Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Барселонада да кыргыз бар


Асан Кубатаалы Ла Рамбла көчөсүндө, Барселона, 2-ноябрь, 2009-жыл.
Асан Кубатаалы Ла Рамбла көчөсүндө, Барселона, 2-ноябрь, 2009-жыл.

Европага кеткен кыргыздардын көбү Англия, Германия, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө легалдуу да, мыйзамсыз да жашап жүрүшөт. Түштүк Европа тарапта болсо кыйла аз.

Бул тууралуу көп жылдардан бери Испанияда жашаган сүрөтчү Асан Кубатаалы биздин кабарчыга билдирди. Aнын айтымында, испандык кыргыздар бул өлкөдө гандбол командасынын машыктыруучусу Талант Дүйшөбаев менен да жолугушуп турушат. Сүрөтчүнү Каталония жергесинин борбору Барселона шаарынын айтылуу Ла Рамбла көчөсүндө сүрөт тартып отурган жеринен Жаңыл Жусубжан сөзгө тартты.

Ла Рамбла көчөсү сүрөтчүнүн көзү менен, чатыр көтөргөн Гауди, атактуу каталун архитектору. Плакат.

- Барселонада жашаганыңарга канча болду?

- Он бир жыл болуп калды го.

- Бул жакта көп киши барбы Кыргызстандан?

- Кыргызстандан 5-6 эле киши барбыз. Көп жылдан бери иштейбиз.

- Бала-чака кандай окуп атышат мектептерде?

- Жакшы окуп атышат. Испандардай эле окуп атышат.



- Испан болуп калдыбы?

- Испан болуп калды, кыргызча жакшы сүйлөшпөйт.

- Өзүңүздүн канча балаңыз бар?

- Үч балам бар, 16, 13, 9 жашта. Эки уулум бир кызым бар.

- Бул жакта Талант Дүйшөбаев деген гандбол боюнча чемпион бар, ага жолугушуп турасынарбы?

- Талантты бир жолу көргөнбүз. Барселонго ойногону келип калганда кээде алдына барып жолугуп, кичине коштоп турабыз. Талант азыр тренер болуп жүрөт, аябай жакшы ойнойт.

- Испания боюнча канча кыргыз бар деп айтышат?

- Канча кыргыз бар экенин билбейбиз. Бирок аз эле, биз билгенден 5-6 эле, дагы 2-3 киши бар го.

Муса Осмонов, Асан Кубатаалы менен бирге Ла Рамбла көчөсүндө сүрөт тартат.


- Анда аз экен. Мисал Италияда, Чехияда миңдеп саналат кара жумуш менен жүргөндөр. Эмне үчүн бул жакта аз экен?

- Билбейм, бул жака жетиш кыйын окшойт.

- Москвадан учак аз каттайт окшойт?

- Бул жакта маалымат анча жок, келиш да кыйын.

- Кыргызстанга барып турасыңарбы?

- Ооба, барып турабыз жылда.

- Ал жакта жашоо кандай?

- Кыргызстанда менимче жакшы эле, бизде кризис мурда эле болуп аткан да, азыр түзүк эле.

- Бул жерде чет элдикдер көп экен, жашооңор дурус элеби? Азыр экономикалык кризистерге байланыштуу кыйынчылыктар жокпу?

- Дурус эле. Бизде кризис жок, бир аз жумуш азайып калды, бирок түзүк эле.

- Чыгармачылык маселеси кандай?

- Чыгармачылык боюнча анча-мынча иштеп атабыз, кээде көргөзмө кылабыз.

- Бул жакта искусствого колдоо кандай?

- Бул жакта жакшы эле карайт.

- Сиз Бишкектен эле сүрөт тартчу белеңиз?

- Ооба, Ленинграддан Репин институтун бүткөм. Бул жакта адамдар жакшы баалайт.

- Негизги кардарлар испандарбы, же туристтерби?

- Жарымы испандар, калганы туристтер.

- Кыргыздар тарап кетти дүйнөгө, сиздин оюңузча бир күнү чогулушабы, же ушинтип эле калып калышабы?

- Чогулабыз го жашоо оңолгондо.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG