Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Ашыгына жетпей калган кыздын арманы


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ашыгына жетпей калган кыздын арманы алтымыш жыл ашуунга созулду. Ага зордук менен үйлөнгөн чалына акыйкатты өлөрүнө жакын айтып калды. "Кыргыз аңгемесинин классикасынан" жазуучу Аскар Ражабалиевдин “Өкүм” аңгемеси тууралуу сөз кылабыз.

“Жарыгы элең жанымдын...”

Айылдын кадырлуу карысы Токтомушту узатууга киши көп чогулду. Жакшы адам эле, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, бирөөгө жамандык ойлобогон бир момун болчу. Батага таягын таянып Айтол апа да келди. Кыз кезинде жанда жок сулуу болгонун билгендер айтышат, ушу азыр деле сынынан кетпей, ак жүзү кичине толуп, баскан-турганы саал оорлошуп калган. Айылдагылар аны “жоош апа” дешет. Бирди-жарым менен кер-мур айтышканын, бирөөгө үнүн көтөргөнүн уккан-билген киши жок. Жамандын бир аты жоош деп элеттиктер андайга анча маани беришпейт го. Айтол апа деле унчукпай үйүн тыкан кармап, чалы Артык карыяга каш кайтарган эмес.

Токтомуш кары төшөк тартып жатып калганда Айтол апа да кемпирлер менен аны көргөнү барганын, ошол жерде көздөрү гана алайып, оору биротоло мүлжүп салган курбалдашын көрүп ыйлап ийгенин айтып келишкен. Сыркоонун маңдайына алакан тийгизип, колунан өөп сый-урматын билдиргени айылга дуу тараган. Аны Артык карыя деле уккан. Тээ тереңде кыйла жылдардан бери мүжүп келаткан күмөнү чын чыгып, эмне кылар айласын таппай жаман болгон. Бирок да сабыр кылып унчуккан эмес. Маа десе Токтомушту кучактап албайбы, баарысы өттү-кетти, эми баары кеч болуп калды деп ойлоп, ачуусун баскан. Кемпирине делген ичиндеги эрибеген кара нокот ошол ушак сөздөн кийин кыйла жанданып, өчөшүп калган. А балакеттүү кара так аны өмүр бою мите курттай жеп, сезимин эзип келди.

Ашыгына жетпей калган кыздын арманы
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:32 0:00
Түз линк

Алтымыш жыл делгени менен бул аралыкта экөөнүн ортосунда эрди-катындай сыр чечишип, бирине-бири урмат көрсөтүп, чын дилден сүйлөшүү болбоптур. Артык карыя жашыраак кезинде жини келгенде жоош аялын постектей сабап ийчү. Карылык келгени анысын токтотуп, суз жашоого айласыз көнүп, акыркы саатын күтүп, жанын аяп жашап калган. Айтол апа үйгө киргенден кийин ызы-чуу болуп ыйлап аткан аялдар катарында Токтомуштун кемпиринин ийнине эки колун коюп алып узакка кошок кошту.

“-О-о, жакшысы элең айылдын,

Жарыгы элең жанымдын.

Жарыгы өчүп жанымдын,

Караңгы түнгө кабылдым.

Өх-ий! Ах-ий!

Анын кошок кошконуна эл таңданды. Мурда өзүнүн жакын-жааттары кайтыш болгондо деле кошок кошконун эч кимиси көрбөгөн да укпаган.

Кошок уккандардын муун-жүлүнүн бошотту. Айрымдар анын мынчалыкка барганын айып көрүштү. Башкалары ийин кысып тим болушту. Ырас эле Айтол апа эл-журтту көзүнө илбей муңкана ый төктү. Көнүлүндө алтымыш жыл бою кастарлай катып келген сырын ачып, арман-дартын айтып жатты".

Эки аял үнүн баспаган кемпирди сыртка жетелеп чыгышты. Ыйга өпкөсү көөп чыккан байбиче өзүнө келип, жоолугу менен жүзүн далдалай топураган көпчүлүк арасынан чыкты. Үйүнө баратканда ый чыккан үй жакты телмире карап, жолун улады.

Чалы үйүнө кеч кайтты. Айтол апа сөрүдө отурган. Артык карыя кемпирине карабай үйүнө кирип жатып калды, бала-чакасы анын үстүнө үйрүлө түштү. Айтол апа баарынан кеч кирди, чалы оор дем алып төшөктө жаткан экен. Анан ортодо кер-мур башталды, бу кемпир алтымыш жыл катып келген сырын өлүм алдында ачыкка чыгарайын деген окшойт. Ушунча жыл азап тарттырып кыйнаганын сураса: “Сенин чырайыңа кызыккам” деди чалы. Айылдагы жигиттердин баарын ашык кылган сулууга кандай да болсо үйлөнүүнү максат кылганын, айыбы ошол экенин билдирди.

Түнкү сукбат

Жоош деген кемпири чалын карамүртөз деп атады. Чалы сабыр кылып антпегин, алтымыш жыл бир жаздыкта жашап, бир уул, үй толгон небере-чөбүрөлүү болдук, ушунча жыл бир үйдө түтүн булаткандын кусуру уруп кетпесин деди. Аны кемпири элес албады, мени кусур урабы деп деле мойноп болбойт. Артык байбичесинин көңүлүн ушунчалык ооруткан экен, тиги бечара өлүм алдында жатканда да мисирейип, жибибей турду. Кемпири ушунча жыл бир да жолу экөөнүн төшөгү жылыбаганын, токочтой түйүлүп айла жок таң атырганын, канча ирет таяк жегенин, баарын тилин тишине катып көтөргөнүн, бул жашоо ага кызылдай кыйноо болгонун жашырбады. Артык карыяда үн жок, тура калып токмоктоп ийишке чамасы чарк, урганда эмне.

Айтол апанын аянар жери калган эмес экен. Токтомуш деп жашап, бул үйдөгү азаптын баарын элден жашырып чыдап келгенин жашырган жок.

“-Энди не кылмакчысың? Кетесиңби Токтомуштун артынан?

-Кана энди, Кудай жанымды алса кетет болчумун артынан. Айла жок. Не кылмак элем, өзүм жесир калбасам да, көңүлүм жесир калды. Көрүм жакын төрүмдөн. Токтомуштун жаткан жеринен орун ээлеп койгом көңүлүмдө.

-О, бейбак катын! О, көзү жок! Эл сени “жоош апа” дебей калсын!

Чалына кылчая карады Айтол апа. Өңүндө нуру жок. Бирок көздөрү жаш кездегидей ойноктоп, кан күйөт. Мурда чалынын ачуусу келсе коркчу, эми андай жок. Тартынбай сүйлөп, сөз менен өлтүрүп атты.

-Арманым жок. Сөлөкөтүм сени менен жашап келсе да, көңүл кушум өмүр бою Токтомуш менен жашап келди.”

Ушинтип айтты жоош кемпир. Совет бийлиги жаңыдан башбактап жатканда Токтомуш бир топ жаштар менен төртүнчүлөргө кошулуп, Артык мурдагы байынын тилине кирип басмачылар катарында жүргөн. Анан кызылдарга өтүп, согуш маалында аксак деп буга тегирменди беришкен. Ошонун баарын эстетти. Баарынан да карынын көзүн караган жалгыз уулу Салибайдын Токтомуштан төрөп алганын айтканы өлүм алдындагы Артыкты катуу кейитти. Мурда уулунун өң-келбети деле ушу жылдызы келишпеген Токтомушка окшоп кетеби деп калчу.

Айтол апанын жайы мындай болгон. Басмачылар айылдагы сулуу кызды ала качышып, аны корбашынын койнуна салып беришип, эки жумадан кийин молдо Артыкка нике кыйып, ошону менен анын аялы болуп калган.

Салибай Токтомуштун уулу экенин “Сали экөөңөр гана билбейсиңер” деп атпайбы. Артык чал корбашынын колуна түшүп, салынды болуп калган аялдын алтымыш жыл койнунда жатканын, азезил менен турмуш кечиргенин ушу саатта билди. Анысы так өлүм алдында душманга айтпас шумдуктарды айтууда. Артык тиги дүйнөгө оор жүк менен кетет экен.

Экөө тең түнү бою укташпады. Артык кемпиринин мынчалык жаалданганын мурда көргөн эмес эле. Антсе ачуусу чукул неме өлөр-тирилерине карабай токмоктоп салмак. Жоош деген мунусу айласыз койнунда түнөп, шарты келсе Токтомушка эркелеп, жаштыгын ошого берген тура. Анысын Артык аксакал гана байкабаптыр го айтымда. “Салибай экөөңөн башка элдин баары билчү” деп атпайбы. Токтомушту сүйүп ага берилип, Артык менен тек кожо көрсүнгө эрди-катын болуп, жаш кезинде туш келген азабын унута албай, көңүлү жактырбаган жек көрүндү адам менен ушунча жыл жашоо кимге болсо деле оор го.

“Айтол апанын көздөрүнөн жаш сызылды. Өз үйү мурдагыдан да кара болуп көрүндү көзүнө. Каяккадыр кайып болуп кеткиси келди. Антсе карыган чагында журтка сөз болот. Ансыз деле карыянын батасында кошок айтканы үчүн айылдарштары нелерди гана айтышпады, өзүнө угузуп-угузбай. Кантсе да, муну ал атайылап жасады.

Артыктай пас адам менен өмүр кечирип жүргөн Айтол апанын кайгы-касиретин бүгүн кайсыл жаш бала биле койсун. Муну ал эл алдындагы күнөөсүнөн арылуу үчүн иштеди. Өлөр чакта ак өлүүнү каалады кайран апа. Кийин көзү өтүп кеткен күндө да эл “Баягы Артыктын маркум зайыбы” дешпей, “маркум Токтомуш карыянын сүйгөнү Айтол апачы” деп эскерүүлөрүн каалады".

Артык басмачылар катарында болгону, анан корбашыдан калган сулууга үйлөнгөнү үчүн эле айыптуу болсо анысын өлөрүндө тартты. Буга чейин эч кимден укпаган сөздү укту. Жалгыз уулу Токтомуштун баласы экенин билди. Ошентсе да ал тиги дүйнөгө узап кетеринде кемпиринен кечирим сурады. Кемпири түшүндү, эл түшүнгөн жок. Артык кайтыш болгондон кийин Айтол апа үч жыл жашады. Анын мүрзөсү маркумдун керээзине ылайык Токтомуштун жанына коюлду. Үчөө гана билчү сөз айтылган жок. Сали кимдин баласы экенин билбеди.

Мүмкүн ал деле туурадыр, билгенде Токтомуштун баласымын деп жар салып, уулу болуп калат беле. Артык аны өз балам деп эле ойлочу, шумдукту өлөрүндө кемпиринен укпадыбы. Ушунча жыл айтпай-дебей, шек-шыбаасын билдирбей жоош кемпир кантип жашады экен? Чалын жактырбастыгын айтып жаш кезинде эле кетип калса ким кой демек!

Артык карыя деле ойдо жок сөздү укканда бирөө аны байкатпай мүрүсүнө таш менен ургандай көзү караңгылашып жаман болду. Ошондо күч-кубаты топтолуп төшөктөн тура алса, Айтолдуну кызыл жүндөй токмоктомок. Мыжыгып отуруп кан чыгарбай өлтүрүп салмак. Кемпири бул сөздү айтпашы керек эле. Тиги дүйнө оозуна барып калган чалын эзип, кетпес кеги, өлөр өчү бардай тытты. Артык бекеринен азезил менен жашап жүргөн экемин деп атыптырбы. Бүт өмүрү текке кетиптир, ага жалгыз Артык гана күнөөлүүдөй демитип турду го азезили. Корбашынын койнунда эки жума кол жоолук болуп кордолгон кызды Токтомуш алар беле?! Артык алды го. Кийин аны бир да жолу айтпады, өктө кылбады.

Басмачылык анын караңгылыгы, бир кезде кордук көргөн байынын куру сөзүнө алданган баёолугу болчу. Анан да кыйды бай Артыкка Айтолду алып берүү убадасын кылган. Бүт айыл ашык болгон Айтол сулуу десе Артык жанын берүүгө даяр экенин кыйды бай билчү. Сүйгөнү кордолуп, мазакталып колуна тийгенине деле Артык ыраазы эле. Керемет жаралган жандын ичи толо муз экенин, ал эч качан жибибестигин анда кайдан билиптир. Чалкеш заманда агына, кызылына аралашып кийин чарба ишине өткөн соң Артык үй-бүлөсүн эч кимден кем бакпады.

Согуштун оор кезинде тегирменчи болуп, булардын үйүндө оокат-аш тартыштыгы сезилбеди. Ошондо Айтол “бул апкелгениңди жебейм, элди уурдап тамак таап келип атасың” деп арам тамакты ыргыткан эмес эле. Көрсө, баарын ичине катып, келер кезин күтүп жүргөн экен. Анысы Токтомуш өлүп, чалы батадан ооруп кайткан учурга туш келип жатпайбы. Мурда айта турган сөзүн айтууга батына алган эмес экен. Эми карабайсыңбы, душмандан укпаган ачуу кепти ушунча жыл чогуу жашаган жастыкташынан угуп отуру.

Аскар Ражабалиевдин “Өкүм” аңгемесинде сүрөттөлгөн турмушка бир жактуу баа бериш кыйын, аябай татаал, чиеш сюжеттик линияга эки өмүрдүн арыз-арманы, көксөөсү, трагедиясы батырылган. Каармандардын иш-аракети, автордук позиция бир жактуу эмес, карама-каршылыктуу, татаал.

Окурман Артыкты бир кезде басмачылар катарында жүргөндүгү үчүн эле терс каарман катарына чыгарып салбайт. Автордук идеалды алган Айтол апанын көркөм трактовкаланышы да биртоп суроолорду жаратпай койбойт. Эң негизгиси, жазуучу көп кырдуу, көп сырдуу турмуш көрүнүшүн көркөм сүрөттөөгө алып, жыйынтык бүтүмдү окурманга калтырган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG