Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 119 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-октябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2650 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 119 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (59 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 467 адамга жетти.

Бир күндө 73 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 663 бейтап жатат, дагы 640 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG