Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Шайлоо: депутаттыкка саналуу гана аялдар аттанды


Кыргызстандагы шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округунан арыз бергендердин саны 381 болду. Алардын 27си гана аял, башкача айтканда аял талапкердин саны 10 пайызга жетпейт. Парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан эмне үчүн аялдардын талапкерлиги аз коюлуп жатат?

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыз кабыл алууну 13-октябрда токтотту. Жалпысынан 381 киши арыз тапшырса, анын 31и гана аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 8% түзөт.

Аял талапкерлердин арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, жарандык активист Атыр Абдрахматова да бар. Ал Жети-Өгүз шайлоо округунан сегиз киши талапкерлигин коюп жатканын, алардын экөө аял киши экенин айтты.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

"Эл арасында "эркектер гана жакшы жетекчи боло алат" деген стереотиптер бар, мен ошол нерселерди жеңиш үчүн шайлоого барганы атам. Бир мандаттуу округдардан көп мырзалар мага байланышып “Сен партиялардын бири менен эле шайлоого барсаң болмок, сени жалпы Кыргызстан тааныйт” деп айтып жатат. Ошол эле учурда “бир мандаттуу округдан коюп алдың, сени эл колдобой коет” дегендер да бар. Бул эми стереотип, бир мандаттуу округдан аялдар келишин тилек кылам. Албетте аялдар үчүн саясатта көп тоскоолдуктар бар, эркектер менен теңтайлашуу оордук кылат".

Сузак айылдык кеңешинин депутаты, 40 жаштагы Юлия Лилиенталь да бир мандаттуу округдан талапкерлигин коюп жатат. Юлия өз кадамын мындайча түшүндүрдү:

"Апрель айында өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоодо мен 639 добуш алдым, бул эркек талапкерлердин арасынан дагы эң көп добуш болду. Демек бул - биз таза шайлоо өткөрө алабыз жана аял киши дагы ийгилик жарата алат дегенден кабар берет. Азыр мен койгон округдан эле 15 эркек арыз бериптир, алардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы депутаты да бар, мен жалгыз аял кишимин. Негизи лидер аялдар бизде аз эмес, бирок аларга көпчүлүк учурда стереотиптер тоскоолдук кылат. Айрым учурларда ошол эле жакындары канатын кайрып, “үйдө эле отура бер” дегендиктен аялдар суурулуп чыгып, өзүн көрсөтүүгө аракет кылбайт. Менин байкоомдо, эркек депутаттардын арасында билими аз, көп маселени өтөөсүнө жетип түшүнгөнбөгөндөрү да бар, алар деле коомду өзгөртөм деп жүрбөйбү. Анан эмнеге билимдүү аял депутат боло албасын?".

Юлия Лилиенталдын айтымында, БШК учурда анын жана төрт эркекти талапкер катары каттаган.

Аял талапкерлер Ысык-Көлдө көп

Баткендеги үч округдан 40 адам койсо, анын төртөө аял, Оштогу тогуз округдан 71 кишинин үчөө аял, Жалал-Абадда жети округдан 63 адам аттанса, үчөө аял, Таласта эки округдан 17 киши, бирок бир да аял жок. Ал эми Чүйдө алты округдан 73 талапкердин үчөө аял, Бишкек шаарында төрт округдан 38 адам талапкерлигин койсо, анын төртөө гана аял, Нарында эки округдан 31 адамдын төртөө аял экени белгилүү болду. Ал эми Ысык-Көлдө үч округдан 48 киши койгон. БШКнын маалыматы боюнча шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин арасында Ысык-Көл облусунда 10 аял бар.

Алардын бири Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева. Ал аялдардын аз чыгып жатканын үч негизги себепке бөлүп түшүндүрдү.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат
Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат

"Биринчиден, финансылык жагы, аялдардын арасында капчыктуу, каражаты көп аялдар аз. Экинчиден, менталитет, “аял үйдө отурсун” деген нерсе калыптанып калган. Акыркысы, бизде урууларга бөлүнүү күч, эркектерди колдогондор басымдуу. Бирок парламентте сөзсүз аял киши болушу керек, антпесе жаш балдарга, кыз-келиндерге тиешелүү бир топ маселелер артта калып калышы толук ыктымал. Албетте, партиялардан келиши мүмкүн, бирок депутат аялдар аз болот, беш-алты аял киши бир мандаттуу округдан депутат болуп келсе анда жакшы, бирок дээрлик жок болушу да мүмкүн".

Журналист Айжан Омолдошова №32 Кочкор округунан арыз тапшырды. Ал бир мандаттуу округдардан талапкер болгон аялдарга квота каралбай калганын белгиледи.

"Партиялык тизме менен бара жаткан аялдардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Бир мандаттуу округдардан арыз тапшырган аялдар үчүн эч кандай квотанын каралбай калганы биз үчүн жеңил эмес. Эркектер менен бирдей күрөшүп, чоң тобокелге барып жатат. Ошондуктан аялдар аз болуп атабыз деп ойлойм. Мыйзамда бир мандаттуу округдан эркек талапкер мынча добуш, аял талапкер мынча добуш алышы керек деген норма болсо болмок".

Шайлоонун эрежесине ылайык, партиялык тизме менен, башкача айтканда пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.

БШКга 73 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Партиялык тизмеде аялдар квотасы сакталган. Бирок канткен күндө да талдоочулар бул жолу парламентте аял депутаттардын саны мурдагыдан да аз болот деп божомолдоп жатышат.

Публицист Мүсүркул Кабылбеков бул шайлоодо бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгон аялдар үчүн жеңишке жетүү оңойго турбайт деген пикирде.

"Биздин парламенттин түптөлүшүн эске салсак, легендарлуу парламенттен сырткары башка чакырылыштарда аял депутаттар жокко эсе болду. Бул жолу дагы бир мандаттуу округдардан шайлоого баруу аялдар үчүн оңойго турбайт. Себеби, биринчи кезекте талапкерлердин финансылык абалы турат, аялдардын арасында чоң бизнеске ээ болгондор жокко эсе. Андан сырткары элибиздин менталитети бар, көбү "эркек башкарышы керек", "эркек алдыда болушу керек" деп турат. Мындай түшүнүк менен аялдарга шайлоого баруу өтө кыйын, алар бул жолу өтпөй да калышы мүмкүн. Ага караганда партия менен шайлоого барган аялдардын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Жалпылап айтканда, биздин парламентте депутат аялдардын болуусу тажрыйбада жакшы жыйынтык берди. Алар эркектерге караганда камдуу келет жана көз жаздымда калып кеткен маселелерди козгой алат".

Кыргыз парламентинде 2005-жылдагы шайлоодо бир да аял депутат болуп шайланып келген эмес. Жогорку Кеңештин VI чакырылышында парламентке 16 аял депутат келген.

Ал эми эл арасында аял талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир мындай:

  • Парламентке аял келеби же эркек киши келеби айырмасы жок. Экөөнүн тең мүмкүнчүлүктөрү бирдей, болгону иштейм деп турса жыйынтык болот.
  • Эркек деген эркек да, канткен күндө дагы колунан көп нерсе келет.
  • Аялдар майдачыл келет, алар чоң маселеге ойлонуп жеткиче эркек киши шарт чечип коет да.
  • Кыргыздын тарыхында деле бар да, ошол эле Курманжан Датканы алсак, ал кандай күчтүү, көрөгөч аял болгон! Демек биз эч убакта аялды эркектен төмөн кое албайбыз. Кыздарыбыз да ошол эле эркек жараткан ийгиликти жарата алат. Болгону колдоп, ишенип турганыбыз керек.
  • Шайлоого өз алдынча барганда аял кыйналып калат го дейм. Шайлоодо чоң акча ролду ойнойт, мисалы демөөрчүлөр болсо эркектерди көбүрөөк колдойт, аялдарга өтүп кетет деп ишеним арткандар азыраак.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга чейин кабыл алынды. Ал эми катталуу үчүн документтерди 18-октябрга чейин тапшыруу керек. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Аялдардын квотасы боюнча мыйзамдын автору Айнуру Алтыбаева бир мандаттуу шайлоого мындай баа берди:

"Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын үстүндө иштеп атканда 90 мандат партиялык тизме менен болушу керек деп сунуштаганбыз. Себеби бир мандаттуу округдардан шайлоо болуп, бир дагы аял депутат келген жок. Бул капчыктуу жигиттердин системасы экен".

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова туура тандоо жасоо ар бир жарандын өз чечими болушу керек деп эсептейт.

"Эгер бир мандаттуу округдардан аялдар өтпөй калса, “эркек кишинин гана колунан келет” деген стереотиптик көз караш бекемделип калат. Башка мамлекеттер алдында дагы биздин өлкөнүн демократиялык абалы тууралуу жакшы ойлорго балта чабылат. Азыркы учурда биздин мамлекет эл аралык коомчулуктан колдоо күтүп турат. Ал эми алардын колдоосун алыш үчүн укуктук, демократиялык саясат жүргүзүлүшү керек. Биздин шайлоочулар эгер чындап өлкөнүн маселесин түшүнүп, билимдүү, ишин билген, анализ жүргүзө алган жаштар келсин десе анда туура тандоо кылат. Азыр чечим элдин өзүндө".

2020-жылдан тарта парламентте эгер депутат аял башка кызматка кетсе, анын бошогон ордуна кийинки тизмедегилердин арасынан аял талапкерди алып келүүгө милдеттендирген мыйзам иштей баштаган. Кыргызстанда ушул тапта шайлоочулардын саны 3,6 миллиондон ашат. Аялдар шайлоочулардын жарымынан көбүн, түзөт. Аялдардын укугун коргоо уюмдары аялдардын мажоритардык тутум боюнча шайлануу мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенине, 90 мандаттын 16сы гана аялдарга тиерине кооптонуусун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG