Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

"Ынтымактуу үй-бүлөдөгү энеден эзели жаман бала төрөлбөйт"


Бексултан Жакиев. Архивдик сүрөт.
Бексултан Жакиев. Архивдик сүрөт.

25-апрелде оорудан улам көз жумган акылман замандашыбыз, Эл баатыры Бексултан Жакиев өз башынан өткөргөн окуяларды, жашоодо кездешкен ар түркүн адамдар тууралуу эскерүүлөрүн топтоп, "Өмүр өтөт билинбей" аттуу китебин жарыялаган. Ошол чыгармада камтылган айрым ой толгоолорду сунуш этебиз.

Сыясы кургай элек китебин жазуучу Бексултан Жакиев өзү окурмандарга тааныштырып таратканга жетишпей калды. Мен кокустан басмаканада жолугуп калып, акыркы китебин өз колунан алганга үлгүрүп калдым. Үйдөгү китепканада жыйылып турган айрым китептерди окумал журтка тааныштырып турсак, акыл калчап, ой жүгүртүп изденип жазылган ушундай чыгармалар дагы жаңы окурмандарын таап калгысы бардыр деп мындан ары ар түркүн китептерден омоктуу ойлорду жарыялап турууну туура көрдүк.

ххх

Жагымдуу шарты бар, сүйүүсү тунук, эркелешүүсү, сыйлашуусу бай ынтымактуу үй-бүлөдөгү эненин "кардындагы" наристе эзели жаман бала болуп төрөлбөйт. Илим, билим, адабият, маданият, жол башчылык, кол башчылыктагы мыктылар ошондой шарттагылардан чыгат. Аны элес албай: "Бала тарбиялоо бакчадан, мектептен башталышы керек" деп келжиречү болдук. Болуптур, мейли, ошондой эле болсун дейли. Анда бала төрөлгөндөн бакчага, мектепке чейинки өмүрү кимдин асырандысында болмок? Бакча тарбиялайт, мектеп тарбиялайт дегенге жыргап, баласын бакпай четке чыга берген ата-эне көбөйдү!

ххх

Бала тарбиялоо эркелетүү эле болсо, анда бала өзүмчүл, зөөкүрчалыш чалчаке болорун турмуш көрсөттү, ал эми кагып-силкип тыяк-быякка жумшай берсе, маңыроо байкуш болуп калышы мүмкүн. Муну да турмуш көрсөттү. Эркелетип, эркин ойлонтуп, эмгекке аралаш үйрөткөн кезде зээндүү, сезимтал, жашоосу кызык балдар чоңойорун да турмуш көрсөтүп келатат. Табияттын талабы, ата-эненин милдети ушундай. Кашайып аны байкабай калгандайбыз.

ххх

16-жылдагы көтөрүлүш ченемсиз кайгы, эбегейсиз трагедия менен жеңилди. Ошону менен бирге көтөрүлүш жеңилүүнүн гана азабы эмес, эл-жерден тентүүнүн гана шору эмес, көз каранды күнкорлукта жан баккандан көрө өлгөн артык экенин, чыдабас кордукка моюн сунбай боштондук үчүн күрөшүүнүн артыкчылыгын да туюнткан сабак болгонун түшүндүк бекен? Кыргыздардын 16-жылдагы көтөрүлүшү урпактарыбыздын жүрөгүндө ар-намысты чыйралткан кайрат, күч, кубат! 16-жылдагы көтөрүлүш, Үркүндүн каары баштан өтпөгөндө, 2005-жылдагы, 2010-жылдагы көтөрүлүштөр болмок эмес.

ххх

Согуш бизди чоң кишилерге теңеди. Апаларыбызга, жеңелерибизге, чоң ата-чоң энелерибизге кол кабыш кылып, колхоздун жумушун бүтүрүштүк. Оюнубузду да ойноп, көңүлүбүздү көтөрдүк. Тамак жетсе - жетип, жетпесе - жок, чала тоют жашоого көндүк. Үйдө соку күйшөп, жаргылчак тарттык. Жарма бышырып, атала кайнаттык. Кулдуратып куур тон кийдик, калдыратып жаргак шым кийдик. Менин курагымдагылар бекеринен "согуш балдары" аталганыбыз жок. Согуш учурундагыдай жокчулук бу жалганда болбосо керек. Бирок ошондой азап-тозоктуу жылдарда элибиздин пейили бузулбады, кайрымдуулугу, күйүмдүүлүгү жоголбоду. Дээри мыкты элдеги сапат бул.

ххх

Жогоруда мен тогуз атамы санап өттүм. Өзүмдөн башка эч кимге анын зарылчылыгы деле жоктур. Ал эми жети атаны билип жашоонун мааниси терең. Жети ата өтө элек туугандардын уул-кызын үйлөндүрсө, тукум бузуларын эстен чыгарбайлы деген ниет бул. Андай эрди-катындан акыл-эси адашкан майып балдар туулат. Укумдан тукумга улана берчү оңолбос дартка дуушар кылат мындай нике. Аны ата-бабабыз байыртан билген.

ххх

Сексенден ашкан курактамын азыр. Бала чагымда төрт жылга чамалаш созулган Ата Мекендик Улуу согуш бүткүл өмүрүмдүн жарымын жалмап алгандай сезилет. Ал доордогу азап менен үмүттү санасак - сан жетпес, карасак - көз жетпес. Жайында жайлоодогу түйшүгүбүз мал багуу менен өтсө, күзүндө жакага түшүп темин бастырып, кары-жаш, аял-эркек тирүүлүктүн камында жан аябай эмгектенип, жеңишти тездеткенбиз. Жеңишке жеткизген жеңил иш жок, жеңил жыл, жеңил күн, жеңил саат да болгон эмес. Жалпы журттун башына түшкөн мүшкүлдүү жумуштун өтө оорлору келиндер менен бойго жеткен кыздарыбыздын тагдырына туш болгонун эмгиче элес албай келаткандайбыз. Ошондон кийин кылымдар бою бала эмизип, бешик терметкен аялзаты үйдүн көркүн ачкан назик көркүнөн ажырап, буурсундан бетер кара жумушка чегилип калган. Согуш жылдары ашык жарларына куса болуп, түнү бою уктабай түйшөлгөн келиндер, көздөн учкан жигиттеринен күдөр үзбөгөн селкилер таң ата кетмен-күрөктөрдү ийиндерине арта салып, талаадагы жумушка секетпайды ырдап жөнөчү.

ххх

Баштан өткөн оор кыйынчылыктарды эле эскерүү эмес максатым. Эскерүү аркылуу адам чыдагыс кыйынчылыктарды эрдик менен көтөргөн, кайратка бекем, жакшылыктан үмүт үзбөгөн дээринде акылман, ыймандуу, пейили таза, кайрымдуу калк экенибизди көңүлдөн чыгарбай ырыска шерик өсүп-өнүксөк деген тилегим. Согуш жылдары эл колхоздон эмгек күн албай акысыз иштечү.

ххх

Улуу Жеңиштен кийинки эле 1946-47-окуу жылында "жоктун" баары "бар" болду. Бардык сабактар боюнча окуу китептер, актай дептерлер кучагыбызга жык толду. Талкаланган чарба жан кейитип турган чакта балдардын окуусуна, билим алуусуна көңүл бурбай коюшса деле эч ким таарынмак эмес деп ойлойм. Окуу китептер гана эмес, көркөм адабий чыгармалар да жарыяланып, дүкөндөрдө сатыла баштаган болчу. Бүгүнкү күндө билим алууга миллиондогон каражат бөлүндү дегенди көп эле угабыз, бирок: "Окуу китептер жетпейт" деп кейип-кепчиген ыйламсыроо эгемендүүлүгүбүзгө ээ болгондон бери ооздун чыгы кургабай айтылып келатканы таң калтырат. Согуштун бүткөнү качан?! Согуш учурунда да оозубузду бүгүнкүдөй куу чөп менен аарчыган эмеспиз! Же билим алууга бөлүнгөн эмки замандын каражаты акча эмей эле кагаз болуп калганбы?!

ххх

"Манасыбыз" баштаган руханий дөөлөттөрүбүздү өнүктүрүп-өстүрүп, жалпы адамзаттын мүдөөсүнө ылайык кызыктуу, маңыздуу сактай алсак гана биз, кыргыздар, жылдызы жарык жагымдуу калк катары дүйнө элдеринин урматында глобализациянын бороон-чапкындуу тайфунунан соо калышыбыз мүмкүн. Биздей эсеби аз калкты сактап калчу андан башка күч жок.

ххх

2002-жылдын 5-июлундагы "Кыргызстан маданиятына" мен: "Эгерде Гомер Саякбайдан кийин өмүр сүргөндө, аны "Кайсы бир кылымдын Саякбайы" десе таң калмак эмесмин" деп жазгам. Андан бери далай жыл өттү, дале ошол оюмдамын. "Иллиада жана Одиссеяны" "Манасыбызга" кайра-кайра салыштырып окугандын натыйжасында ушундай пикир жаралган менде. Гомер Саякбайдан артык да, кем да эмес. Экөө өздөрүнө өздөрү гана тең келген, бирине бири окшобогон генийлер.

ххх

Мансапкор, дүнүйөкор саясатчылардын арасында "Манас" фольклор, оозеки жомок, өткөн чак, ага каражат, убакыт, энергия коротуунун кажети жок деп, бышыксынган келжиректер болгон. Туура, оозеки адабият өткөн чак экени ырас, бирок өткөн чаксыз учур чагыбыз жок, келер чагыбыз да берекелүү болбос. Өткөнүбүздү кодуласак, бүгүнкүбүздүн кунары жок, эртеңкибизден урмат болбойт.

ххх

Көчмөндөр цивилизациясы өзүнөн өзү асмандан түшө калган эмес. Катаал доордун катаалдыгынан жол издеп, адилеттикти, акыйкаттыкты, эрдикти, калыстыкты туу тутуп, баладан падышага дейре таза жашоого үндөп, ажалга башын байлап койгон кеменгер адамдар жараткан аны. Андай кеменгер адамдар кыргызда Саякбайдай намыскөй, акылман манасчылардан, дастанчы, төкмө акындардан, ырчылардан, комузчулардан, кара кылды как жарган сөзмөр чечендерден, көсөм жол башчылардан, ошондой эле уул-кыздарды ат жалында шамдагайлыкка каныктырган улут оюндарынын мыкчыгерлеринен чыккан. Көчмөнчүлүк доорду баштан-аяк артта калгандык, наадандык, жырткычтык деген тушүнүк кезинде дүйнөгө көп жылдар бою кеңири таркап келсе, эми андай көз караштын жаңылыш экендиги далилденди.

Б.Жакиевдин "Өмүр өтөт билинбей" аттуу китебинен айрым ой толгоолорду терип даярдаган Венера Сагындык кызы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG