Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:19

CPJ өзбек бийлигин "Озодликтин" журналисттерине болгон коркутууларды иликтөөгө чакырды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) өзбек бийлигин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кызматкерлерине болгон коркутуп-үркүтүүлөрдү токтоосуз иликтөөгө чакырды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кызматкерлеринин дарегине соңку күндөрү түшкөн "акылга сыйгыс жана жийиркеничтүү" коркутуп-үркүтүүлөргө бийлик так реакция жасашы зарыл", - деп жазылат баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 21-октябрда тараткан билдирүүдө.

16-октябрда радионун өзбек кызматынын ("Озодлик" радиосу) "Телеграм" каналы анонимдүү колдонуучулардын чабуулуна кабылган. Жарым саат ичинде радионун кызматкерлерин, алардын жакындарын өлтүрүп, зордуктап кетүү сыяктуу жосунсуз ондогон коркутуп-үркүтүүлөр түшкөн. Ал билдирүүлөр порнографиялык элементтер менен коштолгон.

Баарында "Озодликтин" башкы максаты Өзбекстанда кутум уюштуруп, ызы-чуу салып, президентибизди дискредитациялоо" деп жазылган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай онлайн коркутууларды "жийиркеничтүү" деп атап, расмий Ташкентти көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы колдонулган коркутууну токтотууга чакырды.

24-октябрда өтчү президенттик шайлоону утурлай Өзбекстанда блогерлерди жана журналисттерди куугунтуктоо күч алды. Мамлекетти башкарууга талапкер болгон беш кишинин арасында азыркы президент Шавкат Мирзиёев да бар. Ал экинчи мөөнөткө ат салышууда.

​
XS
SM
MD
LG