Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Кумарпозго айланган таксист


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Базарга үмүт арткан заман көнүмүш жашоо-турмушту кескин өзгөрттү. Темирбек Жолдубаевдин такси айдап, акча таап келмекчи болгон каарманы кантип чоң кумарчыга айланганы “Шахматчы” аңгемесинде баяндалган. "Кыргыз аңгемесинин классикасынан" мына ушул баянга токтолобуз.

Ким билет Разак аялы айтпаса билбей деле жүрө берер беле? Үйдө нан калбай калганын, балдары ачка отурушканын кечээ укту. Эски “Жигулисин” айдап көчөгө чыкты, киши ташып, кечинде үйгө жегенге бирдеме таап келиши керек эле. Бу кезде баш калаанын баарысы дебейин, кыйласы таксичи болуп кетишкен. Чыкса Разактын машинесин тоскон киши жок, ары-бери айдап, анан таксисттер токточу жерге келди.

Беш-алты “Жигули”, “Москвич” турат, айдоочулар бир жерге үйүлүп, келген киши менен деле иши жок. Ортодо эки киши шахмат ойноп, калгандары жарданып турушуптур. Отургандардын бири утту окшойт, “дагы ойночуңар барбы”, дегендей тигиниси ормоё карап калды. Тургандардан эч ким чыккан жок, баарысы отургандын мыкты ойнорун билет окшойт. Разак утулган баланын катасын билди, бирок унчуккан жок.

Шахмат токтогондон кийин тургандардын баары аны “кайсы жакка барасың, жеткирип коёюн” деп чыгышты. Разактын аларга кошулганы келгенин укканда бирөөсү андайлар “жол-жобосун” жасашы керектигин, ошондо гана катарга кошуп алышарын түшүндүрө кетти. Разак азыр акчасы жоктугун, иштеп тапса берерин айтып, тигилердин шартына макул болду. Карыз акчага ал жердегилерге кошулганын “жууп” берди.

Таксичи деле дурус экен. Ошондон кийин үйүнө жеген-ичкенге жетерлик тыйын-тыпыр таап келчү болду. Союз таркап, эл нанга акча таппай карайлап турган убак. Завод-фабрикалар кыйгас токтоп, союздан калган мүлк таланып-тонолуп “менчиктештирүү” дегени башталган. Ким колунан келген ишин кылып, бириси рэкетчиликти баштап, башкасы соодага өтүп, Разак болсо таксичиликке киришип күн өткөрүп жатышты.

Дайым эле киши чыгып турбайт, андайда топтошкон таксисттер чогулуп алып шахматка киришет. Экөө ойнойт, калганы жарданып карап турат, кызык анан башталат. “Бул жакка жүр, ага тийбе, жакшы ойнободуң, тигини байкабадың” – ортодон убакыт суурулуп өтө берет.

Бу балакеттүү шахматка да акча сайып ойношот, чогулгандардын бир тобу ушул жерде жашагандар, калганы таксисттер. Разак шахматты кыйын ойночу. Мектепте, институтта окуп жүргөндө алдына киши өткөрбөдү, дайым утчу. Такси айдагандан бери ойноп отургандарды кээде карап калганы болбосо, ойной элек. Ошол тегеректен го, бир дулдуйган кара бала келип таксисттердин баарын утуп, шахмат ойнойм деп келген тегерек-четтегилердин баарын бозортуп койгонун көргөндө уйку-соо жаткан ышкысы козголуп кеттиби же намысына келдиби, ойномой болуп калды.

“- Мен ойнойм, партиянын баасын өзүң айт,- деп олтура калды да, фигураларды тизе баштады. Кара жигит да сүйүнө түшүп, утуп аларын билгендей акчасын кыйла эле көтөрө айтты. Разак макул болуп отуруп калды. Таксисттердин бригадири таң кала түшүп, бир четинен аягандай түрдө:

- Разак, өзүң араң жүргөндө койсоңчу. Бир күндүк тапкан акчаңдын баасы болуп жатат. Анын үстүнө өзүң көрүп жүрөсүң, канча күндөн бери бир партия да уттурган жок, - деп Разакты ойноткусу келбей ага болушкандай айтты.

Разак бригадирге күлө карап:

-Кайда калбаган акча, көрөлү, - деп оюнга кирди.

Кара бала “семиз атаандашты” тапканга сүйүнө түшүп, колдорун ушалай, акча чөнтөгүнө өзү эле түшүп калчудай кубанып:

-Кана, жүр! – деп оюнду тез баштагысы келгенин билгизе, аны азыр эле утуп алганга ишенип, оюнду баштады.

Разак кара баланын оюнун карап туруп эле кандай ойнорун билип койгон. Чынында кылдат, кыйын ойногон бала экенин эки оюнун көрүп эле баамдаган болчу”.

Оюн башталды, таксисттер жардана карап турушат. Кара бала тез эле утулуп калды. Биринчи ирет утулуп жатканына ишенбей, ал дагы акча сайып ойноого киришти. Экинчисинен да утулду. Таксисттердин кубанычын айтпа! Баарын уткан кара баланы өздөрүнөн чыккан Разак утуп атса сүйүнбөгөндө кантет. Жыгылган - күрөшкө тойбойт, үчүнчү оюнга Разак макул болбоду. Дагы утуп жакшы оюнчуну биротоло бозортуп кетирүүнү каалабады. Баарын утуп келген бечара кара бала “эртең даярданып келейин” деп башын шылкыйтып үйүнө кетти.

Оюн - акча

Ошондон кийин Разактын дагы бир эрмеги табылды. Эртелеп чогулчу жерге келет да шахмат ойноого киришет. Акча такси айдагандан көбүрөөк түшө баштады. Тааныбаган эле адамдар шахмат доскасын көтөрө келишип көжөлүп ойноп отурушат. Келгендердин баарын Разак утуп, анын аты башка жерлерге да жайылып, биринен экинчиси угуп шахмат ойногонго келгендер көбөйдү. Таксисттерге жыргал, Разак аларга күндө тамак алып берчү болду.

Баягы уттурган кара бала келип Разактан шахматты үйрөтүүнү суранды. Разактын оозуна чочугансып “шахмат боюнча эки-үч китепти таап кел, калганын ошондо сүйлөшөбүз” деген сөз кириптир. Эртеси эле анысы китептерин колтуктап келип калбаспы. Шахматка биротоло кызыгып алган кара балага китептин бир нече беттерин көрсөтүп окуп келүүнү тапшырды. Анан өзү да ойлонуп калды. Шахматты мыкты ойногону менен Разак ал тууралуу китептерди окуган эмес эле.

Өзү окубаган, билбеген нерсени үмүт кылып келген балага сунуш кылганына бир алдын уялып, экинчи жагынан шахмат тууралуу китептерди окуп чыгайынчы деп кызыгуусу артты.

Шахмат тууралуу китептерди окуп чыккан кара бала мурдагысынан мыкты ойноп калыптыр. Бирок дагыле Разакка жетчүдөй эмес, оюнду тең чыктык деп жыйынтыктап, ошонусуна эле ыраазы болгон ал бала рахматын кабат-кабат айтып үйүнө кетти.

Шахмат боюнча китептер Разактын көзүн ачты, көп нерселерди үйрөндү. Кыйла сырлар катылып жатканын билди. Шахматты ойлоп тапкан адамдын генийлигине таң калды.

Ушундан кийин Разак менен эч ким шахмат ойногонго батынбады. Баары утуларын билишет. Ушунусу жаман экен. Машине айдап бирөөлөрдү жеткирип кыйналып акча тапканга караганда шахмат ойноп чогулткан тыйыны көп болчу. Анан бир күнү катуу оюн болду.

“Разак менен ойнойм деп келген орус баланын шахмат боюнча разряды бар экен. Атайын Разактын дайынын угуп келсе керек. Күйөрмандар тегеректеп карап турушат. Тигил оюнчу Разактын эки фигурасын алып койгонго үлгүрдү. Оюндун арты кандай аяктарын күйөрмандар да, өздөрү да түшүнгөндөй боло түштү. Разактын таксист күйөрмандары “уттуруп койду” дешип оюндун аягын күтпөй тарап кетишкендери да болду. Эки фигурасы кем болуп калган Разак үңүлө калып, шахмат доскасынан көзүн албайт. Кырк минута өттү. Разак жүрүш жасабайт... Кайсыл фигурасын жүрсө да, же алып коё турган, же уттуруп коёру билинип турат. Жүрүш жасабай, ойлонуп отура берди. Дагы бир топ убакыт өттү... Бир маалда сүйүнө түштү. Жүрүш бар экен. Ал, тигил оюнчу элес албаган жүрүш. Дагы үч жүрүштөн кийин ага мат коёруна Разак бөркүндөй эле ишене түштү да, ферзасын анын аты алып койгондой кылып жүрүш жасады. Тигил дароо эле ферзге кызыгып, аты менен алып койду. Разак ушуну эле күтүп турган, дагы эки жүрүш жасагандан кийин утуш Разак тарапта болуп ага мат койду. Кызарып-татарган бала эмне кыларын билбей ызалана түштү да:

-Мен жаңылып калдым, дагы бир партия ойнойлу,- дегенине карабай уткан акчасын алды да оюнду токтотуп койду”.

Орус бала айткан го, эртеси ойнойбуз деп төртөө келишиптир. Акчасын белгилеп, үч партия ойномой болушту. Келгендердин бири кавказдык жигит мыкты ойнойт экен. Бир жаман жери ал негедир шашылып, оюнду тезирээк бүткөргөнгө ашыккандай көрүндү. Жыйынтыгында кавказ жигитинин бир аты менен пешкасы, Разактын эки пешкасы калып, соңунда анын бир пешкасы желинип, экинчиси ферзге чыгып калды. Кавказдык жигит утулганын моюнга алды.

Бул жерге келгени бирөөнөн да утулбаган таксистке чогуу иштегендери ыраазы, шахматтын аркасы менен алардын тамак-ашы бекер. Орус бала ээрчитип келген кавказдыкты уткандан кийин өзүнө аябай ишенип алган Разак менен бир селсаяк ойнойм деп чыкпаспы. Үстү-башы кир, жүдөө, анан да адам жанына туралгыс неме менен ойномок белем деп Разак көңүлсүнбөй турса бригадири келип тигинин бир кезде республикага белгилүү спорттун чебери болгонун айтып атпаспы. Ошондон өзү да ысымы жомокко айланган адам менен ойногонго кызыгып калды.

Оюн аябай эле оор болду. Бир маалда караса тиги шойкон досканын бетине “крест” салып коюптур. Кайсы фигураңды жылдырсаң да шып алып коёт, жүрүш жок, буту-колун тушап коюу деген ушул. Мындайда утулуп беришет. Чеберлик деп ушуну айт. Разактын бүт жүрүшүн бөгөп, тигиниси болсо бул эми утулду дегенсип ортого коюлган акчаны чөнтөгүнө салып алды.

Акыры тапты, эгер чебер бир жүрүштөн жаңылса жеңип аларын билди. Разак пешкага ферзин берип, жабылган жолун ачып, ат менен пешканы алып, шах менен гардени жарыялады. Узакка ойлонуп отургандан кийин чебер утуларын билди окшойт, чөнтөгүнө салган акчасын стол үстүнө коюп ордунан туруп кетти. Эки күндөн кийин Разак бригадирге кийинки күндөрү уткан акчаларын чогултуп туруп кеткен чеберге алып барып беришин тапшырды. Аты журтка белгилүү мыкты оюнчуну утуп койгонуна өзү деле ыраазы болбой, чийки май жегенсип жаман болуп жүрдү.

Кийин Разак менен ойногонго таптакыр киши келбей калды. Ал өзү да оюндан тажап машинасын айдап кишилерди ташуу менен алек болуп калган. А бирок, оюн кумары да жаман. Орусиядан мыкты оюнчулар келиптирди уккандан кийин тынч отура албай ал жерге барып спорттун эл аралык мастерин утуп, Разактын аты шахматчылар арасында “дүң” эле дей түштү.

Шахмат ошону менен токтолгонсуп калган. Эриккен таксисттер гана кез-кез киши күтүп чогулуп калышканда азыраак акчага ойноп калышат. Андайларга Разак катышпайт деле. Бирок, кумар ышкысы аны иш менен Жалал-Абадга барганда дагы бир жолу ээрчитип кетти. Чайканадан баарын унутуп шахмат ойноп отурган эки ашынанын жанына бара калып дагы акчага оюнга кирип кетти. Болбосо Сары-Челекке чет элдик туристти алып барган. Анысы Жалал-Абадды көрө кетмекчи болуп, шаарга барып атышпайбы. Анан чайканадан эки кумарпоз шахматчыга кез келип атпайбы. Аларды Разак оңой эле утту. Ошону менен туруп кетсе болмок, биринчи мелдешинен эки эсе көп акча коюп алмаштырып ойнойлу десе тигилер макул болушту.

“Разак оюндун кандай бүтөрүн жана эле электен өткөрүп, жүрүштөрдү оюнда нечен ирет кайталап да алган.

Тигилердин оюнда жок жүрүш жасап, ферзи менен пешканы алып койду. Экөө акылдаша калып, анын жаңы эле жүргөн ферзин тур менен алып, “эми бүттүң” дегендей карап калышты. Ушуну эле күтүп турган Разак пил менен бир пешканы алып, алардын эки пешкасын жүрө албагандай кылып тосуп салды. Экөө ойлоно түштү. Кийинки жүрүштө Разак атты карага коюп, аларга эки жүрүштөн кийин мат коймокко ат менен жүрүш жасады. Пил менен “шах” берген Разак оюн бүткөнүн билдиргендей тура баштады”.

Разактын шахмат кумарчысына айланышы ушинтип уланып кетти. Башында кадалып шахматты гана карап отуруш себебин жетишпеген турмушка шылтачу. Кийин болсо чоң акчага ойной турган болду, шахмат көрсө кыйгап өтө албай калды. Шахмат чеберлер арасында чоң акчага ойнолорун билгенден бери кызыгуусу дагы артты. Мурдагы заманда сегиз саат жумуш ордунда отурмайды аягына чыгарыш үчүн гана шахмат ойношчу. Эч кандай акча саймайы жок эле анда.

Разак шахматты чоң акчага гана ойноп калган. Анын кабарын угуп алыстан издеп келгендер көбөйүп, кээде өзү издеп чыкчу болгон. Кумардын кызыгы ошол - кирсең чыгышың кыйын.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG