Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Ардагер балбан Роман Сарыбаев Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды


Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатына катышкан балбандар жана күйөрмандар.
Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатына катышкан балбандар жана күйөрмандар.

Кыргызстандык Роман Сарыбаев Грециянын Лутраки шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, Сарыбаев 21-октябрда эркин күрөштөн 36 жаштан 40 жашка чейинкилер арасында (А категориясы) 88 килограмм салмакта финалда орусиялык Булат Дашинимаевге жеңилип, 2-орунду ээледи.

Сарыбаев финалга чейин алгач өзбекстандык Усмонжон Юсуповду (9:2), казакстандык Абай Смагуловду (7:1), жарым финалда америкалык Жеймс Роберт Медейросту жеңип (7:1) алган.

Бул Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан алты балбан барды. Ошондой эле калыстар арасында эки кыргызстандык бар. Роман Сарыбаевдин байгесин кошкондо кыргызстандык ардагер эркин күрөшчүлөр эки алтын, бир күмүш, бир коло байгеге ээ болушту.

Буга чейин 56 жаштан 60 жашка чейинкилер арасында (Е категориясы, 70 кг.) Талант Бегалиев жана 51 жаштан 55 жашка чейинкилер арасында (D категориясы, 100 кг.) Чынарбек Изабеков алтын байгенин ээси болушкан. 56 жаштан 60 жашка чейинкилер арасында 130 кг. салмакта Сааданбек Ниязов коло медал тагынды.

Эртең, 23-октябрда грек-рим күрөшүнөн Калмурза Жолдубаев 46 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында (С категориясы, 70 кг.) күч сынашат. 19-октябрда башталган Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионаты (эркин күрөш, грек-рим күрөшү) 24-октябрда чейин уланат. Анда 36 жаштан 60 жашка чейин беш категорияда ардагер балбандар күч сынашууда. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG