Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Акылбек Жапаров: Казак компаниясы ЖЭБде 10 миң тонна көмүр жакты


Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кампасы.
Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кампасы.

Президенттик администрациясынын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кышка даярдыгы канааттандырарлык экенин билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 22-октябрда Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

ЖЭБди тейлөө казакстандык компанияга берилгенинин себебин ал мындайча түшүндүрдү:

“Hampton Resources Limited компаниясы Казакстандан 10 миң тоннага жакын көмүр алып келип жакты. Эки эсеге аз көмүр кетет экен. Байытылган көмүр деген эмне? Бул тазаланган деген сөз. Көп көмүрлөрдүн курамын 30% топурак-таш түзөт, Кара-Кеченики да ошондой. Анан аны күйгүзө албай мазут, электр энергия беребиз. А байытылган көмүрдүн эффективдүүлүгү эки эсе жогору болот экен. Биз андан көбүрөөк жылуулук энергиясын ала алат экенбиз. Жыйынтыгында ыш беш эсе ылдый болот экен. Биздин лабораториялардын баары мына ошону тастыктады. Казакстандын көмүрү мурда бир эле от казанда жагылса, биз эксперимент кылып 7 от казанда жагып жатабыз. 30 күн ушуну гана жагып көрөбүз, соңунда ышты чындап азайтса, келерки жылдан баштап биротоло ушуга өтөбүз”,-деди Акылбек Жапаров.

19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко "Фейсбуктагы" баракчасына билдирүү таратып, Министрлер кабинетинин Бишкек ЖЭБине көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу тескемесин ачыкка чыгарган. Ага ылайык, "Электр станциялары" акционердик коомуна таандык Бишкек ЖЭБин от казандарын тейлөө милдети да көмүр алып келе турган Hampton Resources Limited компаниясына берилет. Президенттин расмий сайтына 20-октябрда бул маалыматты тастыктаган түшүндүрмө чыккан, анда абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн төмөндөтүү максатында ушундай чечим кабыл алынганы баяндалган.

Кыргызстан боюнча жалпысынан жылына 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Мунун 1 млн. тоннадан ашуун бөлүгү калкка туура келет. Ал эми башкалаанын ЖЭБинин көмүрдү жылдык керектөөсү 1 млн. 650 миң тоннаны түзөт.

21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында белгилүү болгондой, ушул убакка чейин Кыргызстанда 500 миң тоннадай көмүр даяр болгон. Анын 247 миң тоннасы Бишкек ЖЭБинин кампасына топтолду.

2018-жылы январда ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн жылуулугу жок калган. Кийин ишкананын реконструкциясы боюнча "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, айрым мурдагы жетекчилер соттолгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG