Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

Ошто көп кабаттуу он үй мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды


Оштогу мыйзамсыз курулуштардын бирин бузуу учуру.
Оштогу мыйзамсыз курулуштардын бирин бузуу учуру.

Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ош шаарында көп кабаттуу он үй мыйзамсыз курулуп жатканын аныктады. Курулуштун баары турак жай объекттери.

Бул тууралуу агенттиктин расмий сайты 20-октябрда жазды. Мекеменин маалыматында компаниялар курулуштарын өз алдынча баштаган. Текшерүү учурунда аларда тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 10 курулуш ишканасынын тизмесин жарыялады. Агенттик бул тизмедеги компаниялардын курулуштарына мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү кызматтарга жана укук коргоо органдарына жөнөткөн.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгы 2020-жылы шаарда көп кабаттуу 26 үй мыйзамсыз курулуп жатканын аныктаган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG