Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:11

Улуу актер Советбек Жумадылов уялганда...


Кыска метраждуу "Бул кайгы эмес" тасмасы, 1970-жыл. Режиссер Яков Бронштейн, башкы ролдо Советбек Жумадылов.

2000-жылы Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино факультетине декан болуп дайындалдым.

Жаңы алынган актердук курстун чеберчиликтен берчү окутуучусунун орду бош болуп турду. Улуу актердун чеберчилигин окуучулар үйрөнүп калсын деген максатта сентябрда Советбек Жумадыловду окутуучу болууга эптеп көндүрүп, макулдаштык.

Бир күнү апта башында чаар шапке кийип институтка келип, 119-аудиторияга актердук курстун балдарын чогултуп, улуу актер менен тааныштырып, колуна окуучуларды каттап, өткөн сабактарды белгилөөчү журналды берип өзүмдүн сабагыма кеттим.

Бир убакта танапис болуп биринчи кабаттагы аудиторияда студенттер бош отурганын көрүп баш бактым, Советбек аба көрүнбөйт. Балдардан сурасам, танапис болгондо чыгып кеткенин айтышты. Ошентип бир апта өттү, Советбек аба жок. Иштери чыгып же киного тартылып жүрөбү деп ойлодум.

Сентябрь да аяктады, октябрда дагы деле баягы эле көрүнүш, Советбек аба сабак өтпөй балдар бош калышты.

Советбек абанын үйүнө телефон чалсам “ киного кетти, радиого кетти, үйдө жок” деген жооп угуп, тынчсыздана баштадым. Бир жолу Маданият министрлигине баратып, жүргүнчүлөр көптүгүнөн Москва көчөсүндөгү аялдамадан түшүп, тратуар менен жөө басып калдым. Токтогул көчөсү тараптан чаар баш кийимди көрүп, Советбек абага окшоштурдум. Ал киши улам бир дарактын далдоосуна жашынып коет. Жакындаганда Советбек аба дарактын далдоосунан чыга калды

-Салам алейкум агай! Кандайсыз күүлү-күчтүүсүзбү? Эмне дарака далдааланып, - деп кол сундум.

-Алейкум салам, өзүң кандай? Ден-соолук үйдөгүлөр жакшыбы? Ии, көрүп койдуңбу? Амантай айланайын, сага уят болуп сабака бара албай жүрөм. Тиги Турсун (белгилүү радио режиссеру Турсун Уралиев) болбой атып, мага радиопьеса октуп атат, ошону жаздырып бошобой жатпадымбы. Анан Амантай, мени жөн койчу? Окутуучулук деле оңой эмес экен. Сабакты кантип өтөм деп, 45 мүнөттүн бүтмөгү бир азап болду. Сабак качан бүтөт деп айлам куруду. Балдарды окутуу колумдан келбейт экен мени тим эле кой? Балдарга уят болбойун,таарынба айланайын?

Советбек аба күлүмсүрөп турду маңдайымда. Көрсө, ал киши мени алыстан эле таанып, уялганынан мага көрүнбөйүн деп дарактарга далдааланып жаткан тура, кайран залкар!

Тескерисинче, мен андан уялдым, улуу актер, улуу башын кичик кылып, кечирим сурап атса ыңгайсыз абалда калдым. Бул жупунулуктун, адамгерчиликтин эң жогорку үлгүсү дейт элем.

-Ой, агай эрк өзүңүздө, тескерисинче сиздин тынчыңызды алган мени кечириңиз?

Улуу актер окутуучулука дагы шык керектигин, ар бир сабака даярдануу зарылдыгын айтып, экөөбүз маданиятка маани берилбей калганын аркы-беркини сүйлөшүп туруп, бараткан багытыбызга жол тарттык.

Улуу актердун, адамдык сапатынын улуулугуна баа бердим. Айрым актерлор колунан келсе-келбесе дагы курс бер, саат бер? деп демиткендер болгон.

Жолду ката ка-ап, Советбек абанын актердук чеберчилигин балдарга үйрөтүп калсак эмне деген арман ой басты.

Каармандарын жашоодогудай жаратчу

1981-жылы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында драматург Кадырбай Мамбетакуновдун “Омар Хайямдын махабаты” деген драмасында Советбек аба Омар Хайямдын образын өтө жогорку чеберчиликте ойногон. Анын дикциясы, артикулияциясы, ар бир сөзү көөдөнүнөн, жүрөктүн түпкүрүнөн чыгып көрүүчүлөрдү эле эмес, өнөр адамдарын да тамшандырган.

Адатта айрым актерлор башкы каарманды ойногондо опурулуп-жабырылып кыймыл аракети же үн аркылуу кыйкырып өзгөчөлөнгүсү келет. Советбек аба болсо, каармандарын турмуш чындыгында, жашоодогудай жаратчу.

Мисалы, “Акжолтой” тасмасында аюуну алып кеткени келген аксакалга: "Аюу, меники! Бербейм!" деп мурдун балта кеспей туруп айтканы, “Бар, билгениңди кылып ал, колуңдан эч нерсе келбейт”-деп карапайым адамды басмырлап, үстөмдүгүн көрсөткөнү.

Советбек Жумадылов жалаң эле башкы каармандар эмес,эпизоддук кичинекей ролдорду дагы эстен кеткис жаратчу. Ал эл акыны, драматург Ж.Садыковдун “Адам жана азезил” драмасында чык татырбас Чынарбайды ойногону кайталангыс образ. Жер жарылып, Чынарбайды жер соруп баратса, малым калды, мүлкүм калды, үйүм, жайытым калды, дүнүйөм калды деп жан талашканы ач көздүктү ашкерелөөнүн өзгөчө формасы болгон.

Советбек Жумадылов (артта, солдон үчүнчү), 1970-80-жылдары тартылган сүрөт.
Советбек Жумадылов (артта, солдон үчүнчү), 1970-80-жылдары тартылган сүрөт.

Өмүр таржымалы

1932-жылы Ысык-көл областынын Түп районуна караштуу Тепке айылында туулган. Балалык чагы Каракол (ал кездеги Пржевальск) шаарында өтөт.

7-классты аяктагандан кийин шаардагы педогогикалык техникумга окууга тапшырат. 1948-жылы педтехникумду аяктап, Ташкенттеги мамлекеттик театр институтуна кабыл алуу болуп атканын угуп, аталган институттун кино жана театр артисти адистигине тапшырат. Ал жерде 1953-жылга чейин окуп, окууну аяктагандан соң Кыргыз мамлекеттик драма театрына ишке алынган.

Театрда комедиялуу, курч мүнөздөгү драмалык диапозону кеңири актер болуп ондогон образдарды жаратты. Ч.Айтматовдун “Бетме-бетте”-Мырзакул, А.Чехов” Ваня тайаке” - Войницкий, ”Эзопто” - Эзоп, “Унутулган адам”- дарыгер, Т.Абдымомунов “Ашырбай”- Ашырбай, В.Шекспир. “Отелло”- Отелло. “Ричард III” - Ричард. К.Мамбетакунов ”Омар Хайямдын н махабаты”- Омар Хайям. Ч.Айтматов “Кылым карытар бир күн”- Эдигей. Ж.Садыков “Адам жана азезил” - Чынарбай ж.у.с. ролдорду бийик деңгээлде ойногон.

Анын актердук таланты, чыгармачылык деңгээли театрга караганда кинодо өтө терең жана ар тараптуу ачылды. “Жоро” тасмасында –чыккынчы Шарап, "Бакайдын жайытында"- Алым, "Ак мөөр" - Баяке, "Караш-Караш окуясында" - Жараспай, "Ысык-көлдүн кызгалдактарында" - Байзак, "Эски тегирменде" - Момой, "Биринчиде" - райкомдун 1-катчысы, "Ажолтойдо"-Абды, "Токтогулда"- Сарыуста, “Көчө”тасмасында-Ормотой,”Акбаранын көз жашы”-Бостон, сыяктуу кайталангыс образдарды жараткан.

1988-1990-жылдары Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында көркөм жетекчилик кызматты аркалаган.

Улуу актер 2001-жылы 24-мартта Бишкекте жүрөк оорусунан кайтыш болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG