Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

HRW хазарларды "жапырт жазалап" жатканы үчүн талибдерди айыптады


Ооганстандагы этникалык хазарлар.

"Хьюман Райтс Вотч" эл аралык укук коргоо уюму этникалык хазарларды жана мурдагы бийликке тиешеси барларды Ооганстандын башка аймактарына күчтөп көчүрүп, ушундай жол менен "жапырт жазалап" жатканы үчүн талибдерди айыптады.

"Талибан" кыймылы бийликке келгени хазарлардан беш күндүн ичинде үй-жайын таштап, чыгып кетүүнү талап кылышкан. Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун 22-октябрда тараткан билдирүүсүндө жазылат.

"Өз тарапташтарына үй-мүлкүн сый акы катары берүү үчүн "Талибан" этникалык хазарларды жана башка адамдарды улутуна жана саясий көз карашына байланыштуу үйлөрүнөн күчтөп чыгарууда", - деди HRW уюмунун Азия боюнча жетекчи орун басары Патриссия Госсман.

Баарынан көп Дайкунди жана Урузган провинцияларындагы 15 кыштакта ушундай окуялар болгон. Жалпысынан бул аймактагы үч миңге чукул хазар өз үйлөрүнөн чыгарылган. Алар баарын таштап, башка райондорго кетүүгө аргасыз болушкан.

Госсман "Талибан" кыймылын мындай кадамдарды токтотууга чакырып, "кыш алдында жана түшүм жыйнап жаткан маалда үй-бүлөлөрдү башка жакка күчтөп көчүрүү" акылга сыйбастыгын кошумчалады.

Исламдын шии багытын карманган хазарлар саны боюнча Ооганстандагы этникалык топтордун арасында үчүнчү орунда турат. Алар негизинен сунни багытын кармангандар отурукташкан өлкөдө узак убакыттан бери куугунтукка, дискриминацияга кабылып келишет. Октябрь айынын башында Эл аралык мунапыс уюму билдиргендей, талибдер 13 этникалык хазарды мыйзамсыз өлтүргөн.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG