Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Жапаров: Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн бузган тарап - катаал жооп алат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстан аймактык бүтүндүгүн бузган тарап катаал жооп алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Чек ара кызматына аскердик техника тапшыруу учурунда билдирди.

“Бул жаңжалга даярдык эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярдык. 30 жылдын ичинде биз эч качан эч ким менен чыр-чатак баштаган эмеспиз, колубузда курал менен чет өлкөлүк аймактарды басып алган эмеспиз. Келечекте дагы мындай болбойт. Бирок эгерде биздин аймактарды басып алуу аракеттери болсо, анда жооп катаал болот".

Президент Чек ара кызматынын гана эмес, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин дагы материалдык-техникалык базасы жакшыртыларын кошумчалаган.

Өлкө башчысы Куралдуу күчтөрдүн техникасына инвентаризация жүргүзүлгөнүн, жарактан чыккан техникалардын баары келерки жазда жаңыртыларын белгилеген. Ошондой эле келерки жылы чек арачылардын айлык маянасын жогорулатуу пландалууда.

21-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына жаңы аскердик техникалар тапшырылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Зооттолгон 40 даана транспорт Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн сатылып алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG