Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

Жандүйнөсү кыл калем менен төгүлгөн таланттар...


Туман Жумабаев
Туман Жумабаев

Өткөн жылы августта интернет барактарын карап олтуруп, кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Туман Жумабаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарга нес болдум.

Кабарда Санкт-Петербургда бу жалганды таштап кете берген 58 жашында Туман Жумабаевдин өмүрү тууралуу кыскача жазылган экен.

“Санкт-Петербургга орус тилин билбей келип, паркет жасаганды үйрөткөн окуу жайга - ПТУга окууга кирет. Андан соң В.И.Серов атындагы көркөм окуу жайында, кийин Көркөм өнөр академиясында билим алган. Улуу кыл калем чеберлеринин сүрөттөрүн талыкпастан изилдеген. 1981-жылдан тартып активдүү иштеп, Орусияда жана чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрүн уюштура баштады. Орусиянын бир катар ири шаарларында, Москвадагы Борбордук сүрөтчүлөр үйүндө, Санкт-Петербург галереяларында көргөзмөлөрү өткөрүлдү. 2002 -жылы Санкт-Петербург сүрөтчүлөр союзуна, 2006 -жылы Америка портрет сүрөтчүлөр коомуна мүчө болгон. 2009 - жылдан тарта Петербургда өзүнүн автордук TUMANART галереясы көргөзмөсүн ачкан. Туман Жумабаев атактуу адамдардын көптөгөн портреттерин тартты. Бирок ал балдарды жана гүлдөрдү тартканды жакшы көрчү...”, - деп жазылган эле.

Атаганат, арман күн, кыргыздын дагы бир таланттуу уулун шум ажал алган турбайбы деп, тээ жаш кезде Туман менен таанышкан күн көз алдыма тартылды.

... 1992-жылдын күз айлары эле. Ленинграддын Васильев аралчасындагы Опочинина көчөсүндөгү жатаканада сүрөтчү досум Шарип Жайлообаев экөөбүз тамактанып отурганбыз. Ал дагы Ленинграддагы Н.Черкасов атындагы Мамлекеттик театр, музыка жана кино институтунда театр технологиясы жана сценография факультетинде “театр жана кино сүрөтчүсү” адистигинде окуп жаткан. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, белгилүү сүрөткер Геннадий Сотниковдун курсунда эле. Бир маалда Шарип:

- Жүрү, экинчи линияга барып келебиз?, - деп шаштырды.

- Ой эмне бар караңгыда, эртең эле баралык, - дедим. Айтканга көнбөй сыртка чыктык.

Ленинграддын көчөсүндө баратканда Шарип 2-линияда сүрөтчү кыргыз бала жашарын, анын таржымалын кыскача айтып берди. Орусча “здравствуйте, до свидание" деген сөздү эле билип келип, кийин чоң ийгиликке жеткенин, турмушка философиялык ой жүгүртүүсү бөтөнчөлүгүн кеп салды.

Бир топ жерге барганда, көп кабаттуу бир үйдүн жертөлөсүнө кирдик. Каалганы жапалдаш бойлуу, ак саргыл бала ачып экөө кызуу учурашып калды.

- Это Аман, - деди Шарип.

- Туман, - деп кол сунду ал.

- Проходите, - дегенде кирип келатып бөлмөдөгү иретсиз кагаздар чачылган, боектор төгүлгөн кирдеген полду байкап, сүрөтчүлөрдүн жашоосу кызык дедим оюмда.

Бөлмөгө кирип жайланышкан соң Туманга суроо узатсам, орусча жооп берет. Чачын узун өстүрүп төбөсүнө бууп алыптыр. Кийген шымы дагы ар кайсы жери тешилген эски джинсы, боек болгон эски көйнөк, жылаңайлак бутуна эски кеда кийген. Кыскасы мага селсаяктай эле көрүндү.

Албетте, сөз сүрөт өнөрүндө башталып социалистик реализм талданып, Шарип менен Туман орусча атактуу сүрөтчүлөр Марк Шагал, Леонид Стил, Казимир Малевич, Густав Клуцис, А.Самохвалов, Александр Герасимов, Александр Дейнекалардын чыгармаларын жиликтешти.

Кыргызстандагы сүрөт өнөрүн таразалап, талкалашты. Маданият, көркөм өнөр бааланбастыгы айтылды. Айтор, мени таң калтырганы Тумандын акцентине көңүл бурбастан жалаң орусча сүйлөгөнү, сүрөт өнөрүндөгү соцреализмди жээрип, келечексиздигин, жаңыча багытты издөө зарылдыгын айтканы болду.

Дубалдагы бирин-экин сүрөттү карасам, эптеп эле боек менен чампалап, кыл калем менен ары-бери чиймелеп салгандай. Экөө Рембранд, Ван Гог, Тициан, Пабло Пикассо, Поль Гоген, Сальвадор Далинин чыгармачылыгына кирип кетишти. Түн бир оокумга дейре баарлашып сүрөткер эч кимге көз каранды болбой эркин жашоого, жаңыча иштөөгө тийиш деген жыйынтыкка келишти.

Шарип экөөбүз коштошуп сыртка чыктык.

- Кыргыз көпкөндө орусча сүйлөйт деген чын. Мунуң чачты өстүрүп, дегеле кыргызча сүйлөгүсү келбей калган го?, - дедим жактырбай кайра келаткан жолдо. Анда Шакем:

- Бул өзүнүн почеркин, стилин издеген бала. Мунун штрихтери бөтөнчө, буюрса ушундан бирдеме чыгат. Мага кызыктуу көп нерселерди айтты,- деди камырабай. Көрсө, ошондо эле кайран Шакем көрөгөчтүк кылган тура.

Бир жолу Ленинграддагы кыргыздардын “Ак кеме” коомдук уюму түзүлүп, ага Туманды дагы мүчө бол дегени жертөлөсүнө бардым. Бөлмөгө киргенде жаңы боёктун жыты буркурайт, дубал жактагы мольберттеги жаңы полотного көңүл бурдум. Анысын “Натурщица” деп атаптыр. Натурщица дейин десем окшобойт. Ал учурда сүрөтчүлөргө атайын сабак өтүп, чырайлуу аял же эркек энеден туума болуп отуруп берчү. Аны “натурщик” же “натурщица” деп коюшат.

- Мунуң натурщицага окшобойт го? - деп сурап калдым.

- Көпчүлүгү портрет же натураны тартканда сендей болуп, окшобойт дешет. Мен картинанын характерин, идеясын краска, боёк, штрихтер аркылуу берем, окшоштуруп тарткандай сүрөтчү фотоаппарат болбош керек, – деди.

Мен кыйлага карап туруп анын полотносундагы жылаңач толмоч аялдын сүрөтүндөгү боёктордун түсүнөн аялзаттын арманын, муң-зарын, бакыт менен бактысыздыгын окудум. Тумандын жазган эмгектери ошол кезде эле кымбат баага алынып турган. Кийинчерээк тарткан мурдагы президент Аскар Акаевдин портретин дагы окшобой калыптыр дегендер болду. Менин көз карашымда аталган портрет - аргасыз адамдай сезилди.

Туман Жумабаев тарткан Аскар Акаевдин портрети.
Туман Жумабаев тарткан Аскар Акаевдин портрети.

Сүрөтчүнүн өзгөчөлүгү анын тарткан картиналарынын көп сырдуу, табышмактуулугунда. Туман менен жакындан баарлашсам, орус тилин билбей туруп окуйм деп Москвага барганын, ал жактан Ленинградга келгенин айтып берди. Бир топко үндөбөй калып, көптөн бери Кыргызстанга бара электигин, ата-энесин, бир туугандарын, өзгөчө тоолорду сагынгандыгын айтты.

Авангард, модерн, импрессионизм агымы жөнүндө берилип сүйлөгөндө, “Тумандын ойлору дагы тумандуу турбайбы” деп ойлоп койгом.

Ал “өнөр адамдары саясаттан алыс болгону жөндүү” деп, сыпайы узатканын эстедим.

Атактуу сүрөтчү каза тапканда, тилекке каршы Кыргызстандагы ЖМКлар кыскача куш тилиндей маалымат менен гана чектелгенине өкүнгөм. ”Азаттыктын” сайтына гана ал жөнүндө макала чыккан.

Бишкектеги айрым сүрөтчүлөрдөн Туман жөнүндө сурасам, анын чыгармачылыгын билишет экен. Чыгармалары чет өлкөлөргө кымбат баада сатыларын, бир сүрөтү 50 миң еврого сатылганын кеп кылышты. Сураштырып жүрүп Тумандын түбү Жалал-Абад облусунун Аксы районунан экендигин уктум. Жалал-Абад шаарындагы тааныштарыман сураштырсам, аны тааныбай турганын айтышты

Аксы районунан Кишимжан деген жердешинин телефонун таап байланыштым.

“Ооба, Туманды бул жердегилер баары эле биле бербейт. Менин билишимче, ал Аксы районундагы Кара-Суу айылынан. Жакындары Кожо-Ата кыштагында турат. Атасы Исраил Жумабаев Кара-Суу мектебинде кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеген. Өзү Кара-Суу мектебинде окуган. Саясатчы Азимбек Бекназаров тууганы болот. Ал бир-эки жыл мурда атасынын мааракеси деп той берди окшойт эле. Атасынын өмүр жолуна арнап Туман "Кызыл чапанчан кыз” деген китебин жазып чыгарды дешти", - деп айтып берди жердеши.

Тумандын тек-жайын билмекке белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров менен байланышуу аракетимен майнап чыккан жок. Бирок Азимбек Бекназаров Туман тууралуу билгендерин менин электрондук дарегиме - Amanbek60@mail.ru. жазып жиберсе, терең ыраазылык билдирет элем. Туман жөнүндөгү маалыматтарды тереңдетейин дегем, кыргыздын XXI кылымдын Рембрандтын кийинки муундар биле жүрсө деген тилек.

Шарип Жайлообаев

Тумандын санаалаш-сырдаш кесиптеши, досу, таланттуу сүрөтчү Шарип Жайлообаев дагы алтымышка чыкпай 55 жашында бул жарыкчылык менен коштошкон болчу.

Аманбек Жапаров, Шарип Жайлообаев. 1992-жыл
Аманбек Жапаров, Шарип Жайлообаев. 1992-жыл

Ал 1960-жылы 18-февралда Нарын шаарында төрөлгөн. Ата-энесинин кызматына байланыштуу Жалал-Абад шаарындагы орус мектебинен 7-класска чейин окуп, Семен Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына тапшырганы барат. Бирок аны толук эмес орто билими күбөлүгү жок кабыл албай коюшат. Кайра Жалал-Абад шаарына кайтып барып, 8-классты аяктап, күбөлүк алгандан соң 1975-жылы С.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына өтөт.

1979-жылы окууну аяктагандан кийин аскерге чакырылып, Ооганстанда кызмат өтөдү. Сол колунан жаракат алып, 1981-жылы Нарынга кайтып келип, Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрына сүрөт цехине кызматка орношот. Ошол жылдары театрда коюлган спектаклдрдин жасалгаларынын дээрлик баарына Шариптин колу тийген. Алгачкы сүрөтчү-коючу катарында 1983-жылы Мырзабек Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү” спектаклин жасалгалаган.

Жогоруда сөз кылгандай, 1987-жылы Н.Черкасов атындагы Ленинграддын Мамлекеттик театр, музыка жана кино институтунда окуду. Окууну 1992-жылы бүтүп келип, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрына сүрөтчү-коючу болуп иштеди. Ошол жылдын февраль айынан баштап аталган театрда башкы сүрөтчүлүк кызматка бекитилген.

Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында башкы сүрөтчү, "Боз салкын”, “Шамчырак” сыяктуу бир нече кинотасмалардын сүрөтчү –коючусу болгон. Бишкектеги көтөгөн маданий массалык оюн-зоокторго сүрөтчү –коючулук кылган. Тилекке каршы өмүрү кыска экен, 2015-жылы 15-мартта Бишкекте оорунун айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Кайран эки чыгаан талант биргелешип көргөзмө уюштурабыз деген тилектерине жетпей, 60 жашка чыкпай барса келбес дүйнөгө ашыгып кете беришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG