Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Бийлик дүйнө таң калгыдай шайлоо өткөргүсү келет


2020-жылдын 4-октябрында өткөн жана жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн жана жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан жоопкерчиликке да тартылат деп убада берди. Ал жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, Кыргызстанда шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө чакырды.

Бул жолу парламенттик шайлоо жаңы Конституция, жаңы шайлоо мыйзамдары, бир катар жаңы эрежелер менен өткөнү турат. Өлкөдө кайсы гана бийлик келбесин шайлоону калыс атаандаштыкта уюштуруу убадасын бергени менен көп учурда ал массалык нааразылык, айрымдары революция менен бүтөт.

Президенттин чакырыгы

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жетекчилердин республикалык кеңешмесинде. 21-октябрь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жетекчилердин республикалык кеңешмесинде. 21-октябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде парламенттик шайлоого өзүнчө токтолду.

Президент бул жолу шайлоо темасын бийликтин бардык бутактарынын жетекчилери, Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) төрагасы менен мүчөлөрү, облустардын башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан чоң жыйында көтөрдү.

Садыр Жапаров шайлоо кампаниясын өлкөдө коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизе турган маселе катары баалап, шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз уюштуруу керектигин билдирди.

"Бардык болуп өткөн шайлоонун "шайтан оюндары" баарыбызга сабак болушу керек! Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды. Бул багытта бардык жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылам. Менин алдымда боло турган шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат. Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбой, жоопкерчиликке да тартылат. Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү эле жооп берип калбайт. Райондук милиция же райондук билим берүү бөлүмү же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына иштеген болсо, эскертип коеюн, жазасыз калбайт! ".

Мамлекеттик жетекчилердин республикалык кеңешмеси. 21-октябрь, 2021-жыл.
Мамлекеттик жетекчилердин республикалык кеңешмеси. 21-октябрь, 2021-жыл.

Президент Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар мындай фактылардын алдын алышы керектигин эскертти.

"Эмки жуманын башында ар бир айыл өкмөт башчылары, акимдер мугалимдерди, дарыгерлерди чогултуп менин дубай саламымды айта барыңыздар. Шайлоого аралашпасын. Тескерисинче, шайлоону таза өткөрөлү. Ким добушун сатып атат, ким сатып алып атат айыл өкмөттөр беш колуңардай билесиңер. Ошолорду токтотуу мугалим, дарыгер, акимдердин колунда. 30 жылдык тарыхта биринчи жолу ушундай шайлоо өткөрүп берели дүйнө эли таң калсын. Бизде 30 жылда үч жолу төңкөрүш болду. Үчөө тең шайлоонун кесепетинен келип чыкты. Эми тарых барагын жабалы да мындан ары жалаң таза шайлоолорду өткөрүп, таза иштеп башка өлкөлөргө да үлгү көрсөтөлү".

Өлкө башчы элди да добушун сатпоого чакырып, парламентке келчү саясатчыларды люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүлгөнүн кошумчалады.

Президент шайлоого байланыштуу дагы бир жагдайды белгилеп, диний баалуулуктарды саясий куралга айландырбоо керектигин эскертти. Саясий партиялар, саясатчылар шайлоо процесстеринде динди жана диний чакырыктарды колдонбошу керектигин айтты.

Садыр Жапаров бул билдирүүлөрдү Борбордук шайлоо комссиясы (БШК) шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар менен бир мандаттуу округдардан талапкерлигин көрсөткөндөрдүн документин алууну токтотуп, аларды текшерип жаткан кезде жасады. Эми келерки аптада шайлоонун эң активдүү бөлүгү – үгүт иштери башталат.

"Башыңар менен жооп бересиңер"

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сөзү боюнча, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб айыл аймактарда жыйындарды өткөрүп, БШК уюштуруу иштерин өз убагында бүтүрүп жатат. Ал бул жолу укук коргоо органдары мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүшү керек деген пикирде.

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

"Республикалык жана облустук штабдарда ар бир мекеменин алдына милдеттенмелер коюлган. Андан тышкары укук коргоо органдарынын ролу чоң. Эң негизгиси, бардык мыйзам бузууларга өз убагында жана натыйжалуу чаралар көрүлүшү керек. Анткени уюштуруу маселелери өз убагында чечилген күндө да мыйзам бузууларга тиешелүү чаралар көрүлбөсө, шайлоонун калыс өтүшүнө шек жаралат".

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоого талапкер болуп катышууну каалаган саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматын тапшырышы керек. Андан тышкары мамлекеттин үлүшү 30% көп болгон ишканалар менен мекемелердин жетекчилери да жумуштан кетиши зарыл. Мамлекеттик жетекчилердин республикалык кеңешмесинин экинчи бөлүгүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да шайлоо маселесине көңүл бурду.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Административдик ресурстан 2005-жылы эмне болдук? Алыс барбайлы өткөн жылды президент да эске салып кетти. Бийликтин өзүн алып түшкөн окуяга күбө болдук. Шайлоодон карьераңар бар болот же жок болот. Аралаша турган болсоңор экинчи аткаруу бийлигинде иштебейсиңер. Ушуну эстеп коюуңуздар. Бир да аким, айыл өкмөт, губернатор, мэрлер шайлоого аралашпагыла деп суранам. Мугалим, дарыгерлер боюнча да президенттин салам дубайын айта барасыңар деп ойлойм. Кайсы аймакта "шайлоо эрежеси бузулду, жетекчилер аралашты" деген сөздү уксам дароо силердин башыңар, жумушуңар кетерин эскертип коёюн".

Жаңы эреже , эски талапкерлер

Шайлоого катышуу үчүн БШКга 21 партия - "Улуттар Биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстан жашылдар партиясы", "Бирдиктүү Кыргызстан", "Ата Мекен", "Ыйман Нуру", "Эл үмүтү", "Азаттык", "Ынтымак", "Күчтүү регион", "Бүтүн Кыргызстан", "Аруузат – Эл Куту", "Ата-Журт Кыргызстан", "Мекенчил Эл", "Ордо", "Багыт", "Жашасын Кыргызстан", "Улуу Журт", "Легалайз" жана "Социал-демократтар" партияларынын документтерин тапшырды. Алардын ичинен "Жашасын Кыргызстан" партиясынын документи толук эмес.

21 партия 1046 кишинин талапкерлигин жылдырды. Алардын ичинен 669 эркек, 377си аял. Бир мандаттуу округдардан шайлоого катышуу үчүн 381 адам арыз берген. Алардын ичинен 335 документтерин толук тапшырды. 21-октябрга карата 100дөн ашык адам талапкер болуп расмий катталды.

Шайлоого "Социал-демократтар" партиясы менен бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Азаттык" радиосунун "Эксперттер талдайт" программасында шайлоодогу тобокелдиктер тууралуу буларды айтты.

"Таптаза шайлоо болот деген сөз мен үчүн "Зима не будет" дегендей эле сөз. Таза шайлоо болбойт. Адам укугун алты саат айткан Америкада да шайлоо таза өткөн жок. Батышты айтпай эле коёюн. Анан Кыргызстанда таза шайлоо болот деген жөн эле жомок. Бирок Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык коомчулуктун алдында экзамен болот. Бизде бийлик жаңы, бизде кодекс жаңы, Конституция жаңы, эреже жаңы. Бардыгы жаңы. Бирок талапкерлер эски. Кечээ эле шайлоонун ашмалтайын чыгаргандар бүгүн башка партиялар менен келе жатат. Мен ушуларга ишенбейм".

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо - былтыр Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген чырлуу саясий окуядан кийин кайра өтүп жаткан парламенттик шайлоо. Бир жыл ичинде өлкөдө Конституция өзгөртүлүп, парламент депутаттарынын саны кыскарып, ыйгарым укуктары да азайды. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG