Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Акылбек Жапаров бензиндин баасы эки айдан кийин турукташарын билдирди


Кыргызстандагы күйүүчү май саткан бекет. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы күйүүчү май саткан бекет. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын бийлиги күйүүчү-майлоочу майлардын баасын туруктуу кармоо механизмдерин караштырып жатканын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 22-октябрда Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Тилекке каршы, биз Орусиядагыдай салык манёврун жасай албайбыз. Биздин колубуздан эмне келет? Акцизди азайтуу жана кошумча нарк салыгын азайтуу, же мөөнөтүн жылдыруу. Биз бул боюнча эсептерди жүргүзүп жатабыз. Кыргызстандын ичинде колубуздан келген нерсени жасайбыз. Жөн эле баа өсүп кетсин деп карап тура бербейбиз. Биз билгенден Орусияда мунайды кайра иштетүүчү эки чоң завод оңдоо иштеринен улам токтоп калды. Алар кышында оңдолот, ошондуктан дефицит боло түштү. Декабрдын ортолорунда алар ишин кайра жандантат. Ошого эки ай чыдасак, бул кырдаалдан чыгып кетебиз деп ойлойм. Январь-февралда баалар турукташат деп ойлойм”,-деди Акылбек Жапаров.

21-октябрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу түшүндүрмө берип, бензин менен дизелдин баасы ноябрда дагы 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүндүгүн эскерткен. Уюм мунун себебин Орусиядан чыккан баалар октябрдын башынан бери кыйла өсүп кеткени менен түшүндүргөн.

Ассоциация муну алдын алуу үчүн бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну Министрлер кабинетинен суранган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү орточо баалар бензиндин А-95 үлгүсүнө 61,51 сом, А-92 үлгүсүнө 56,96 сом, А-80 үлгүсүнө 54,24 сом, дизел отунга 51,69 сомдон болуп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG