Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:57

Жанкечтинин кандуу куру


Иллюстрациялык сүрөт.

Улут адабиятында диний жанкечтик – "шахид" тууралуу жазылган чыгармалар жок дээрлик. Башкалардын өмүрүн тыйынча санабаган жанкечти кайдан чыгат? Зинакан Пасаңованын “Жаңы жылга арналган “шахид куру”” аңгемесинде мына ушул жагдай баяндалат.

Өтүккана

Арабдын “шахид”, “шахада” деген сөзү “күбө өтүү” маанисин берет - ыйманына камчы чаппай чындыкты айтуу. Бул сөздүн ушу кезге чейин талаш-тартыш чакырып келаткан экинчи мааниси да бар – ал Алланын момун пендесинин ыйык иш үчүн жан кыюусу. Айтышка оңой болгону менен тирүү адамдын өз жанын садагага чаап ийиши кыйын. Бирок ислам жанкечтилери бул ишке чырактай жаштарды даярдап, дүйнөнүн ар кыл бурчунда уккан адамдын дене-боюн титиретчү канабайрамдарды жасап келатышат.

“Шахид” учурдагы ислам террорчуларынын атына айланып, ага каршы күрөш жаамы дүйнөлүк маанидеги иш-аракетке айланды. Зинакан Пасаңованын “шахиди” кичинекей бир шаардан чыккан диний фанат, бала кезинен баарын жаман көргөн, тирүүлүккө келип калганына ичи чыкпаган карамүртөз жан.

Жазуучу анын турмуш жолун кенен-кесири сүрөттөбөйт, окуянын ыңгайына жараша кыскача баяндайт. Бул жашоодо ар пенденин өз жолу, турмуштук багыты, алдына койгон аздек үмүт-тилеги болот. Шарабидин каргадай кезинен оор турмушту көрүп чоӊойду.

Жетишпеген турмуш, керелден кечке тынбай иштегендеги тапканы кенен-чонон жашоого жетпейт. Байкуш атасы эрте кетип кеч келет, башын көтөрбөй кичинекей өтүкканасында отурат. Шаардагылардын бут кийимдерин жамап-жаскап, чоң базардын бир бурчундагы эски, кир устаканада дөбө болуп жыйылганын бир четтен алып күн кечирет.

Кыйналып атып тапканы үйдөгү бала-чакасынын кийим-кечегине, тамак-ашына араң жетчү. Чалга андан ашыкча дүйнөнүн деле кереги жок окшойт. Үйү үстүндө, балдары кашында, момун аялы бар, андан башка эмне керек? Эки уулу, беш кызы мектепке барышчу. Алардын билимине деле кызыкпады, элдин балдарындай окуп жатышат. Атасынын чолосу жок, апасы балдарына тамак-аш даярдап, кийим-кечегин жамап-жаскайт. Кайриет, чоң уулу атасынын жолун жолдоп өзүнчө устакана ачып, турмуш жолун ырастап кетти. Ушунусуна шүгүрчүлүк. Кыздары билинбей турмушка чыгып, тирилиги башка. Кыз деген ата-энесиникине конок катары гана чанда бир келип калбаса, башка убакта өз тирилиги менен экен. Чыккан кыз чийден тышкары, башка үй-жай, башка бүлө.

Түнт бала

Чалдын бир гана кенже уулу Шарабидин башкача чыкты. Атасы менен агасынын ишин ал кичинесинде эле жактырчу эмес, бирөөлөрдүн эскисин жамап отурган да жумушпу деп жаман көрчү. Аракет кылып окуп, башка бир кесип алганга деле кызыкпады.

"Жан бакты жашоого көбүрөөк ыктап, ар нерсеге тийип-качып иштемиш болуп жүрдү. Башка жакта бак-таалай күтүп тургансып Орусияга да барып келди. Ал жактан үйлөнүп, бир балалуу болуп кайткандан кийин да бир жерге туруктуу иштөөгө моюну жар берген жок. Бекерчиликтен коңшу чалдарга кошулуп мечитке барып намаз окуй баштады. Беш маал намаз окууга өткөндөн кийин сүйлөгөн сөзү да өзгөрдү. Эми ата-энесине, агасына жалаң хадистерден айтып, бул дүйнө жалган дүйнө, аны Алла Таалага ибадат кылуу менен өткөрүү керек деп ынандырат. “Баарын Алла берет, Алла алат”, - деп иш жөнүндө ойлонгусу да келбейт”.

Ушундай да болот экен. Үйүнө бир тыйын алып келбеген бала ата-энеси акыл үйрөтөт, жоош немелер ага эч нерсе дей алышпайт. Бала-чакасы көбөйсө турмушун ойлоор деп жүрүштү. Динге катуу берилген уулу көз көрүнөө башкача киши болуп баратты. Анын балалык баёо аң сезимин башка көз караш, кыялый дүйнө ээлеп, ага биротоло берилип кетти. Жанында жүргөндөр бир бечаралар, диндин кереметин түшүнбөгөн байкуштар катары сезилип, жек көрө баштады. Мечитке барганда жаны жай алып, андан чыкса эле балит, жалаң күнөөгө баткан айры бут пенделерге кезигерин ойлочу. Беш маал намазын окубай, бети-башын ачык коюп, ээн-жайкын басып жүргөндөрдү аянбастан кырып-жоюп, жок кылгысы келе баштады.

“Бул убакта анын үй-бүлөсүнө дагы эки перзент кошулду. Төрт баланы, аларга Шарабидинди жана анын аялын кошуп багуу карыган атасынын мойнунда. Аялына хижаб кийгизип, көчөдө жүрүүсүнө тыюу салган. Мектепке бара баштаган уулдарын да намазга жыккан. Өтүкчү чалдын күнүмдүк таап келген каражатына зорго бир маал казан кайнайт. Шарабидин уулунун жүрүм-туруму, кылган иши, сүйлөгөн сөздөрү да атасына түшүнүксүз эле. Акыркы жылы компьютерге жабышып калды. Үйгө нан алып келүүгө акча таппаган ага кымбат баалуу планшет, ноутбукту ким бергенине акылы жетпейт. “А бирөөнүкү” – деп коёт туюк гана атасынын суроосуна. Өзү үйдө болсо компьютерде кадалып олтурат. Анан эле бир күнү эч кимге айтпай-дебей Орусияга кетип калыптыр. Бул жөнүндө телефондон билдирүү жөнөтүптүр: “Мени издебегиле, өзүм кабарлашам”.

Жарым жылдан кийин милициядан келишти. Үйдүн ичин тинтип, ар бирин суракка алганда гана Шарабидиндин эмне иш кылып жүргөнү дайын болду. Сириядагы жоочулардын тапшырмаларын аткарчу экен. Ал жакка адамдарды жөнөтүп туруптур. Эми өзү Сирияда согуштук машыгуудан өтүп жатканы жөнүндө маалыматты үй-бүлөсү милициядан укту”.

Ойдо жок кабардан соң чал бүк түшүп жатып калды. Ушу балдарым деп чоң базардын бурчунда бүгүлүп канча бут кийимди колунан чыгарды экен? Балдарым деп жашап келаткан, карабайсыңбы эми, дин жолуна түштү, ыймандуу болот деген көкүрөк күчүгү кайдагы бир чет жерде согушуп жүрүптүр. Ал жакка эмнеге кетти? Чалдын акылы көп нерсеге жетпеди, аны баарынан да согушкердин атасы деген сөз кыжаалат кылды. Балдары кантет?

“Шахид куру”

Ошол Шарабидин бир жума илгери өзү туулуп-өскөн шаарына келген. Бул ирет ага өзгөчө тапшырма беришкен. Көптөн бери көрө элек үйүнө да барбады, көөдөнүн кыскан сагынычты күчтөп басып, аткара турган тапшырмасын кантип ишке ашыруунун амал-аргасын ойлой баштады.

Согушкер болуп кеткенден кийин атасынын, андан соӊ 7-класстагы баласынын асынып өлгөнүн уккан. “Алла Таала берген, Алла Таала өзү алды” деп жарык дүйнөдөн кеткен жакындарына анча деле күйгөн жок. Эми ал бул дүйнөнүн тирүү пендеси эмес, бейишке чыкчу адам болчу.

Түбөлүк жашоо тиги дүйнөдө экенине бекем ишенип, Алла Тааланы тааныбагандарды, ага акарат келтиргендерди, айтканына ишенбегендердин баарынын канын суудай агызып, кайрыдиндерге казат ачкысы келет. Жасай турган ишинен эч күмөн санабай, Кудайын тааныбай беймарал басып жүргөндөрдүн чок ортосуна тура калып, ичине бекем таңылган жардыргычын жардырып ийсе эле кыйладан бери даярданып келген иши аягына чыгат. Анан бейиштик жашоого өтөт.

Жаңы жыл алдында шаарда эл көп чогулган жерде жардыруу болушу мүмкүн деген кабар тийиштүү кызматттарга жетип, эчен адамдар түн-күн тынбай шахидди издеп калышканын Шарабидин борбордук аянттагы жаңы жылдык балатыга жакындаганда эле байкаган. Колундагы пакети шек жаратарын сезип, жардыргычты курсагына такты. Эми шек албас деген ниетте эле, мунусу деле кооптуу экен. Органдын кишилери формачан, жөн-жай адамдардай кийинип алып көпчүлүк арасынан билгизбей шектүүнү издеп жүрүшөт. Шарабидин эмирдин өкүлүнө жагдайды айтса, анысы телефондон "шахид курун курчанып аянтка кир" деди. Сааты келген экен. Алла Таала үчүн жанын курманга чалчу кез.

“Бул аны делөөрүттү. Кудай алдына ыйык жол менен барат. “Шахид курун” тагынып, калың тери тон кийген Шарабидин үчүнчү жолу өткөөлгө жакындап келди. Жолдо аянтты карай сүйлөшүп келе жатышкан орто жаш эки аял, бир эркектин сөздөрүнө аралашып, алар менен бирге келгендей болуп кирип кетемин деп ойлогон. Бирок, бул учурда Нурлан да өткөөлгө келип калган эле. Эки аялды коштоп өтүп бараткан эркектердин бири көзүнө чалынды. Негедир өң тааныштай сезилет. Шаар чакан, мүмкүн көчөдө же башка жайларда туш келишкендир. Ошентсе да ички туюму шектентип жатат. Эркектин колунда баштык жок болсо да, оң колунун учун тери тондун ичине катып чыгарбаганы ансайын күмөн жаратты. Аларды токтотуп, баарынын документтерин сурады. Шарабидин жай түр көрсөтүп, “Билбепмин, үйдө калды, албадым эле”,- деди. Бирок, тондун бүчүлөнгөн жерине салган колун чыгарбай турат. Нурлан анын көздөрүн тааныды. Сакал-мурутун таза кырынып, интеллигенттерче кийинип алса дагы көздөрү сүрөттөгүдөй сурданып чекирейе тиктейт. Бирок, аны таанып калганын билдирбей: “Паспорттук режим. Анда барып, документиңизди алып келиңиз”, - деди жай гана. Аны мүмкүн болушунча көпчүлүктөн оолагыраак алып кетүү керек. Мүмкүн шериги бардыр”.

Шарабидин опер кызматкерге каяша айтпай артына бурулду. Паспорт текшеримиш болгондорго ачуусу келип жардыргычын басып жибере жаздап токтолду. Ага эл көп жыйылган жер керек эле. Эмирдин анын артынан жөнөткөн адамы акмалап жүргөнүн ойлоп, кандай да болсо аянтка кирүүнүн аргасын издеп жатты. Ал эми аянттагы опер кызматкерлер шектүүнү табышты, эми анын койнундагы жардыргычка колун жеткирбей капыс кармашы керек.

Ыкчам бараткан Шарабидин жолдун бурулушундагы күркөдөн суу алып, бөтөлкөнүн оозун ачкыча артынан опер кызматкерлер кирип барышып, анын эки колун кайрып, сыртка алып чыгышты. Жарылууга жол бербеш үчүн Нурлан кармалган адамдын тонунун бүчүсүн этият чече баштаганда арттан ок атылды. Ок Нурландын ок өткөрбөөчү жилетинен чыкпай ал Шарабидинди баса жыгылды. Ушул учурда кулак тундурган жарылуу болду. Жанкечтинин жарылуусунан Нурлан менен Шарабидин мүрт кетип, жанындагы үч опер кызматкер оор жарадар болгону ошол эле күнү маалымдоо каражаттарында кабарланды.

Шахид курун тагынган Шарабидин менен Нурлан бир шаарда төрөлүп өскөн, куракташтар болчу. Турмуш жолу экөөнү эки жакка бөлүп, соңунда шаардын чок ортосундагы аянтта жолугушту. Дал ошол күнү Нурланга кезектеги аскердик наам ыйгарылып, “Эрдик” ордени менен сыйланган. Жаңы жыл алдындагы кубанычты чогуу тосуш үчүн ата-энеси, келинчеги, балдары дасторконду жасап анын жумуштан келерин күтүп отурушкан.

Элдин баары жаңы жыл майрамын тосуу камылгасында жүргөндө Нурлан түнү уктабай эл көп чогулган жерлерден жанкечтини издеп жүрүшкөн. Шахид Шарабидин шаарга тапшырма менен келгени үйүнө барбай, эмирдин тапшырмасын аткаруунун аракетинде эле. Майрам, шаң-салтанаттарда эл көп чогулчу жерлер бекем көзөмөлгө алынарына ал мурда маани берген эмес экен. Мына иш башына түшкөндө баарын көрүп-билип атпайбы. Демейде ээн-жайкын басып жүрчү аянт маанилүү учурларда коопсуздук кызматкерлеринин кайтаруусунда калат тура. Буга чейин ал балалыгы, жаштыгы өткөн шаар, андагы жакындары менен кыялында коштошуп өзүн бул дүйнөнүн жашоочусу катары эсептебей, тиги дүйнө бейишине кирип калган болчу. Кара эми бүт даярдыгы текке кетип, бир оперди гана ала жатты.

“Кечке жуук шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы маалымат жыйынын өткөрдү. Автоматтан ок аткан адамдын тек-жайы аныкталыптыр. Азыр ал эл аралык издөөдө. Ал Шарабидиндин тапшырманы аткарса да, аткарбаса да көзүн тазалоо максатында Сириядан “Эмир” тарабынан жөнөтүлүптүр. Шаарда да аны кармоо боюнча ыкчам издөө-иликтөө иштери жүрүп жатыптыр”.

Ушундай тарых, бир "шахиддин" таржымалы. Тирүүлүктү жактырбай, бейкүнөө пенделердин өмүрүн кыйган жанкечтилер сырттан келбейт. Жыргалынан кууралы көп ит жашоодон чыгат.

Кыйналып-кысталып оор жашоодон көңүлү калган жаш адам ичи толо жардыргычын эл топтолгон жерде капыс жардыргандан кийин гана анын кимдигин, кайдан келгендигин, эмнеликтен мындай ишке барганын иликтеп калабыз, башка убакта.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG