Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Сасык тумоо көбөйгөндүктөн Бишкекте балдарга убактылуу стационар ачылды


Иллюстрациялык сүрөт. Өлкөдөгү ооруканалардын бири.
Иллюстрациялык сүрөт. Өлкөдөгү ооруканалардын бири.

Балдар арасында сасык тумоонун күч алганына байланыштуу шаардык балдар клиникасынын ишин жеңилдетүү максатында оорулуу балдарды кабыл алып, дарылоочу убактылуу стационар даярдалды.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, кошумча стационар Республикалык диагностикалык борборго жайгаштырылат, 22-октябрдан тартып ишке киришет. Ал жакка орто абалдагы балдар жаткырылат.

Бишкектеги "Тез жардам" кызматы курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция күчөп, ыкчам жардам сурап кайрылгандардын саны суткасына 700гө жетип жатканын маалымдады. Бул мурунку убактарга караганда тең жарымына көп. Ооругандардын басымдуу бөлүгү балдар.

"Тез жардам" кызматы бул кадимки сасык тумоо экенин билдирүүдө.

Өткөн аптадан тартып Бишкектеги бейтапканалар (поликлиника) дем алыш күндөрү да иштей баштаган. Буга балдар ооруканаларына кайрылгандар өскөнү себеп болгон.

Бишкек шаарында чүчкүргөн, жөтөлгөн жана сасык тумоонун башка белгилерине кабылгандар көбөйгөн. Оорулардын алдын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына караганда, учурда тумоологондордун 94% 14 жашка чейинкилер болууда.

Бишкек шаарында жыл башынан бери жарандардын курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциясына (ОРВИ) кабылган 52 миң 86 учур катталды. Расмий эсепте, алардын 32 миңдейи балдар. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG