Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

"Аял жазуучулар эркектер элес албаганды жазат"


Бишкектеги китепкана. Иллюстрация сүрөт.
Бишкектеги китепкана. Иллюстрация сүрөт.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде жана Касымалы Баялинов атындагы китепканада 15-16-октябрь күндөрү “Социалдык китеп форуму” аттуу иш-чара өтүп, анда китеп базары, изилдөө көргөзмөсү, түрдүү лекциялар жана талкуулар уюштурулду.

1951-1990-жылдары чыгып турган “Кыргызстан аялдары” журналынын негизинде көргөзмө уюштурулуп, азыркы сүрөтчү кыз-келиндердин чыгармачылыгы талкууланды.

16-октябрда К.Баялинов атындагы китепканада "Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар: Кыргызстандык аял жазуучулар кимге жазышат?" аталышындагы талкууда жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери талданды.

Кыргызстандык аял жазуучулар кимге жазышат?

"Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар: Кыргызстандык аял жазуучулар кимге жазышат?" аталышындагы талкууга адабиятчылар Жыргалбек Касаболотов, Рахат Аманова, Болот Таштаналиев, Нурзат Казакова жана башка маданият өкүлдөрү катышты.

Адабий талкуу, Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкана. 16-октябрь, 2021-жыл
Адабий талкуу, Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкана. 16-октябрь, 2021-жыл

Адабий талкууда Топчугүл Шайдуллаеванын "Келин таш", "Айгүл Тоо", "Атлес көйнөк", "Намазшам гүл", "Балакана", "Чыныгүл" жана башка аңгемелери талдоого алынды.

Адабиятчылар учурда жазылып жаткан чыгармалардын көбү тарыхый инсандарга арналып же детектив жанрында окурмандын күнүмдүк гана муктаждыгын канааттандырууга жарап келатканын, идеялык же эстетикалык табитти канааттандырган олуттуу темалар көтөрүлбөй жатканын белгиледи.

Акын Жыргалбек Касаболотов дүйнөлүк адабияттагыдай эле Кыргызстанда да аялдар прозасынын потенциалы чоң дейт. Аял авторлор күнүмдүк турмушту, эркектер анча элес албаган көрүнүштөрдү жазуу жагынан чебер келишет. Ал аңгемелери талкууга алынган Шайдуллаеванын чыгармачылыгы боюнча буларга токтолду:

Жыргалбек Касаболотов
Жыргалбек Касаболотов

“Топчугүл Шайдуллаева – кыргыз адабиятына салыштырмалуу кеч кошулган автор. Ал аңгеме жанрында жазат. Бул жанрдын азыркы заманга ылайык бир өзгөчөлүгү – тез окулуп, аудиториянын аң-сезимине бат сиңет, окурманды кыйнабай, ошол эле учурда чакан көлөм менен белгилүү бир идеяларды, проблемаларды козгой кеткенге ыңгайлуу. Айрыкча маалымат өтө эле көптүк кылган интернет доорунда окурманга чыгарманы жеткирүүнүн актуалдуулугу артты. Айрымдар айткандай, сөзсүз көлөмдүү чыгарма жазганда гана чоң жазуучу деп эсептелет деген стереотипти бул автордун чыгармалары четке кагууда. Шайдуллаеванын чыгармаларын бириктирип турган жагдай – дээрлик баарында кыргыз аялдарынын, айрыкча айылдык аялдардын тагдыры, көйгөйү, мүнөзү, түйшүгү чагылдырылат. Экинчиден, көбү турмуштан алынып, ошол эле учурда кыйла актуалдуу социалдык маселелерди козгойт, окурманды ошолордун тегерегинде ой жүгүртүүгө мажбур кылат. Үчүнчүдөн, баарында болбосо да кыйла бөлүгүндө мыкты чыгармаларга мүнөздүү болгон өтмө катар маанилер, улам ар кайсы өңүттөн ачылган көрүнүштөр чагылдырылган”.

Ошону менен катар Жыргалбек Касаболотов жазуучулар аял-эркегине карабастан кандайдыр бир турмуштук гана темаларга кайрылып өзүнө чек койбошу керек дейт.

Адабиятчы Рахат Аманова кыргыз акын-жазуучулары кандайдыр бир темалардын алкагында чектеле беришин улуттук менталитеттеги өзгөчөлүккө, тартынчаактык сапатка байланыштырды.

“Бизде көп учурда жаштар өзүнөн мурункуларга сын-пикир айтуудан тартынышат. Ушул нерсе жүрүп отуруп адабияттын чектелишине таасир берет экен. Акын десе ырын жазат, жазуучу десе кара сөзүн жазат, болду. Негизинен жазуучулук менен алектенген адамдын баары сын айтуу процессинен четте калбаса. Мисалы, Белинский алгачкы сын-макаласын 24 жашында жазып жатат. Учурда баарыбыздын каалаганыбыз учур адабиятын кайрадан жандандырып, жок эле дегенде совет доорундагыдай гүлдөгөн мезгилге жеткиршибиз керек. Ага жеткире турган шарт да бар. Абдан таланттуу жаштарыбыз да көп. Болгону алардын жазганын көз жаздымда калтырбай, сын-пикир айткан адам гана керек болуп турат”.

Чыгармалары талкууга алынган Топчугүл Шайдуллаева бүгүнкү күндө кыргыз аялдары кайсы чыгармада каарман катары берилбесин, ал көп учурда экинчи планда жана шылдыңга алынган образдарда чагылдырып келет деген пикирин айтты. Ошону менен катар Шайдуллаева кыргыз аял жазуучулары кимге жазышат, эмне тууралуу жазышат деген бүгүнкү күндүн соболдоруна мындай дейт:

Топчугүл Шайдуллаева
Топчугүл Шайдуллаева

“Менин ушулар окусун деген атайын максаттуу аудиториям деле жок. Жазгандарымды баары эле окушат, чыгармаларым коомдун кеңири чөйрөсүнө эле арналган. Бирок мага келген каттарды, интернеттеги калтырган билдирүүлөрдү анализдесем, ошол эле 80-90 пайыз окурмандарым аялдар экен. Анан өзүмчө аялдар жөнүндө жазат экенмин, окурмандарым да аялдар экен деген жыйынтык чыгардым. Бул нерсе дегеле аялдар прозасына мүнөздүү нерсе экен. Дүйнөлүк адабиятта деле ушундай, аялдардын жашоо-тагдырын аял жазуучулар көп жазат. Башкалардын себебин билбейм, бирок менин бул темага каалоом бар.

Көптөгөн чыгармаларды карасак, аялдар каарман катары дайым экинчи планда калып калат. Алар каарман катары берилгенде да көбүнчө шылдыңга кабылган, жакшы эмес образда катышат. Жакшы образ менен чыкканы аз. Эркек образдарды күчтөндүрүүдө аялдар образы көмөкчү болушат. Менин максатым - аңгемелеримде аялдардын күчтүү образын жаратуу. Аялды аял катары эмес, адам катары каарман кылгым келет. Бүгүнкү талкуу учурунда күчтүү образдарды кайдан аласың деген суроо да берилди. Жашоодо көп аялдар бар, бирок өздөрүнүн күчтүүлүгүн сезишпейт. Мен ошондой карапайым, бирок күчтүү айымдарды эл ичинен издей берем. Ал эми күчтүү аялдар менимче саясатта күчтүү лидер болуп же болбосо бизнесте ийгиликтүү болгондор эмес, эл ичиндеги кайсы бир кылган иши, жүрүм-турум аракети менен коомду жакшырткандар деп түшүнөм. Мен ошолорду жазгым келет”.

Жазуучу, публицист Топчугүл Шайдуллаева Баткен районунун Кара-Булак айылында 1960-жылы 24-январда туулган.
1977-жылы Кара-Булак орто мектебин, 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, эмгек жолун ошол эле университеттин социологиялык лабораториясынын кызматкери болуп иштөөдөн баштаган.
2000-жылы “Акыркы раис” аңгемеси Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан уюштурулган “Элет тагдыры – эл тагдыры” сынагынын байгесине татыган.
Жазуучу 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Акын-жазуучулардын кимиси популярдуу?

"Пикир" изилдөө мекемесинин талдоочусу, социолог Гүлнара Ибраева “Социалдык китеп форуму” аттуу иш-чаранын алкагында уюштурулган талкууга модератор катары чакырылган. Ал "Өнүгүү китептери" коомдук фонду жүргүзгөн онлайн сурамжылоонун жыйынтыгын кеп кылды. Кыргызстандыктардын арасында кайсы акын-жазуучулардын чыгармалары популярдуу экенин аныктаган изилдөөнүн жыйынтыгында окурмандар аял жазуучулардын ысымын атаган эмес.

“Изилдөөгө катышкандардын 51% Чыңгыз Айтматовду белгилешкен. Жазуучунун "Кайсыл чыгармасын окугансыз?" деген суроого дээрлик көпчүлүк окурмандар "Саманчынын жолу" повестин аташкан. Сурамжылоого үн кошкондордун 5% жазуучу Төлөгөн Касымбековду, 4% акын Алыкул Осмоновду, 3% Мукай Элебаевди, Аалы Токомбаевди, Касым Тыныстановду, 2% Касымалы Баялиновдун атын айтышкан. Респонденттердин 2% азыркы замандын акын-жазуучуларынан Шайлообек Дүйшеевди, 4% Нуржигит Кадырбековду аташкан. Эң кызыгы, аял акын-жазуучулардын ысымы жок. Албетте, бул чоң маселе”.

Акын Махабат Алымбекова сурамжылоо чыныгы коомдук пикирди чагылдырбайт деп эсептейт.

“Бизде сурамжылоодо Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновду гана көрсөтө берүү көндүм болуп калганбы деп ойлойм. Себеби, өзүм да көп жылдан бери билим берүү жаатында иштеп жүрүп байкайм. Жалпы кыргыз чыгармачыл инсан десе эле Айтматов менен Осмоновду атаганга көнүп калышкан. Албетте, бул инсандардын чыгармачылыгы улуу мурас. Бирок азыркы учурда деле жакшы чыгармалар, мыкты акын-жазуучулар бар. Ошолор элге кеңири жетпей жатканы кейиштүү. Ага кар түрдүү коомдук факторлор себеп болушу мүмкүн. Анан да аялдардын ысымы аталбай жатышы кызык. Азыр поэзия жаатында мыкты ырларды жазып жүргөн акындар айымдар өтө көп. Ал эми проза жагы ойдогудай өнүкпөй жатканын моюндоо керек. Акыркы мезгилде дегеле аял-эркек дебей кара сөзгө кайрылгандар болсо деле, чыгарманы таратуу жагы жакшы болбой жатат окшойт. Мен да ыр жазганым менен негизинен прозага көп кайрылып жүрөм. Бирок мен да башка айымдардай эле турмуштук темалардан көтөрүлө албай жатам. Себеби, адам биринчи өзүн жазат экен".

Жаш муундун талабы эмне?

Эркин форматтагы талкууга катышкан адабиятчылар, кино ишмерлери азыркы кыргыз адабиятынын абалы тууралуу дагы пикирлерин ортого салды.

Илимпоз Нурзат Казакова проза жанры азыркы күндө жарды деген пикирин айтты. Казакованын айтымында, азыр кыргыз адабиятында фантастикалык, детективдик, мистикалык жанрларга кайрылган авторлор жок.

“Биз эгемендүүлүктү алгандан кийин эле тарыхый романдарга көбүрөөк көңүл буруп кеттик. Башкача айтканда, адабиятчы Мырзабек Жумаев айткандай "кокту-колот прозасы" жайылып кетти. Кайсы аймактан баатыр чыкса, ошону эле сүрөттөп жазгандар басымдуу. Бир четинен таңгалсак, бир чети ошол нерсе керек болуп тургандай. Мисалы, өз алдынча мамлекет болгодон кийин кыргыз жашоосунда көп жаңылык, саясий окуялар, турмуш тиричиликтеги түрдүү окуялар болду. Ошолор калып калды да. Биздин прозаиктер мейли тарыхый темаларга кайрылсын, бирок кайра эле ХIХ кылымды жазбай, жаңы заманга кайрылса жакшы болмок. Жаш муун да ушуну талап кылып жатат. Аңгеме жанрына келгенде каармандарды иштеп чыгуу, ага тиешелүү мүнөздүк маселени алып чыга албагандар көп. Ушул жагынан алганда жардыбыз”.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери адабиятта проза жанрынан аксап келе жатканына кинорежиссёр Темир Бирназаров да кошулат. Ал кыргыз прозасы күчтөнсө, кино дүйнөсүнө да таасирин тийгизмек дейт.

“Элге төбөсү көрүнгөн айрым жазуучуларды эске албаганда дээрлик жаңы жүздөрдүн карааны көрүнбөй келет. Поэзияда болсо өнүгүү бар. Жадагалса союз учурунда да мындай болгон эмес. Прозанын арааны жүрбөй жатпайбы. Мурда мектеп жашынан баштап проза окуганга тарбиялачу. Китеп көп окулчу. Азыр гаджеттер чыгып буга тоскоол болуп жаткандай. Бир чети аны туура пайдаланып окуганга ыңгайлуу, бирок баары бир терс таасири да бар. Ошону менен катар мамлекет тарабынан жалпы эле маданиятка маани берилбей калганы буга себеп. Мисалы, спортчу ийгиликке жеткенде президент баш болуп чалып куттуктайт, ал эми жазуучу, окуумуштуу жана башка тармактагыларга көңүл бурулбайт. Бул биздин интеллектуалдык чыгармачыл эмгектердин бааланбай калышы да. Коомдун моралдык-нравалык акыбалы өтө төмөн түшүп кетти. Көпчүлүк жаштар маданият адамы болгусу келбей калды”.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG