Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:31

Сахна артында: "Образга кирип, ооруп калчу"


"Кылмыш жана жаза” спектаклинде, Соня - Т. Насыранбекова (солдон биринчи), Катерина Ивановна - А. Набиева ( солдон экинчи), Мармеладов - Н.Калыбеков. 1983-жыл.

1983-жылы Орто Азия театрларынын ичинен биринчилерден болуп Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театры Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" романы боюнча спектакль коюп, баш каарман Катерина Ивановнаны Асылгүл Набиева аткарды.

Ошондо аталган спектакль Москвада көрсөтүлгөндөн кийин искусство илиминин кандидаты О. Галахова Набиеванын эмгегин жогору баалаган.

"Спектаклдин ички негизи күчтүү. Мындай касиет көпчүлүк персонаждардан сезилет. Өзгөчө актриса Асыл Набиева - Катерина Ивановнанын коңур, тыкан мүнөзүн өтө таасирдүү ачып берген", - деген пикирин айткан.

Ал эми искусство илимдеринин доктору Е. Полякова дагы артисттин чеберчилигин өзүнчө белгилейт.

"Албетте, спектаклде өзгөчө көрүнгөн образдар Соня (арт. Р. Заитова) менен Катерина Ивановна болду. Муну Набиева эң сонун чеберчиликте аткарды", - деп жогорку баасын берет.

Актриса Асылгүл Набиева Катеринанын ролун аткарганда образга кирип психологиялык жактан жабыркап, турмушка ызалыгы таарынычы күчөп, аз жерден акылынан айнып кете жаздаганын айтканы бар.

Ал тескерисинче, Шекспирдин "Король Лир" спектаклинде – улуу кызы Гонерильяны ойногондо физикалык жактан алсырап чарчаганын эскерген.

Чабарман - А.Жапаров (солдон биринчи), кароль Освальд - Н.Калыбеков, Гонерилья - А.Набиева, маскарапоз - Т.Актанов. “Король Лир” спектакли. 1983-жыл.
Чабарман - А.Жапаров (солдон биринчи), кароль Освальд - Н.Калыбеков, Гонерилья - А.Набиева, маскарапоз - Т.Актанов. “Король Лир” спектакли. 1983-жыл.

Чынында эле Катерина Ивановнанын сценасында, оор турмуштун азабынан акылынан ажыраган каарманды актриса Асылгүл Набиева ойногондо көрөрмандар көздөрүнө жаш алчу. 1983-жылы кышында Набиева кеселдеп облустук ооруканада дарыланып жатканда, “Кылмыш жана жаза” спектакли көрсөтүлүп калды. Ошондо ал ооруну басаңдаткан ийне сайдырып, "Тез жардам" менен театрга келип ролун аягына чейин ойноп, кайра ооруканага кеткенине күбө болгом.

Анын бул аракетин өнөргө болгон өжөрлүгү, ишке жоопкерчилиги, карапайым көрөрманга сүйүүсү, өнөргө өлөрмандыгы деп түшүнгөм.

Чынында актерлордун көшөгө артындагы жашоосу тозок жашоо дээр элем. Өткөн жылы күзүндө Асыл эже ооруканада жатканын угуп абалын сурасам, жүрөгүн даарылатып атыптыр. Адатта Нарында иштеп кеткен артисттердин аял-эркеги дебей жүрөк, бөйрөк, кан басымы дартынан жабыркашат.

Образ жаратабыз деп жүрүп артисттин саламаттыгы ойрон болуп атканын көрүүчүлөрдүн бардыгы эле билбесе керек. Ролду жаратабыз дешип каармандын кулк-мүнөзүн, жүрөгү, ички сезимдери аркылуу өткөрүп өмүрү кыскарып стрессте болушат. Бөйрөгү ооругандар кышы-жайы гастролдо жүрүп дартка чалдыкканын айтышса, айрымдары ашказанын ачка-ток болгондон көрүшөт.

Кан басымы жогорулар Нарындын катаал шартына байланыштырат. Негизинен өнөр адамдарынын көпчүлүгү дүйнө-мүлккө кызыкпаган, куру кыялга жетеленип өнөргө өмүрүн арнагандар. Алар дагы эле совет доорундагы "Искусство требует жертв" деген ураанды туу тутушат.

Өмүр таржымалы

КР эл артисти Асылгүл Набиева 1949-жылы 5-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы, Сын-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте окуганда спорт менен машыгып, чуркоо боюнча район, облустун чемпиону болгон. Бирок өздүк көркөм ийриминин таасириненби мектепти аяктагандан кийин Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтундагы театр режиссеру бөлүмүнө өтүп, аны 1976-жылы ийгиликтүү аяктайт. 1976-1979-жылдары мамлекеттик телерадио комитетинин адабий драма редакциясында режиссер болуп иштеген.

1979-жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрына кабыл алынат. Театрда иштеп жүргөндө көптөгөн образдарды ачып берген. Анын ичинде “Король Лир”- Гонерилья, "Макбет"- Макбет айым, "Кылмыш жана жаза" - Катерина Ивановна, "Ветсайд окуясы"- Анита, "Өлүм жазасы" - Галя, "Күйөө бала" - Назими, "Ырайымсыз жаза" - Айша бар. Нарын музыкалык драма театрында иштеген 12 жыл аралыгында 30дан ашуун роль ойногон.

Бир нече кино тасмаларга тартылып 60ка чукул ар кандай кейипкерди аткарган.

1978-жылы “Өмүр жазы” - Жазгүл, 2008-жылы “Уурунун махабаты”- бакшы кемпир, "Жашоо үчүн курман болгондор" - Бурул байбиче, "Айыл өкмөтү"-аял ж.б. образдарды жараткан.

1991-жылдан баштап Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында актриса. “Туу жыгар” - Кубул байбиче, “Аста, секин колукту”- Барсаана сыяктуу ондогон образды жаратып, концерттерде жагымдуу ырларды аткарган.

2016-жылы Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын көркөм жетекчиси болгон.

Анын бир нече сыйлыктары да бар. 1995-жылы Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреты болгон. КР эл артисти, бир нече орден, медалдар менен сыйланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG