары Бишкекте Ооганстандагы абалды талкуулашты


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү Бишкекте жыйын курушту. Бул тууралуу 23-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жыйынга улуттук коопсуздук жана укук тартибин коргоо органдарынын террорчулукка жана экстремизмдин башка да зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү менен алектенген өкүлдөрү катышты.

Алар Ооганстандагы соңку абалга байланыштуу аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселесин талкуулап, маалымат алмашып, анализ жүргүзүп турууну, миграциялык агымга чогуу көз салып, согушкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, террорчулук үчүн издөөдө жүргөндөрдү аныктоону макулдашышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG