Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Үркүн: Бедел ашып, Турпанга качкан чоң атам


Ата-Бейиттеги Үркүн курмандыктарына арналган эстелик.

Аптаптуу августта кечкисин шаардын түштүк тарабындагы чакан сейил бакты сейилдеп басканды жактырам. Сыдырым желден кадыресе дене сергип, бейкапар жүргөн жаштарды көрүп көңүл көтөрүлөт. Ошондой күндөрдүн биринде бет маңдайыман эски таанышым чыга калса болобу.

- Салам, братан! Как делишки?

- Салам! Өзүң кандай?

- Все нормально! Вот, внучкамды эс алдырып жүрөм!, - деп барбалактады.

Отургучка жайланышып өткөн-кеткендерди эстеп кызуу кепке кирдик. Тариэл экөөбүз жаш кезде бирге жүрүп жолдош болуп калганбыз. Шаардык жигит болгондуктан “Талян” деп чакырчубуз. Орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөйт. Тамашакөй. Атасы министрликте иштеп, турмуштун оордугун сезбей чоңойгон. Бир уул, бир кызы бар экен, небере жетелеп чоң ата болуптур.

Саясатты чемичкедей чактык, Кыргызстандагы кырдаалды “кырып” чыктык. Деги түгөттүн билбегени жок. Баарын билет, баарын тааныйт. Айта турган кеп деле калбады окшойт. Арыда ойноп аткан небересин карап бир топко тунжурап калдык.

- Быйыл Үркүнгө дагы 105 жыл болду. Жарытылуу эскерген кыргыз болбоду. Улуттук китепканада конференция өткөрүү менен чектелди, - дедим кепти улантуу үчүн.

"Сен дагы Үркүн дей баштадыңбы? Бу кыргыздар кыргынды өзү баштап алып анан “геноцид” деп эле саясаттыштыра берет. Орус падышачылыгынын армиясына эмес, кара жумушка бара беришсе болмок. Не за что, канча кыргыз кырылды. Мен кайра-кайра “Үркүн, Үркүн, Кыргын” деп козгой бергенге каршымын. Өлгөндөрдү жайына койгула да?", - деди мени жактырбай.

- Талян, сен чын-бышыгын аңдап жыйынтык чыгарганың жөндүү. Жок дегенде тарыхты билип, улуттун келечеги үчүн ошондой кыргын алааматка жол бербөө керек, - дедим. Менин чоң атам дагы ошол кыргында Үч-Турпан, Какшаалга барганын айтып чебелектесем.

- Ладно братан я домой, внучка спать хочет, - деп ордунан турду.

- Болуптур көрүшкөнчө, - деп кала бердим. Ал небересин колунан жетелеп, өз чындыгын айтканга шерденип кетти. Мен өз чындыгымды ага түшүндүрө албай калдым.

Жол-Булакта атылган ок

Мен кичинемде ыраматылык Жапар чоң атамдын оң акырегинде тырык бар эле.

- Чоң ата бул эмне болгон жара?, - десем.

- Жара эмес, тырык. Кичинемде карышкыр тиштеп алган, - десе мен ишенип алып, түн ичинде сыртка чыкчу эмесмин. Менден улуу Эсенбек байкеме эс кирип калганда болгон окуяны айтып бергенде ал кыскача кагазга түшүргөн экен.

Жапар чоң атам инилери Атай, Капар менен 1916-жылы келгиндер отурукташкан Чоң-Кеминдин Новороссийск айылында көпөстө жалданып иштеп жүрүшкөндө жайында кырдаал курчуп кетет.

Ошондо түн катып айылы Кичи-Кеминге качып келип туугандарына "кыргыздарды кырабыз" деген сөз болгонун кабарлашат.

- Самогонго тоюп алып, мастыгы менен калжырап коюшса керек, - дейт Садык чогулган элди дүрбөтпөй.

- Оо, кокуй, силер көргөн жоксуңар. Бизди жеп жиберчүдөй болуп калышты. Эптеп ыгын таап түн киргенде качып жөнөдүк айылга жеткенче артыбыздан кууп келип өлтүрүп салабы деп жаныбыз калган жок, - дейт Жапар ыза болуп.

Белгилүү жазуучу Саткын Сасыкбаевдин даректүү повестинде: “Атаке-Сарыбагыш болуштугунда жашаган кыргыздар көтөрүлүп, биринчилерден болуп кичи кеминдик жетиген уруусундагылар “Самсоновка ”(азыркы Боролдой айылы) станциясындагы казак-орус аскерлеринин отрядына кол салышкан.

Салгылашта жетиген уруусунан Аалынын Султангазысы, Дейдинин Абдыкерими, Абирдин жылкычысы, Садыктын Кудайбергени окко учуп каза болот. Орус аскерлердин тез атма мылтыктарына кыргыздар бакан, союл, айры менен каршылык көргөзгөн. Окко учкан туугандарыбыздын сөөгүн түн жамынып барып уурдап келип Бел-Сазга жашырып түн жамына туугандар менен Кашка-Жолду ашып, Кытайды көздөй арып-ачып жөнөдүк”, - деп эскерген жайы бар.

Жол-Булактын (азыркы Советское айылы) каналын жергиликтүүлөр “Канды-Арык” деп коюшат. Ошол жерде бейкүнөө кыргыздардын каны төгүлгөн.

"Түн жамынып мал-жандыгыбызды айдап, боз үйлөрүбүздү артып Жол-Булакты ашып бара жатканда, Самсоновканын казак-орус отрядынан үч аскер чаап келип, куралсыз элди ата баштайт. Мен акырегимди ок жулуп кетип кансырап жатып калдым. Мылтык үнү угулбай калганда, акырын башымды көтөрүп, ар кай жерде жер кучактап жаткандарды көрдүм. Жарадар болуп онтоп-кыйкыргандар толуп кетиптир. Тынчыганда мен курактуулар каза болгондорду эптеп корумдап жерге жашырып тирүү туугандар менен Жол-Булакты ашып кеткенбиз", - деп чоң атам Жапар агама айтып кеткен экен.

Ошондо 1916-жылы августа Боомго кире берген жерде Караколго курал-жарак ташып бараткан арабадагы казак-орустун жазалоочу аскерлерин таздардын өмүр уруусунан көзгө атар Жунуш Карачороев баштаган мергенчи жигиттер тосуп, катуу каршылык көрсөтөт. Казак-орустун жазалоочу аскерлери курал жүктөлгөн арабасын таштай качат.

Ошол кандуу жерге 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Бейшенбек Абдырасаковдун демилгеси жана каржылоосу менен эстелик орнотулган. Кызык жери, ошол эстеликти коюп атканда төмөн жагында илгери коюлган эки казак-орустун да эстелигин көргөм.

Көл жактагы Бедел ашуусу тарапта 20 жылдан ашуун чек ара коопсуздугу боюнча КГБнын кызматкери кичи кеминдик Сражидин Аманов: "Беделдин ашуусундагы мөңгүлөрдүн жаракасын кезинде ченөөгө туура келди. Ал жаракалардын тереңдиги 300-350 метрге жетет. Ошондо Аалы Токомбаевдин ”Кандуу жылдар” романында жазылгандар эсиме түштү. Биздин ата-бабаларыбыздын сөөктөрүн ушул жаракалар жашырган тура деп кейидим”, - деп калаар эле ыраматылык.

Чоң атам Жапар дагы ошол Бедел аркылуу Турпанга ашканбыз дегенин эскерди Эсенбек. Бул капсалаңдуу кыргын жөнүндө айтса сөз түгөнчүдөй эмес. Көптөгөн китептер, драмалар жазылды. Музыка симфониялар чыкты, сүрөттөр тартылды. "Азаттык" үналгысы дагы Үркүндүн 100 жылдыгына арналган “ Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” деген аталыштагы эскерүүлөр топтомун басып чыгарды. Жөө жүрүштөр уюштурулду.

Беделде ачык калган сөөктөр жерге жашырылып, куран окутулду. Тарыхчылардын баамында, 1916-жылкы көтөрүлүштө болжолдуу 650 миң кыргыз Кытайга качып, 150 миңге чукулу шейит кеткени айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG