Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Коронавирус дагы 125 адамдан аныкталып, төрт бейтап көз жумду


Коронавирус.
Коронавирус.

22-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 125 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын төртөө каза болду.

Үч күндөн бери өлкөдө бул инфекцияны жугузгандар көбөйүп, күнүмдүк статистика жүздөн ашып жатат. Сентябрдын этегинен бери инфекция жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 60-90дун тегерегинде болуп турган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымалдыгын билдирген.

Акыркы апталарда Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарында коронавирус жуккандар дээрлик катталбады. 22-октябрда кайрадан бүт облустарда ооруга чалдыккандар аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө коронавирус болгондор 2020-жылдын март айынан бери 180 миңден ашты. Алардын 2647си көз жумуп, 175 миңдейи айыкты.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Аны 18 жаштан өткөн жарандар алса болот. Вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн. Кыргыз өкмөтү Кытай, Европа, Түркия жана Орусия өндүрүшүндөгү препараттарды алып келген.

22-октябрга карата 1 миллион 650 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 938 миңден көбү бир дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты.

Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 243 миллиондон ашты. Алардын 5 миллионго жакыны жашоо менен кош айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG