Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Кыргыз өнөрдү туу туткан уулун жоготту


Туман Жумабаев
Туман Жумабаев

Кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Туман Жумабаев 58 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

"21-кылымдын Рембрандты" аталган кыргыз сүрөтчүсү, АКШ сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү Туман Жумабаев 30 жылдан ашуун Питерде жашаган. Орусиядагы эң кымбат сүрөтчүлөрдүн катарына кирген Жумабаевдин "Азаттыктын" архивинде калган маектерин окурмандарга сунуштайбыз.

Бакиевдин портретин тартпай койгон сүрөтчү

(Маек Туман Жумабаевдин "Азаттыктын" өзбек кызматына курган маегинин негизинде 2017-жылы 16-февралда даярдалган).

Эмгеги жогору бааланган сүрөтчүлөрдүн катарын толуктаган Туман Жумабаев Путинди самурайга салыштырган. Курманбек Бакиевдин сүрөтүн тартууну каалаган эмес.

Кезинде орусча билбей эле Питерге баса берген, азыр бир топ ийгиликтерди багындырган 55 жаштагы Туман Жумабаев Путин, Акаев сыяктуу саясатчылардын портретин жараткан. Ошол эле кезде Назарбаев, Бакиев сыяктуу президенттердин сунушунан баш тарткан.

"Кыргызстандагы күн"
"Кыргызстандагы күн"

1980-жылы Туман Жумабаев орус тилинде болгону элүү-алтымыш сөз билчү. Сары-Челекке жакын Кара-Суу аймагындагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөн сүрөтчү билим алуу үчүн Ленинград шаарына, азыркы Санкт-Петербургга жөнөгөн. Бул калаа орус сүрөтчүлөрүнүн уюгу, көркөм өнөрдүн каймактары топтолгон жер эле. Алгачкы чыгармачыл жылдарын Жумабаев мындайча эскерет:

- Олимпиада болуп жаткан жылдар эле. Орус тилин билбесем да тобокелдикке салып баса бердим. “Здравствуйте, до свидания” сыяктуу саналуу сөздөрдү эле билем. Мындайча айтканда, кыргызча эле сүйлөп жүргөм. Алгач паркет жасаганды үйрөткөн окуу жайга - ПТУга окууга кирдим. Бир жылдан кийин Серов атындагы Ленинград көркөм окуу жайынын реставрация факультетине тапшырдым. Андан соң Көркөм өнөр академиясына өттүм.

Аталган академия абройлуу окуу жай саналган. Ал жерге таланттуу гана балдар кабыл алынчу.

Сүрөтчүлүктү кесип эмес, табият берген талантты тартуулоо, жаратылыш сунуштаган милдетти миссия катары аткаруу деп эсептеген Туман Жумабаев Советтер Союзунда жана Чыгыш Европада эң консервативдүү таалим системасы менен таанылган Репин атындагы Искусство институтун да аяктаган:

- Чын айтканда Питер мектеби өтө консервативдүү эле. Менимче, ал кездери бардык мектептерде консерватизм жана темирдей тартип колдонулган. Балким аны консерватизм деп атаган деле туура эместир. Эреже деп койсок болчудай. Чынында, сүрөт тартуу жана талдоо усулун үйрөнүү үчүн консервативдүү билим да керек. Мен академияга беш мүнөт кечиксем, деканатка түшүнүк кат жазар элем. Мектеп бизге күчтүү пайдубал болду. Жакпаса кетиш керек. Талантты андан ары өнүктүрүү адамдын өзүнөн. Мен тартиби катаал мектепке ыраазымын.

Туман Жумабаевдин чыгармалары Орусиядан тышкары Европанын Вена, Варшава, Париж өңдүү шаарларындагы музейлерден орун алган.

Боёк менен тарткан чыгармаларынын арасында жаратылыш, портреттер, тарыхый сүрөттөр көп.

2006-жылы Москвада Кремлдин Колонналар залында анын сүрөттөрү “Нурдуу Рембрандт” деген көргөзмөгө коюлган. Сынчылар Жумабаев жөнүндө “XXI кылымдын Рембрандты” деп жазышкан.

- Рембрандт деген атты студент кезимде уккам. Айылда өскөн болсом, дүйнөлүк таанымал инсандарды кайдан билейин. Биринчи курста окуп жүргөн кезимде окутуучу мага “Сен Рембрандтка окшоп сүрөт тартат экенсиң” деди. “Рембрандт деген ким?” деп таң калып сурадым. Эртеси күнү Эрмитажга барып ошол улуу сүрөтчүнүн чыгармаларын көрдүм. Жума сайын барып турдум. Ошондон тарта Рембрандт мага устат болду. Ыйык киши катары тааныдым, - дейт сүрөтчү.

Туман Жумабаев Ван Гог, Чуйков сыяктуу алптарды да устат катары эсептейт. Айрыкча, нидерландиялык Ван Гогдун чыгармаларын сүйөт. Ага окшошконго аракет кылат. Бирок айырмасы - Винсент Ван Гог бир да чыгармасын сата албай, жакырчылыкта күн өткөргөн. Туман Жумабаевдин сүрөттөрү өтүмдүү. Санкт-Петербургдун борборунда “Туман-арт” аттуу галереясы бар:

Туман Жумабаев тарткан Аскар Акаевдин портрети.
Туман Жумабаев тарткан Аскар Акаевдин портрети.

- Мен бай эмесмин. Бирок өзүмө жетет десем болот. Бардык зарыл нерселер бар. Муктаждыгым жок. Дүйнөнүн каалаган жерине каалаган учурда бара алам. Ага карабай, мен моралдык байлыкты материалдык байлыктан өйдө койгондордун катарына кирем. Сүрөттөрүм 50 миң еврого, кээде андан да кымбат сатылган. Менден алгандар дагы кымбатка сатып жатышат. Сүрөтүм сатылбай калды деген кишилерге “иштегиле, аракет бар жерде берекет болот” деп айтам.

Аскар Акаев менен.
Аскар Акаев менен.

Көркөм өнөр серепчилери Жумабаевдин чыгармаларын эң өтүмдүү сүрөттөр деп сыпатташат.

Ташкенттик сынчы Акмал Ризаев Жумабаевдин чыгармачылыгы тууралуу буларды айтат:

- Чыгармалары кымбат бааланган заманбап, реалист сүрөтчү. Ал тарткан Владимир Путиндин портретинин алгачкы эле баасы 30 миң евро болгон. Азыр ал сүрөт Путиндин коллекциясында жүрөт. Белгилүү опера ырчысы Елена Образцованын портрети да кымбат бааланганын билем. Олигархтар ортого адам салып, Туман Жумабаевге Назарбаевдин портретине буйрутма бергенин, бирок Туман андан баш тартканын уккам.

Каарманыбыз Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин портретин да тарткысы келген эмес. Бакиев аны жолугушууга чакырганда да барбай койгон экен:

Самурайга салыштырылган Путин.
Самурайга салыштырылган Путин.

- Путинди алгач телевизордон көргөм. Анын көз карашы мага самурайлардын элесин берген. Ушундан улам самурайга окшош сүрөтүн тарттым. Кийин Путиндин тегерегиндеги кишилер келип, сүрөттү сатып алып, орус президентине белек кылышты. Путин менен жолуккан эмесмин. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев менен жакын досмун. Достугубуздун урматына анын портретин тарттым. Ага аябай жакты. “Менин сүрөтүмдү көпчүлүк тарткан, бирок сенин эмгегиң эң мыкты” деп айткан. Кийин бийлик алмашып, Курманбек Бакиев президент болду. Ал Питерге келгенде мени жолугушууга чакырды. Эмнегедир, ага кезигүүнү каалабадым. Сүрөтүн да тартпадым. Мен аны жакшы президент катары кабыл алган эмесмин. Балким ал жакшы мамлекет башчы болгондур, бирок менин көңүлүм болбоду.

Жазуучу Чыңгыз Айматов менен.
Жазуучу Чыңгыз Айматов менен.

Үч уулду тарбиялаган Туман Жумабаев тоолордун сүрөтүн тартууга көбүрөөк ышкыбоз экен. Муну Кыргызстандын тоолуу аймагында төрөлүп өскөнүнө байланыштырган сүрөтчү мекенине тез-тез келип турса да, жүрөгүндө Ата журтка болгон сагыныч орноп алганын белгилейт:

- Сагынам, Кыргызстанга тез-тез каттап турам. Төрт жыл мурун Ысык-Көлдө саясатчылар , бай кишилер менен жолугушкам. Аларга искусствону көтөрүүнү сунуштагам. Сүрөтчүлөргө жардам бериш керектигин айткам. Алар болсо “азыр абалыбыз начар, качан абалыбыз жакшырганда гана сүрөтчүлөргө жардам берип, искусствого көңүл бурабыз” деп жооп беришкен. Эгер ушундай ойдо жүрө берсеңер, мамлекет такыр өнүкпөйт деп айткам...

"21-кылымдын Рембрандты"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:56 0:00

Питерлик сүрөткер: Бакыт байлыкта эмес

2011-жылы 12-сентябрда Питерде сүрөтчүнүн Кыргыз эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган көргөзмөсү ачылган. Анын алдында Санкт-Петербург сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү Жумабаев "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжандын суроолоруна жооп берген эле.

Туман Жумабаев: Көргөзмөдө Кыргызстан жөнүндө сүрөттөрдүн бирин койдум. Андан тышкары, ар бир өлкөдөн бирден сүрөт болду. Мен Иран, Вьетнам, Кытай, Европадагы бир топ өлкөлөрдө болгом, ал жерлерде тарткан сүрөттөрүмөн да бирден тандап алдым.

Жаңыл Жусупжан: Бул көргөзмө Орусияда жашаган, ошол жакта эмгектенген кыргыз сүрөтчүсүнүн көрсөтмөсү десек туура болобу?

Туман Жумабаев: Чындыгында айтканда, мага айырмасы жок, себеби улутчулдукту өзүм анча жакшы көрбөйм. Кыргыз болуп жаралгам, өмүр өткөнчө кыргыз бойдон калам, анда эч кандай чатак жок. Кыргыз болобу, орус болобу, ал биринчи кезекте адам болсун деген гана ниеттемин. Мен орусиялык сүрөтчүмүн, бирок кыргыз болуп жаралганым, кыргыз тилин сүйлөгөнүм мен үчүн өтө чоң сыймык.

Жаңыл Жусупжан: Көргөзмөдө Үркүн тууралуу сүрөтүңөр болобу?

Туман Жумабаев: Ал сүрөттөр мен окуган Репин атындагы көркөм академиянын музейинде калган. Аны мага беришпейт.

Жаңыл Жусупжан: Ал сүрөттөр, мен түшүнгөндө, силердин дипломдук ишиңер болгон эле. Мен сүрөттөрдөн, мисалы кабагын түйүп отурган абышканы, атчандарды, куралчан кишини көрдүм. Эмне себептен ушул теманы тартайын деп чечтиңиз эле?

Туман Жумабаев: Мен Питерге (окууга) жаңы келгенде орус тилин такыр билчү эмес элем. Жалаң кыргыз адабиятын кыргызча окуп үйрөнгөндүктөн, Кыргызстанда жашап өткөн күндөрдү эстеп, ошол жөнүндө көп нерселерди сүрөткө тарткам. Үркүндү тартканымдын себеби, 1916-жылы орус падышасы кыргыз элин кырып, кыргыздардын көбү Кытайга качкан, ошого зээним кейип, Үркүндү тарттым эле.

Мен Үркүн боюнча дипломумду жазып жатканымда, агайларым, курсташтарым “Үркүндү тартып эмне кыласың? Бүгүн качкындар жок, ал өтүп кеткен окуялар” деп айтышкан. Бирок мен Үркүндү тарткандан кийин, мына Азербайжан менен Армения Карабак үчүн согушту, дагы башка жаңжалдар болду, качкандар көбөйүп, азыркы убакытка чейин ошондой (болуп келатат).

Жаңыл Жусупжан: Сиздин чыгармаларыңыздан кандайдыр бир жаркын поэзиянын, ички терең кубанычтын илеби келип турат. Бирок сиз сүрөткер адам катары согуш, кан төгүү, зөөкүрлүк деген маселелерди көрмөксөнгө сала албайсыз, чынбы? Канткенде согушту болтурбай кое алабыз?

Туман Жумабаев: Менимче, согуш болбошу учун ар бир адамдын ички дүйнөсүндө сүйүү деген болуш керек. Адамдын ички дүйнөсүндө жарык нерсе болсо, жамандыкка барбайт. Ар бирибиз ички дүйнөбүздү тазалап турушубуз керек деп ойлойм. "Үркүн" сериясында орустун аскерлерин, кыргыздардын өлүп жатканын тарткам. Бирок зөөкүрлүктү, өлүмдү чагылдырган сүрөттөрүмдөн баш тарттым, себеби адам эң алды кайгынын тереңдигин сезсе, анын сезими да башкача болот. Кабагын түйгөн абышканы, баласын көтөрүп бараткан аялды - адамда сүйүү жаралабы деген үмүт менен тарткам.

Жаңыл Жусупжан: Азап, тозок, кыйноо, кыйналуу - бул бир эле тандалма улутка эмес, ар бир улутка, ар бир адамга тиешелүү сезим эмеспи?

Туман Жумабаев: Албетте. Мен адамдарды улутуна карап, бул мындай, тигил тигиндей деп бөлбөйм. Себеби адамдын жакшысы дагы, жаманы дагы бар. Ушул учурда жамандыкка барып, бирок кийинчирээк өзгөрүшү мүмкүн. Эгер адам өссө, ички дүйнөсү байыса, ал эртеси күнү, албетте, өзгөрөт.

Жаңыл Жусупжан: Өзүн өзү өрчүтмөк демекчи. Кээде турмуштан кыйналып, адам ар нерсеге барат же болбосо, көр оокаттын айынан өзү аздектеген нерседен баш тартып кетиши мүмкүн. Мисалы, сиз менен чогуу Репин академиясында окуган кыргызстандык эле сүрөтчүлөрдүн айрымдары азыр Европанын шаарларында көчөдө сүрөт тартып отурушат. Сиз көркөм өнөр дүйнөсүндө кантип калып калдыңыз?

Туман Жумабаев: Идеалыңды сактап калыш үчүн адамды гана сүйбөстөн, бул жараткан дүйнөдөгү ар бир нерсени сүйгөнгө аракет кылыш керек. Кудай таала жараткан жаратылыштын өзү да буга жардам берет. Ушундай күч жаратылышта бар экенин сезип, ошого ишенип, ошого жараша аракет кылам. Эгер адам өзү жөнүндө гана ойлосо, анда ал жаман нерселерге барышы мүмкүн. Адамдын ичинде кандай бир улуу “рух” болуш керек.

Жаңыл Жусупжан: “Рух” демекчи, сиз кичирээк кезде, советтик мезгилде бата бергенде “өмүрлүү бол, ата-энеңди сыйла” деп алкоочу эле. Азыр “бар бололу - бай бололу” дешет. Сиздин акчага мамилеңиз кандай?

Бай болсок эле, бактылуу болобуз деп ойлойбуз...

Туман Жумабаев: Мен бул нерсеге өтө каршымын. Бай болсок эле, турмуш жакшы болуп, жыргап, бактылуу болобуз деп ойлойбуз. Акча, байлык - бакыт алып келбейт. Бакытты баалоо үчүн адамда ички дүйнөнү сезе турган жогорку деңгээлдеги аң-сезим болуш керек. Эгер туура жолдо жүрсө, адамга ичкенге бир ууртам суу, өзөк жалгаганга бир чөйчөк атала ар дайым табылат.

Жаңыл Жусупжан: Бүгүн коомдо “адеп-ахлак аксап калды, динге койсок, баары өзү ордуна келет” деген ишенимдин күч алганын байкайбыз. Көркөм өнөр менен диндин алакасына кандай карайсыз?

Туман Жумабаев: Дин адамдын ички дүйнөсүн байытууга алып келе турган нерсе. Диндин сапаты ошондой. Бирок динди айрымдар бурмалап коюшу мүмкүн. Менин оюмча, дин да заманга жараша өзгөрүш керек. Ар бир замандын өзүнүн айтыла турган сөзү бар эмеспи.

Жаңыл Жусупжан: Көркөм өнөр, анын сулуулугу бизди сактап кала алабы?

Туман Жумабаев: Менин оюмча, көркөм өнөр динге жардам бере турган нерсе сыяктуу.

Жаңыл Жусупжан: Көркөм өнөр динге кызмат кылуусу керекпи?

Туман Жумабаев: Мен эч качан мечитке же чиркөөгө барып чокунган адам эмесмин. Менин диний ишенимим жаратылышка байланган. Мен үчүн ар бир адам жаратылышка байымдуу болсо, аң-сезими табият менен камыр-жумур болсо, ал адамга кудай таала өзү жардам берээрин сезип турам. Себеби биз жаратылыштын бир бүртүгүбүз.

Жаңыл Жусупжан: Сиздин чыгармаларыңыз дүйнөдөгү ар түрдүү жеке коллекцияларда бар. Өзүңүздүн көргөзмөңүз менен Франция, Греция, Вьетнам жана башка өлкөлөрдө болуп, сүрөт тартып жүрөсүз. Азыр мына Кытайга баратасыз. Кыргызстан боюнча пландарыңыз кандай?

Туман Жумабаев: Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, Кыргызстанга барганга быйыл да убакыт болгон жок. Келерки жылы буйруса элүүгө чыгып жатам, туулган күнүмдү Кыргызстанга барып өткөрсөмбү дейм. Себеби Кыргызстан жөнүндө менин бир чоң эңсеген нерсем бар. 1980-жылдары (Питерден каникулга) келгенимде "Манасты" өтө көп окуучу элем. Ошол убакытта Манас жөнүндө көп ойлонгом.

Өткөндө мен эски эскиздеримди карап отуруп, Манас жөнүндө өзүнчө бир серияларды тартып, анан өлсөм деп ойлодум.

Манасты китепте кандай жазылса ошондой тартпастан, өзүмдүн пикиримди берейин дедим эле - кыргыздардын, Айчүрөктүн кийимдерин өзүм ойлоп таап тартам. 50-60 сүрөттөн турган бир серия тартсам дейм. Ушундай ниетим бар.

Жаңыл Жусупжан: Ниетиңиз жакшы экен. "Манас" боюнча Орусияда Теодор Герцен, Кытайда Гази Ахмед иллюстрацияларды тарткан. Кыргыздардан аракет кылгандар бар, бирок көпчүлүктүн көңүлүн бура турган чыгармалар жаралса, албетте, баардыгыбыз кубанабыз.

Туман Жумабаевдин кыл калеминен жаралган сүрөттөр.

Туман Жумабаев 1962-жылы 10-мартта Аксы районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти бүткөндөн кийин Орусияга сапар тартып, ошол жактан орун-очок алган. Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы. Жакындарынын айтымында, Жумабаевдин сөөгү Санкт-Петербург шаарына коюла турган болду.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG