Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:30

"Көздөн учкан көк жээк"


Саха-Якутия республикасынын Саха театры Кыргызстандагы гастролдук сапары учурунда Чыңгыз Айтматовдун "Көздөн учкан көк жээк" спектаклин коюп жатат. 18-октябрь, 2016-жыл

1985-жылы Тбилисиде Бүткүл союздук театрлардын II Жаштар фестивалына Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” чыгармасынын негизинде коюлган спектакль менен катышкан. Ошондо ар кайсы республикалардан жыйырмадан ашуун театрлар ат салышкан.

Саха республикасынын (Якутия) Платон Ойунский атындагы улуттук академиялык драма театры болсо, Ч.Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повестинин негизинде "Көздөн учкан көк жээк" спектаклин Нарын театрынан бир күн мурда койду.

Саха театр өнөрү

1920-жылы Якутск шаарында театралдык эки труппа түзүлгөн: орус жана якут тилинде. 1925-жылы якут тайпасы өзүнчө театрга айланат. Ошол жылы Якут адабиятынан коюлган биринчи спектаклдин премьерасы театрдын жаралуу күнү болуп эсептелет. Театрдын биринчи директору акын жана драматург Алампа Софронов болгон.

1934-жылы театрга якут акыны, драматург жана мамлекеттик ишмер Платон Ойунскийдин ысымы ыйгарылган.

"Көздөн учкан көк жээк" спектакли Тбилисинин Маржанашвили театрында коюлган. Театрга киргенде сахнада адаттагыдай көшөгө жабылган эмес. Ичке трос зымдарга илинген кадимки кайык турат (декорациясы толук коюла элек го деген ой кетет).

Бир убакта ар кайсы кулисалардан каармандар чыгып улуттук ырын ырдап, бий кыймылдары менен элге коштошуп кайыка түшө баштайт. Анан:

- Ии хана! Ти, хана,-деп кайыкты алты бакан селкинчектей күүлөнткөндө, укумушуң кургур, кайык көрүүчүлөр залына учуп киргендей болуп, чоң толкунда жан далбастаган балыкчыларды көрөсүң.

Кыскасы, спектакль биз эле эмес бардык көрүүчүлөрдү толкундантып, суктантты, тамшантты, таң калтырды.

Спектаклди аталган театрдын башкы режиссеру Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтун (ГИТИС) бүтүрүүчүсү (А.Гончаровдун окуучусу) Андрей Борисов койгон.

Аны менен биздин башкы режиссер А.Сарлыкбеков бир институтта окуптур. Эзелки тааныштар ээрчишип, эзилишип сүйлөшүп бирге жүрүштү. Сүрөтчүсү Г.Сотников. Декорациянын чечилишин улуттук колоритте жөнөкөй өтө жеңил жана көркөм жасаган. Декорацияны койгондо дагы 3-4 киши эки саатта коюп койчудай.

А.Борисовдун айтымында, декорациясы атайын эки жака алып жүргөнгө ылайыкташтырылып жеңил жасалыптыр. Нарын театрынын декорациясы болсо накта жыгач темирлерден жасалып, оор эле. Тбилисиге эки КамАЗга жүктөп жыйырма күн жол жүрүп жеткирген болчу.

Баш каарман Кирисктин ролундагы Ефим Степановго жоолугуп, куттуктап, баарлаштым. "Көздөн учкан көк жээк" 1982-жылы июнда Якутияда зор ийгилик менен коюлганын, кайыкты беш артист көтөрүп алып учака деле салып алышарын, 35ке чыкканда 11 жаштагы баланын ролун аткарганын айтып берген.

Чыңгыз Айтматовду өздөрүнүн жазуучусундай аздектешерин, кыргыздар менен якуттар түбү бир экенин кошумчалады.

Ефим Николаевич Степанов 1950-жылы Якутияда төрөлгөн. Таланттуу театр жана кино актеру, режиссер. Москвадагы Шепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайын бүтүргөн. 1986-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1993-жылы Орусия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти, 2001-жылы Саха Республикасынын эл артисти болду.

Якуттар койгон "Көздөн учкан көк жээк" спектакли нифхилердин турмушун чагылдырат эмеспи. Залкар жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматов "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасын бир ууч нивх элинин атактуу жазуучусу Владимир Сангиге арнаганын жазганы бар. Анткени чыгармадагы окуяларды Айтматовго ошо киши айтып бериптир.

Саха-Якутия республикасынын Саха театры Кыргызстандагы гастролдук сапары учурунда Чыңгыз Айтматовдун "Көздөн учкан көк жээк" спектаклин коюп жатат. 18-октябрь, 2016-жыл
Саха-Якутия республикасынын Саха театры Кыргызстандагы гастролдук сапары учурунда Чыңгыз Айтматовдун "Көздөн учкан көк жээк" спектаклин коюп жатат. 18-октябрь, 2016-жыл

Жазуучу В. Санги нифхилердин адабиятын негиздөөчү, нифхи тилин сактап, Сахалин мектептеринде нифхиче окутууга жан үрөгөнү менен белгилүү. Нифхилер болсо Хабаров аймагынын Сахалин аралынын түндүгүндө отурукташкан, аз сандагы калк. Орусиянын 2010-жылдагы эл каттоосуна караганда нифхилер саны 4500, жок болуп кетчү этностор тобуна кирет. Алардын чарбачылыгы Охот деңизинен балык кармап, жер-жемиштерди чогултуу менен чектелет.

Спектаклдин режиссеру А.Борисов "Көздөн учкан көк жээктин" автору Чыңгыз Айтматов биринчи жолу 1985 -жылы Москвада көргөнүн айткан. Ал өзүнүн чыгармаларынын негизинде коюлган 300дөн ашуун спектаклдин “эң мыктысы” деп баа бергенин, Сахада 10 жылдан ашуун "Көздөн учкан көк жээк"деген театралдык фестиваль өткөрүлөөрүн кеп кылган.

Албетте, ар бир фестивалда театрлардын ийгилик, кемчилиги талкууланат, пикир, тажрыйба алмашуу болот. Тбилисидеги Бүткүл союздук жаштар фестивалынын соңунда дагы ошол мезгилдеги советтик театр өнөрүнүн дөө-шаалары катышкан кызуу талкуу болгон.

"Көздөн учкан көк жээк" менен нарындыктардын “Эрте жаздагы турналар” спектаклине жылуу пикирлер айтылганын эстеп сыймыктанам. Архивдеги сандыгымды ачып, төмөндө айрымдарынын ой-пикирин чагылдырайын.

"Көздөн учкан көк жээке" пикирлер:

Г. Лордкипанидзе, СССРдин эл артисти, Грузин театрлар коомунун президумунун төрагасы: “Укмуш! Бул биздин өлкөнүн чегинен тышкары чыга турган окуя. Айтууга сөз жетпейт. Бул Библия, акылмандуулуктун китеби. Маданият менен цивилизациянын айырмасына дагы бир жолу көзүм жетип жатат. Цивилизацияга жетишсе болот, бирок маданияттан ажыроо... Бул элдин маданияты улуу маданият... Аябай акылга жетик, эмоционалдуу спектакль. Бул спектакль адаттан тыш көрүнүш...”

М. Кубакидзе, искусство таануу илимдеринин кандидаты, театр сынчысы: "Прозадагы образдуулук театрдагы образдуулукта адекваттуу табылган. Эгер бийик сөздөр менен мүнөздөмө бере турган болсок, чыныгы катарсис пайда болду...”

Эгерде театрларда “Көздөн учкан көк жээк” сыяктуу спектаклдер өтө көп санда коюлуп турса, театрды сүйбөгөн, аны көрүүнү эңсебеген, самабаган адам аз болоор эле деп кыялданат экенсиң. Тбилисидеги фестивалдын соңунда жыйырмадан ашуун театрлардын ичинен биринчи орунга Саха театрынын “Көздөн учкан көк жээги”, экинчи орунга нарындыктардын “Эрте жаздагы турналар” спектакли татыктуу деп табылган.

Режиссер А.Борисов ошол фестивалдан кийин “Көздөн учкан көк жээк” сректаклин Канадада көрсөтүүгө чакыруу алып, келишим түзгөнүн, кийинкиси Мексиканын Мехико шаарына, андан соң Европага чакыруу алышканын билдирген.

Ал ошондой эле "Көздөн учкан көк жээкти" жаратууда интернационалдык топ болгонун мындайча сыпаттаган:

"Чыңгыз Айтматов - кыргыз, спектаклдин сүрөтчүсү Геннадий Сотников - орус, режиссёру жана актерлору якуттар, музыкасын жөөт жазган, окуя нивхилер жөнүндө, грузиндер спектаклди СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүштү",-деп айтканы бар. Аталган спектакль 1986-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Маалыматтарга караганда, якут өнөрпоздору “Көздөн учкан көк жээк” менен дээрлик бүткүл дүйнөнү кыдырышкан.

2000-жылдын соңунда “Көздөн учкан көк жээк”спектакли Фрунзеде “Нооруз” фестивалында көрсөтүлүп бишкектиктерди толкундатып, таң калтырган.

“Эрте жаздагы турналар” спектаклине пикирлер:

“Эрте жаздагы турналар" спектакли. 1985-жыл.
“Эрте жаздагы турналар" спектакли. 1985-жыл.

Вера Анжапаридзе, Социалистик Эмгектин Баатыры, СССРдин эл артисти: “Мен көп жерде, кыйла өлкөлөрдө болуп, көптөгөн спектаклдерди көргөм. Бул “Эрте жаздагы турналар” спектаклинин татаал эч нерсеси деле жок экен. Бирок нукура бийик искусство. Айтууга ылайыктуу сөз таба албай жатам. Көп убакыттан бери театрдан мындай катуу таасир ала элек болчумун”.

“Эрте жаздагы турналар” кино тасма болуп тартылган, бирок башка жерде спектакль коюлганын көргөн жокмун.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повестин кийинчерээк кыргыз театрлары, С.Ибраимов атындагы Ош драма театры, Алай театры, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл театры ж.б. сахналаштырган. Бирок, якуттардын "Көздөн учкан көк жээк"спектаклинин деңгээлине жеткен эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG