Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

Ооганстандан аял спортчулар чыгарылды


Футбол боюнча ооган кыз-келиндер командасынын оюнчулары. Португалия. 30-октябрь, 2021-жыл.
Футбол боюнча ооган кыз-келиндер командасынын оюнчулары. Португалия. 30-октябрь, 2021-жыл.

Футбол жана баскетбол боюнча аялдар командасына тиешеси бар алтымыштай оогандык жаран өлкөсүнөн чыгарылып, Катарга жеткирилди. Алардын көбү аялдар жана балдар. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 21-октябрда билдирди.

Уюм Катар бийлигине "аярлуу топко кирген бул адамдардын коопсуздугун камсыздап, колдоп бергени үчүн" ыраазычылык билдирди.

Өткөн аптада ФИФА Катар өкмөтү менен биргеликте Ооганстандан жүздөй футболчуну, анын ичинде аялдар командасынын мүчөлөрүн үй-бүлөлөрү менен чыгарып кетүүнүн үстүндө иштеген.

Ооганстандагы бийликти талибдер басып алган август айынан бери ондогон спортчулар өлкөдөн чыгып кетишти. Аларды Австралия, Пакистан, Британия, Португалия жана башка мамлекеттер кабыл алышты.

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бийликте турган 1996-2001-жылдары кыз-келиндерге мектепке барууга, иштегенге жана спорт менен алектенүүгө тыюу салынган.

Талибдер бул жолу бийликке келгенде аялдардын укуктарын шарыятка ылайык сактоого убада берген. Бирок БУУ баштаган укук коргоо уюмдары кыз-келиндердин билим алуу, жумушка баруу сыяктуу укуктары чектелип жатканын айыптап келишет.

"Талибан" кыймылы аялдар спорту тууралуу өз саясатын коомчулукка жарыялаган эмес. Бирок Маданият боюнча комиссиянын жетекчи орун басары Ахмадулла Васик сентябрда билдиргендей, ооган аялдарына спорт менен алектенгенге уруксат берилбеши мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG