Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Шайлоо-2021: Аял талапкерлер үгүт жүргүзүүнү үйрөнүшөт


Иллюстрациялык архивдик сүрөт.
Иллюстрациялык архивдик сүрөт.

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген аял талапкерлер үчүн окуу уюштурулат. Бул тууралуу 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өз алдынча же партия менен катыша турган аялдар үчүн «Аялдардын саясий лидерлиги: шайлоо өнөктүгүнө даярдык» тренинги Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар жана Өнүктүрүү программаларынын жардамы менен уюштурулууда.

Талапкер аялдар шайлоо мыйзамдарынын жаңы эрежелери жана талаптары тууралуу маалымат алышат, шайлоочулар арасында үгүт иштерин туура жүргүзүүнү жана ошондой эле үгүт өнөктүгүн пландоону, башкарууну үйрөнүшөт.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Аялдардын укугун коргоо уюмдары аялдардын мажоритардык тутум боюнча шайлануу мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенине, 90 мандаттын 16сы гана аялдарга тиерине кооптонуусун билдиришкен.

Бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендер арасынан аялдар эң көбү Ысык-Көл облусунда. Ал эми Талас облусунан бир да аял өз талапкерлигин көрсөткөн жок. Катталуу үчүн арыз менен кайрылгандар 381 адам болду, алардын 31и аял, 350сү эркек.

Бирдиктүү округ боюнча партиялар тизмеси толук такталып бүтө элек. (RK)

XS
SM
MD
LG