Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Питерлик сүрөткер: Бакыт байлыкта эмес


Автопортрет
Автопортрет

12-сентябрда кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Туман Жумабаевдин Питерде Кыргыз эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган көргөзмөсү ачылды. 

Санкт-Петербург сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү Туман Жумабаев көргөзмө алдында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Туман Жумабаев: Көргөзмөдө Кыргызстан жөнүндө сурөттөрдүн бирин койдум. Андан тышкары, ар бир өлкөдөн бирден сүрөт болду. Мен Иран, Вьетнам, Кытай, Европадагы бир топ өлкөлөрдө болгом, ал жерлерде тарткан сүрөттөрүмөн да бирден тандап алдым.

Жаңыл Жусупжан: Бул көргөзмө Орусияда жашаган, ошол жакта эмгектенген кыргыз сүрөтчүсүнүн көрсөтмөсү десек туура болобу?

Туман Жумабаев: Чындыгында айтканда, мага айырмасы жок, себеби

Кыргыз болуп жаралгам, кыргыз бойдон калам.

улутчулдукту өзүм анча жакшы көрбөйм. Кыргыз болуп жаралгам, өмүр өткөнчө кыргыз бойдон калам, анда эч кандай чатак жок. Кыргыз болобу, орус болобу, ал биринчи кезекте адам болсун деген гана ниеттемин. Мен орусиялык сүрөтчүмүн, бирок кыргыз болуп жаралганым, кыргыз тилин суйлөгөнүм мен үчүн өтө чоң сыймык.

Жаңыл Жусупжан: Көргөзмөдө Үркүн тууралуу сүрөтүңөр болобу?

Туман Жумабаев: Ал сүрөттөр мен окуган Репин атындагы көркөм академиянын музейинде калган. Аны мага беришпейт.

Жаңыл Жусупжан: Ал сүрөттөр, мен түшүнгөндө, силердин дипломдук ишиңер болгон эле. Мен сүрөттөрдөн, мисалы кабагын түйүп отурган абышканы, атчандарды, куралчан кишини көрдүм. Эмне себептен ушул теманы тартайын деп чечтиңиз эле?

Туман Жумабаев: Мен Питерге (окууга) жаңы келгенде орус тилин такыр билчү эмес элем. Жалаң кыргыз адабиятын кыргызча окуп үйрөнгөндүктөн, Кыргызстанда жашап өткөн күндөрдү эстеп, ошол жөнүндө көп нерселерди сүрөткө тарткам. Үркүндү тартканымдын себеби, 1916-жылы орус падышасы кыргыз элин кырып, кыргыздардын көбү Кытайга качкан, ошого зээним кейип, Үркүндү

Үркүндү тартып эмне кыласың? Бүгүн качкындар жок" дешкен.

тарттым эле. Мен Үркүн боюнча дипломумду жазып жатканымда, агайларым, курсташтарым “Үркүндү тартып эмне кыласың? Бүгүн качкындар жок, ал өтүп кеткен окуялар”деп айтышкан. Бирок мен Үркүндү тарткандан кийин, мына Азербайжан менен Армения Карабак үчүн согушту, дагы башка жаңжалдар болду, качкандар көбөйүп, азыркы убакытка чейин ошондой (болуп келатат).

Жаңыл Жусупжан: Анын ичинде сиздин кичи мекениңиз Оштон качкандар азыр Орусияда бир топ. Сиздин чыгармаларыңыздан кандайдыр бир жаркын поэзиянын, ички терең кубанычтын илеби келип турат. Бирок сиз сүрөткер адам катары согуш, кан төгүү, зөөкүрлүк деген маселелерди көрмөксөнгө сала албайсыз, чынбы? Канткенде согушту болтурбай кое алабыз?

Туман Жумабаев: Менимче, согуш болбошу үчүн ар бир адамдын ички дүйнөсүндө сүйүү деген болуш керек. Адамдын ички дүйнөсүндө жарык нерсе болсо, жамандыкка барбайт. Ар бирибиз ички дүйнөбүздү тазалап турушубуз керек деп ойлойм. "Үркүн" сериясында орустун аскерлерин, кыргыздардын өлүп жатканын тарткам. Бирок зөөкүрлүктү, өлүмдү чагылдырган сүрөттөрүмдөн баш тарттым, себеби адам эң алды кайгынын тереңдигин сезсе, анын сезими да башкача болот. Кабагын түйгөн абышканы, баласын көтөрүп бараткан аялды - адамда сүйүү жаралабы деген үмүт менен тарткам.

Жаңыл Жусупжан: Азап, тозок, кыйноо, кыйналуу - бул бир эле тандалма улутка эмес, ар бир улутка, ар бир адамга тиешелүү сезим эмеспи?

Туман Жумабаев: Албетте. Мен адамдарды улутуна карап, бул мындай, тигил тигиндей деп бөлбөйм. Себеби адамдын жакшысы дагы, жаманы дагы бар. Ушул учурда жамандыкка барып, бирок кийинчирээк өзгөрүшү мүмкүн. Эгер адам өссө, ички дүйнөсү байыса, ал эртеси күнү, албетте, өзгөрөт.

Жаңыл Жусупжан: Өзүн өзү өрчүтмөк демекчи. Кээде турмуштан кыйналып, адам ар нерсеге барат, же болбосо, көр оокаттын айынан өзү аздектеген нерседен баш тартып кетиши мүмкүн. Мисалы, сиз менен чогуу Репин академиясында окуган кыргызстандык эле сүрөтчүлөрдүн айрымдары азыр Европанын шаарларында көчөдө сүрөт тартып отурушат. Сиз көркөм өнөр дүйнөсүндө кантип калып калдыңыз?

Туман Жумабаев: Идеалыңды сактап калыш үчүн адамды гана сүйбөстөн, бул жараткан дүйнөдөгү ар бир нерсени сүйгөнгө аракет кылыш керек. Кудай таала жараткан жаратылыштын өзү да буга жардам берет. Ушундай күч жаратылышта бар экенин сезип, ошого ишенип, ошого жараша аракет кылам. Эгер адам өзү жөнүндө гана ойлосо, анда ал жаман нерселерге барышы мүмкүн. Адамдын ичинде кандай бир улуу “рух” болуш керек.

Жаңыл Жусупжан: “Рух” демекчи, сиз кичирээк кезде, советтик мезгилде бата бергенде “өмүрлүү бол, ата-энеңди сыйла” деп алкап турушчу эле. Азыр “бар бололу - бай бололу” дешет. Сиздин акчага мамилеңиз кандай?

Бай болсок эле, бактылуу болобуз деп ойлойбуз...


Туман Жумабаев: Мен бул нерсеге өтө каршымын. Бай болсок эле, турмуш жакшы болуп, жыргап, бактылуу болобуз деп ойлойбуз. Акча, байлык - бакыт алып келбейт. Бакытты баалоо үчүн адамда ички дүйнөнү сезе турган жогорку деңгээлдеги аң-сезим болуш керек. Эгер туура жолдо жүрсө, адамга ичкенге бир ууртам суу, өзөк жалгаганга бир чөйчөк атала ар дайым табылат.

Жаңыл Жусупжан: Бүгүн коомдо “адеп-ахлак аксап калды, динге койсок, баары өзү ордуна келет” деген ишенимдин күч алганын байкайбыз. Көркөм өнөр менен диндин алакасына кандай карайсыз?

Туман Жумабаев: Дин адамдын ички дүйнөсүн байытууга алып кере турган нерсе. Диндин сапаты ошондой. Бирок динди айрымдар бурмалап коюшу мүмкүн. Менин оюмча, дин да заманга жараша өзгөрүш керек. Ар бир замандын өзүнүн айтыла турган сөзү бар эмеспи.

Жаңыл Жусупжан: Көркөм өнөр, анын сулуулугу бизди сактап кала алабы?

Туман Жумабаев: Менин оюмча, көркөм өнөр динге жардам бере турган нерсе сыяктуу.

Жаңыл Жусупжан: Көркөм өнөр динге кызмат кылышы керекпи?

Туман Жумабаев: Мен эч качан мечитке же чиркөөгө барып чокунган адам эмесмин. Менин диний ишенимим жаратылышка байланган. Мен үчүн ар бир адам жаратылышка байымдуу болсо, аң-сезими

Диним жаратылышка байланган.

табият менен камыр-жумур болсо, ал адамга кудай таала өзү жардам берээрин сезип турам. Себеби биз жаратылыштын бир бүртүгүбүз.

Жаңыл Жусупжан: Сиздин чыгармаларыңыз дүйнөдөгү ар түрдүү жеке коллекцияларда бар. Өзүңүздүн көргөзмөңүз менен Франция, Греция, Вьетнам жана башка өлкөлөрдө болуп, сүрөт тартып жүрөсүз. Азыр мына Кытайга баратасыз. Кыргызстан боюнча пландарыңыз кандай?

Туман Жумабаев: Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, Кыргызстанга барганга быйыл да убакыт болгон жок. Келерки жылы буйруса элүүгө чыгып жатам, туулган күнүмдү Кыргызстанга барып өткөрсөмбү дейм. Себеби Кыргызстан жөнүндө менин бир чоң эңсеген нерсем бар. 1980-жылдары (Питерден каникулга) келгенимде "Манасты" өтө көп окуучу элем. Ошол убакытта Манас жөнүндө көп ойлонгом.

Өткөндө мен эски эскиздеримди карап отуруп, Манас жөнүндө өзүнчө бир серияларды тартып, анан өлсөм деп ойлодум.

Манасты китепте кандай жазылса ошондой тартпастан, өзүмдүн пикиримди берейин дедим эле - кыргыздардын, Айчүрөктүн кийимдерин өзүм ойлоп таап тартам. 50-60 сүрөттөн турган бир серия тартсам дейм. Ушундай ниетим бар.

Жаңыл Жусупжан: Ниетиңиз жакшы экен. "Манас" боюнча Орусияда Теодор Герцен, Кытайда Гази Ахмед иллюстрацияларды тарткан. Кыргыздардан аракет кылгандар бар, бирок көпчүлүктүн көңүлүн бура турган чыгармалар жаралса, албетте, баардыгыбыз кубанабыз.

Туман Жумабаевдин кыл калеминен жаралган сүрөттөрдү бул жерден көрө аласыз /soundslide/1245.html

XS
SM
MD
LG