Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Өкмөт тажикстандык студенттерге берилген уруксат боюнча түшүндүрмө таратты


Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн, же окутуучу, мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандарын Кыргызстандын аймагына киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу 22-октябрда Министрлер кабинетинин сайтында кабарланды.

Кыргызстандын өкмөтү быйыл 21-майда тилкелерди тактоодо олуттуу маселелер чечилмейинче кыргыз-тажик чек арасындагы кыймылды толук токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Натыйжада жарандарды ары-бери өткөрүүгө, автоунаалардын кирип чыгышына чектөө коюлган.

Министрлер кабинети кабарлагандай, ошол эле документте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына Билим берүү жана илим министрлигинен Кыргызстанда билим алган тажикстандыктар боюнча суроо-талап келсе, ага уруксат берилери көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын аймагында иштеген окутуучулардын, билим алган студенттердин жана окуучулардын, алардын ичинде этникалык кыргыздардын атынан Билим берүү жана илим министрлигине өтүнүч келип түшкөн. Анын натыйжасында министрлик алардын эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүшү үчүн шарт түзүүгө багытталган буйрук долбоорун киргизген.

Мунун алдында Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилгенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасына жазган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Тажикстандын 2 миңдей жараны билим алат.

Быйыл 28-30-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG