Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Орусияда ИИМдин маалымат катчысын туурап ойногон актриса кесилди


Сатиралык сериалда Ички иштер министрлигинин маалымат катчысынын ролун ойноп жаткан Лариса Кривоносова.
Сатиралык сериалда Ички иштер министрлигинин маалымат катчысынын ролун ойноп жаткан Лариса Кривоносова.

Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагынын соту актриса Лариса Кривоносованы сатиралык сериалда Ички иштер министрлигинин маалымат катчысынын ролун ойногону үчүн үч айга эркинен ажыратты.

Көрүүчүлөрдүн көбү анын ролун Ички иштер министрлигинин чыныгы пресс-катчысы Ирина Волкко окшоштурган.

Приморский крайынын полициясы 21-октябрда билдиргендей, 43 жаштагы актриса Лариса Кривоносова буга чейин соттолгондуктан, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуунун шарттарын бузганы үчүн түрмөгө камалган.

Полициянын маалыматына ылайык, Кривоносова «кимдир бирөөнүн саламаттыгына атайылап залал келтирген» деген айып менен белгисиз мөөнөткө камалып, 2017-жылы мөөнөтүнөн мурда, шарттуу эркиндикке чыккан.

Сатиралык онлайн сериал карапайым тургундардын жана жергиликтүү бийликтин аракеттерин мыскылдайт.

Жыл башында баш каармандын ролун аткарган Андрей Неретин жемкорлукка баткан миллиционер тууралуу эпизоддон кийин беш суткага кесилип, айып пул төлөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG