Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:11

Үркүн быйыл жупуну эскерилди


Туман Жумабаевдин сүрөтү.

Кыргыз элинин тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири - Үркүнгө быйыл 105 жыл болду. 1916-жылдагы каргашалуу окуяны эскерүү жыл сайын августтун биринчи жумалыгында белгиленет. Бирок быйыл бийлик ага анчейин маани берген жок деп сындагандар болууда. Бийлик өкүлдөрү бул дооматты четке какты.

6-августта Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Үркүндүн 105 жылдыгына карата илимий конференция өттү.

Иш-чараны Үркүндү эскерүү боюнча коомдук демилгечи топ уюштурган. Анын жетекчиси Бейшенбек Абдразаков Үркүн темасына байланышкан конференцияга бийлик жетиштүү көңүл бурбай койгонуна кейиди.

Бейшенбек Абдыразаков
Бейшенбек Абдыразаков

“Масштабдуу кылып өткөрөлү дедик эле. Бирок өкмөт эскерүүнү өткөрүүгө Улуттук китепкананы гана берип койду. Биринчи кабатка китептердин көргөзмөсүн кылдык. Экинчи кабатка иш-чараны өткөрүүгө уруксат берди. Бул жетиштүү эмес. Мындай конференциялар ар бир шаарда, айылдарда өтүшү керек. Окуучулар Үркүн эмне экенин билип, эгемендик кантип келгенин аңдашы абзел. Биздин иш-чараларыбыз дагы уланат. Үркүндүн тарыхын биз бир гана Орусиядан алып келгенбиз. Бирок Түркияда да көп маалыматтар бар экен. Азыр ошону чогултуп жатабыз”.

Бул иш-чарада резолюция кабыл алынды. Анда Үркүндүн 110 жылдыгына чейин Бишкек шаарынын түштүк дарбазасында мемориалдык комплекс салынсын, тарых такталып, китеп басылып, кино, драма тартылсын жана Кыргызстандын бардык аймактарына, айылдарына эстеликтер орнотулсун деп жазылган.

Мындан тышкары Бишкек шаарындагы көчөлөргө Үркүнгө байланышкан аталыштар берилип, мектеп, жогорку окуу жайлардын программасына ачык сабактар өткөрүлсүн деп айтылат.

Илимий конференциянын уюштуруучулары режиссер Дооронбек Садырбаевдин «Кайран эл» тасмасы эгемендиктин 30 жылдыгына арналып, мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлүшү керек деп эсептешет.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев да катышты. Ал айтылган сөздөр акырындык менен ишке ашарын билдирди.

“Биз карап чыгабыз. Колдон келишинче иш-чарада кабыл алынган резолюцияны аткарганга аракет кылабыз. Бирок баары ишке ашат деп айта албайбыз. Анткени, ал жердеги айрым маселелерди талкуулаганга туура келет".

Абыкеевдин билдиришинче, Үркүндү эскерүү ушул коомдук иш-чара менен гана чектелет. Башкача айтканда, мамлекеттик деңгээлдеги эскерүүлөр болбойт. Аны мамлекеттик катчы мындайча түшүндүрдү.

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

“Эгемендиктин 30 жылдыгын майрамдык маанайда өткөрөлү деп, бардык аракеттер көрүлүп жатат. Мына, 15-августта эгемендикке арналган чоң иш-чаралар башталат. Ага эскерүүнү кошпой эле илимий конференция менен гана жыйынтыктап коелу деп чечтик".

Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 18-апрелиндеги токтому менен август айынын биринчи жума күнү Кыргызстанда 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү катары аныкталган.

Бирок андан бери бул окуяны эскерүү жетиштүү болбой жатканы тууралуу сындар айтылып келет. Муну Орусияга ыктаган саясаттын эпкини катары баалагандар да жок эмес.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Үркүндү эскерүү маселесине токтолду.

"Мааракелүү даталарда гана эстебей, кандай мезгил болсо да сөзсүз түрдө ар бир жылда, ай сайын айтылып, белгиленип турушу керек. Эгемендиктин барк-баасын биз ошол 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхынан улам билишибиз керек. Буга эч кандай чек коюлбаганы оң".

Үркүн окуяларын Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө белгиленет. Бул күндөрдү жыл сайын белгилеп туруу жарлыгына 2017-жылдын 26-октябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Жарлык "1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине калыс тарыхый баа берүү максатында" кабыл алынганы айтылган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылгандан кийин орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG