Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Нарын шаардык кеңеши Арслан Сталбек уулун мэр кылып шайлады


Арслан Сталбек уулу.
Арслан Сталбек уулу.

Нарын шаардык кеңеши 22-октябрдагы VII сессиясында калаа жетекчисин шайлоо маселесин карап, жаңы мэр катары Арслан Сталбек уулун бекитти. Бул тууралуу аталган шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, талапкерликке эки киши чыккан. Жарышта Арслан Сталбек уулу 16 добуш алган, экинчи талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 добуш алып жеңилип калган. 1 депутат экөөнө тең каршы добуш берген. Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат бар.

Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары "Ала-Тоо" эл аралык университетинен билим алып, каржы жана насыя, банк иштери адистигине ээ болгон. Ал курулуш компанияларында, бетон заводдордо, банктарда иштеген.

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, облустук жана райондук деңгээлдеги шаарлардын мэрлерин жана райондордун акимдерин президент дайындай турган болгон. Ал эми акимдер айыл округдардын башчыларын бекитет.

"Азаттык" президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге кайрылды, ал мыйзам кайсы күндөн баштап күчүнө кирерин тактап, андан кийин жооп берерин маалымдады. (ErN)

XS
SM
MD
LG